Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-сентябры № 446
"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы № 43, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 222, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 464, 2025-жылдын 29-июлундагы № 454 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Ишеним эн тамгаларын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын тизмеси жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгү, 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 658 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015 -жылдын 2-мартындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 839 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
3-тиркеме |
Текшерүүгө тийиш өлчөө каражаттарынын тизмеси жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгү
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 464, 2025-жылдын 29-июлундагы № 454 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Өлчөө каражаттарынын аталышы | Текшерүүнүн мезгилдүүлүгү | Эскертүү |
1. Заттардын келишин, чыгышын, деңгээлин, көлөмүн өлчөө | |||
1 | Сүт, вино жана вино материалдары үчүн автоцистерналар | Жылына 1 жолу |
|
2 | Нефть продукттары үчүн автоцистерналар | Жылына 1 жолу |
|
3 | Отун жана май таркатуучу колонкалар | Жарым жылда 1 жолу |
|
4 | Нефть, нефть продукттары үчүн эсептегичтер | Жылына бир жолу |
|
5 | Нефть продукттары үчүн резервуарлар | 5 жылда 1 жолу |
|
6 | Суюлтулган газды таркатуучу колонкалар | Жарым жылда 1 жолу |
|
7 | Суюктуктун жана газдын чыгымдарын текшерүүчү орнотмолор | Жылына 1 жолу |
|
8 | Ротаметрлер | Жылына 1 жолу |
|
9 | Дозаторлор: |
|
|
пипеткалуу; | Жылына 1 жолу |
| |
поршендүү | Жылына 1 жолу |
| |
10 | Сүт өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
11 | Суусундуктарды берүү үчүн чендер (айнек) | Өндүрүштөн чыкканда |
|
12 | Суюк тамак-аш продукттарынын дозаторлору, анын ичинде соода автоматтары | Жарым жылда 1 жолу |
|
13 | Спиртти жана башка өнөр жай суюктуктарын жана тамак-аш продукттарын эсептегичтер | Жылына 1 жолу |
|
14 | Аспираторлор | Жылына 1 жолу |
|
15 | Деңгээлдин сигнализаторлору (автоматтык) | Жылына 1 жолу |
|
16 | Суюктукту берүү үчүн чендер (металлдан) | Жылына 1 жолу |
|
17 | Сыйымдуулук чендери (айнектен) | Өндүрүштөн чыкканда |
|
18 | Көчмө чендер | Жылына 1 жолу |
|
19 | 1 жана 2-класстагы техникалык чендер (стационардык) жана технологиялык резервуарлар | 2 жылда 1 жолу |
|
20 | Өнөр жай суу эсептегичтери: |
|
|
- шарттуу өткөрүү диаметри 15÷20 мм; | 5 жылда 1 жолу |
| |
- шарттуу өткөрүү диаметри 20 мм жогору | жылына 1 жолу |
| |
21 | Шарттуу өткөрүү диаметри 15÷20 мм болгон тиричиликтик суу эсептегичтери (ысык жана муздак суу үчүн) | 5 жылда 1 жолу |
|
22 | Өнөр жай жылуулук эсептегичтери: |
|
|
- шарттуу өткөрүү диаметри 15÷20 мм; | 4 жылда 1 жолу |
| |
- шарттуу өткөрүү диаметри 20 мм жогору | Жылына 1 жолу |
| |
23 | Тиричиликтик жылуулук эсептегичтери | 4 жылда 1 жолу |
|
24 | Өнөр жай газ эсептегичтери: |
|
|
- Turbo Flow UFG ультра үндүү; | 4 жылда 1 жолу |
| |
- мембраналык, турбиналык жана башкалар | Жылына 1 жолу |
| |
25 | Тиричиликтик газ эсептегичтери | 12 жылда 1 жолу |
|
26 | Жука капталдуу суу агызгычтар: |
|
|
- тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суу каптабай агат, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат; | 5 жылда 1 жолу |
| |
- тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суу каптабай агат, бирок төмөнкү бьефтеги каналдын иштөө шарттарына жараша (ылай басып кетет, чөп басып кетет) кийин аларды суу капташы мүмкүн, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат | 3 жылда 1 жолу |
| |
27 | Тосмосу бар суу агызгычтар, анда тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши аз же 0,75ке барабар, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат | 4 жылда 1 жолу |
|
28 | Чыгым өлчөгүч ноолор, аларда тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат | 3 жылда 1 жолу |
|
29 | Атайын азайтуучу түзүлүштөрү бар чыгым эсептегичтер жогорку бьефте суунун агымынын режими жай, кошумча салынган жана жалгаштырылган өткөргүчтөр аркылуу суу ташып агат, курулманын айланасында ири фракциялардын агындылары чогулбайт | 3 жылда 1 жолу |
|
30 | "Белгиленген нук" тибиндеги чыгым өлчөгүчтөр: |
|
|
- каналдагы суунун агымынын режими тегиз, курулманын айланасында агындылар чогулбайт, төмөнкү бьефте тирөөч жок, суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат; | 5 жылда 1 жолу |
| |
- каналдагы суунун агымынын режими тегиз, курулманын айланасында агындылар чогулбайт, төмөнкү бьефте тирөөч жок, бирок сууну чыгарган каналдын иштөө шарттарына жараша (ылай басып кетет, чөп басып кетет) суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат | 3 жылда 1 жолу |
| |
31 | Кол, чөйчөк анемометрлер (бардык типтеги) | Жылына 1 жолу |
|
32 | Индукциялык анемометрлер (бардык типте) | Жылына 1 жолу |
|
33 | Канатчалуу анемометрлер (бардык типте) | Жылына 1 жолу |
|
34 | Камералуу, камерасыз диафрагмалар | Жылына 1 жолу |
|
35 | Суу агымынын ылдамдыгын өлчөгүчтөр | 2 жылда 1 жолу |
|
36 | Суу агымынын ылдамдыгын өлчөгүчтү текшерүүчү орнотмолор | 2 жылда 1 жолу |
|
37 | РУГ тибиндеги деңгээл өлчөгүч гидромелиорациялык рейкалар | 2 жылда 1 жолу |
|
38 | Электрондук корректорлор - газ эсептегичтер | Жылына 1 жолу |
|
2. Механикалык чоңдуктарды өлчөөлөр | |||
39 | Клейковинанын деформациясын өлчөгүч | Жылына 1 жолу |
|
40 | Маятниктүу копёрлор | Жылына 1 жолу |
|
41 | Салмак өлчөгүч приборлор, түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
42 | Гирялар: |
|
|
E1, Е2 класстар; | 2 жылда 1 жолу |
| |
F, М класстар | Жылына 1 жолу |
| |
43 | Бардык типтеги динамометрлер | Жылына 1 жолу |
|
44 | Динамометрдик ачкычтар | Жылына 1 жолу |
|
45 | Сыноочу машиналар | Жылына 1 жолу |
|
46 | Гидравликалык пресстер | Жылына 1 жолу |
|
47 | Бардык типтеги катуулукту өлчөгүч приборлор | Жылына 1 жолу |
|
48 | Пуркалар | Жылына 1 жолу |
|
49 | Секунда өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
50 | Саат, механикалык, электрдик, санариптик тахометрлер (бардык типте) | Жылына 1 жолу |
|
51 | Бардык типтеги спидометрлер жана тахографтар | 2 жылда 1 жолу |
|
52 | Шахталык көтөргүчтөрдүн жана локомотивдердин ылдамдыгын өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
53 | КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 454 токтомуна ылайык күчүн жоготту |
|
|
54 | Бурчтук жылдыруулардын датчиктери | Жылына 1 жолу |
|
55 | Бетондун бекемдигин өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
56 | Айлануу моментин өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
3. Геометриялык чоңдуктарды өлчөөлөр | |||
57 | Метроштоктор | Жылына 1 жолу |
|
58 | Лоттору бар рулеткалар | Жылына 1 жолу |
|
59 | Узундуктун штрихтүү, анын ичинде тилкелүү чендери | Жылына 1 жолу |
|
60 | КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 454 токтомуна ылайык күчүн жоготту |
|
|
61 | Деңгээл өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
62 | КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 454 токтомуна ылайык күчүн жоготту |
|
|
63 | КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 454 токтомуна ылайык күчүн жоготту |
|
|
64 | КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 454 токтомуна ылайык күчүн жоготту |
|
|
65 | Контролдук электер | Жылына 1 жолу |
|
66 | Контролдук жол шаблондор | Жылына 1 жолу |
|
67 | Теодолиттер | Жылына 1 жолу |
|
68 | Геодезиялык спутник аппараттары | Жылына 1 жолу |
|
69 | Узундукту өлчөөчү каражаттары (аяккы чендер, рычагдык-механикалык приборлор, контролдук-өлчөөчү приборлор, оптикалык-механикалык приборлор ж.б.) | Жылына 1 жолу |
|
70 | Жалпак бурчтуктарды өлчөө каражаттары | Жылына 1 жолу |
|
71 | Түздүктөн жана тегиздиктен четтөөлөрдү өлчөө үчүн каражаттар | Жылына 1 жолу |
|
72 | Беттин бодуракайлыгын өлчөө каражаттары | Жылына 1 жолу |
|
73 | Курулушта пайдаланылуучу өлчөө инструменттери | Жылына 1 жолу |
|
74 | Геодезиялык өлчөө каражаттары | Жылына 1 жолу |
|
75 | Прогибомерлер | Жылына 1 жолу |
|
76 | Медициналык бой өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
4. Басымды, вакуумду өлчөөлөр | |||
77 | Суюктуктар, буу жана газ үчүн чыгым өлчөгүчтөр жана дифманометрлер (анын ичинде экинчи жолку приборлор) | Жылына 1 жолу |
|
78 | Шахтадагы компрессометрлер жана оордук өлчөгүчтөр | 2 жылда 1 жолу |
|
79 | Көрсөтүүчү, өзү жазуучу жана аралык манометрлер (бардык типтери) | Жылына 1 жолу |
|
80 | Сфигмоманометрлер, тонометрлер | Жылына 1 жолу |
|
81 | КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 454 токтомуна ылайык күчүн жоготту |
|
|
82 | Микроманометрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
83 | Жантык түтүктүү микроманометрлер | Жылына 1 жолу |
|
84 | Деформациялык манометрлер, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер | Жылына 1 жолу |
|
85 | Суюктук манометрлер, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
86 | Төмөнкү абсолюттук басымдардын манометрлери | Жылына 1 жолу |
|
87 | "Сапфир", "Метран", ИПДЦ тибиндеги басым өзгөрткүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
88 | Дифманометрлерди - чыгым өлчөгүчтөрдү текшерүү үчүн көчмө приборлор | Жылына 1 жолу |
|
89 | Барометр-анероид | Жылына 1 жолу |
|
90 | Ашыкча басым датчиктери | Паспорттогу маалыматтарга ылайык |
|
91 | Барометрлер | Жылына 1 жолу |
|
5. Заттардын физикалык-химиялык курамын жана касиеттерин өлчөө | |||
92 | Нефть продукттарынын күйүү температурасын аныктоо үчүн приборлор | 2 жылда 1 жолу |
|
93 | Бардык типтеги рН-метрлердин комплекттери | Жылына 1 жолу |
|
94 | КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 454 токтомуна ылайык күчүн жоготту |
|
|
95 | Тыгыздык өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
96 | Май өлчөгүчтөр | Өндүрүштөн чыкканда |
|
97 | Вольтамперометрдик полярографтар жана анализаторлор | Жылына 1 жолу |
|
98 | Кондуктометрлер | Жылына 1 жолу |
|
99 | ГАИ, Инфралит, ГИАМ жана ушул сыяктуу типтеги автомобилдер иштеп чыккан газдын анализаторлору | Жарым жылда 1 жолу |
|
100 | Газдалуунун тиричиликтик сигнализаторлору | Жылына 1 жолу |
|
101 | АН-7529, ГОУ типтериндеги лабораториялык анализаторлор | Жылына 1 жолу |
|
102 | Уулуу, күйүүчү, жарылуу кооптуулугу бар газдардын жана буулардын, дем менен чыккан абадагы этанол бууларынын концентрациясынын сигнализаторлору жана газ анализаторлору | Жарым жылда 1 жолу |
|
103 | УГ-2 тибиндеги газ анализаторлоруна сынам алуучу түзүлүштөр | 2 жылда 1 жолу |
|
104 | КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 454 токтомуна ылайык күчүн жоготту |
|
|
105 | Түтүн өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
106 | Абадагы чаңдын бөлүкчөлөрүнүн концентрациясын өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
107 | Электр химиялык сенсор менен уулуу газдын сигнализаторлору жана газ анализаторлору | 3 айда 1 жолу |
|
108 | Хроматографтар | Жылына 1 жолу |
|
109 | Бардык типтеги буюмдардын жана материалдардын нымдуулугун өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
110 | Бардык типтеги ион өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
111 | Бардык типтеги ареометрлер | Жылына 1 жолу |
|
112 | Шарттуу илээшкектин вискозиметрлери | Жылына 1 жолу |
|
113 | Капиллярдык вискозиметрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
114 | Заттардын жана материалдардын курамынын жана касиеттеринин физикалык-химиялык көрсөткүчтөрүн аныктоонун анализаторлору | Жылына 1 жолу |
|
115 | Биохимиялык анализаторлор | Жылына 1 жолу | Оптикалык өлчөө системасын пайдаланбастан толук автоматташтырылган анализаторлордон тышкары (өлчөө функциялары менен техникалык түзүлүштөр) |
116 | Коагулометрлер | Жылына 1 жолу |
|
117 | Иммуноферменттик анализаторлор | Жылына 1 жолу | Оптикалык өлчөө системасын пайдаланбастан толук автоматташтырылган анализаторлордон тышкары (өлчөө функциялары менен техникалык түзүлүштөр) |
118 | Гематологиялык анализаторлор | Жылына 1 жолу |
|
119 | Медициналык багыттагы глюкометрлер | Жылына 1 жолу |
|
120 | Кондуктометрдик анализаторлор | Жылына 1 жолу |
|
6. Жылуулук-физикалык жана температуралык өлчөөлөр | |||
121 | Температуралык лампалар | Жылына 1 жолу |
|
122 | Термоэлектрдик температураны өзгөрткүчтөр, термобуулар, каршылык термометрлери | Жылына 1 жолу |
|
123 | Газ калориметрлери | Жарым жылда 1 жолу |
|
124 | Суюк жана катуу отун үчүн күйгүзүү калориметрлери (В-08М, В-08МА типтериндеги) | Жылына 1жолу |
|
125 | Медициналык термометрлер жана тепловизорлор: |
|
|
- электрондук, контактсыз; | Жылына 1 жолу; |
| |
- сымаптык | өндүрүштөн чыкканда |
| |
126 | Метастатикалыктан тышкары лабораториялык айнек термометрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
127 | Метастатикалык термометрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
128 | Айнек суюктук термометрлери | 2 жылда 1 жолу |
|
129 | Бардык типтеги термометрлер (суюктуктан тышкары), термоэлектрдик өзгөрткүчтөр, анын ичинде экинчи жолку приборлор | Жылына 1 жолу |
|
130 | УВПТ, УТТ жана окшош орнотмолор | Жылына 1 жолу |
|
131 | Оптикалык пирометрлер | Жылына 1 жолу |
|
132 | Радиациялык пирометрлер | Жылына 1 жолу |
|
133 | Психрометрлер | Жылына 1 жолу |
|
134 | Психрометрикалык гигрометр (ВИТ-1, ВИТ-2 типтериндеги) | 2 жылда 1 жолу |
|
7. Туруктуу жана өзгөрүлмө токтогу электрдик жана магниттик чоңдуктарды өлчөөлөр | |||
135 | Үч фазалуу индукциялык жана электрондук электр энергиясын эсептегичтери | 4 жылда 1 жолу |
|
136 | Бир фазалуу индукциялык жана электрондук электр энергиясын эсептегичтери | 8 жылда 1 жолу |
|
137 | Микропроцессордук программаланган электр энергиясын эсептегичтери | 8 жылда 1 жолу |
|
138 | Токтун жана чыңалуунун трансформаторлору: |
|
|
- 1000 В чейин | 4 жылда 1 жолу |
| |
- 1000 В жогору | Оңдоодон кийин жана өндүрүштөн чыкканда |
| |
139 | Обочолотуунун электрдик бекемдигин сыноо, обочолотуунун жана жерге туташтыруунун каршылыгын өлчөө үчүн приборлор | Жылына 1 жолу |
|
140 | Туруктуу жана өзгөрүлмө талаанын магниттик индукциясын өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
141 | Электрдин өтүмдүүлүктү жана жоготуу бурчунун тангенсин ченөөлөр жана өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
142 | КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 454 токтомуна ылайык күчүн жоготту |
|
|
143 | Туруктуу, өзгөрүлмө жана туруктуу-өзгөрүлмө токтун эталондук вольтметрлери | Жылына 1 жолу |
|
144 | Эталондук амперметрлер | Жылына 1 жолу |
|
145 | Туруктуу, өзгөрүлмө жана туруктуу-өзгөрүлмө токтун эталондук амперметрлери | Жылына 1 жолу |
|
146 | Туруктуу, өзгөрүлмө жана туруктуу-өзгөрүлмө токтун эталондук ваттметрлери | Жылына 1 жолу |
|
147 | Туруктуу, өзгөрүлмө жана туруктуу-өзгөрүлмө токтун эталондук киловольтметрлери | Жылына 1 жолу |
|
148 | Фазометрлер | Жылына 1 жолу |
|
149 | Каршылык магазиндери | Жылына 1 жолу |
|
150 | Сыйымдуулуктун чендери жана магазиндери | Жылына 1 жолу |
|
151 | Токтун жана чыңалуунун эталондук өлчөө трансформаторлору | 8 жылда 1 жолу |
|
152 | Электр энергиясын эталондук эсептегичтер | 2 жылда 1 жолу |
|
8. Радиотехникалык жана радиоэлектрондук өлчөөлөр | |||
153 | Электр талаасынын чыңалуусун өлчөө үчүн приборлор | Жылына 1 жолу |
|
154 | Энергиянын агымынын тыгыздыгын өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
155 | Кубаттуулукту өлчөгүчтөр жана өлчөгүч бөрктөр | Жылына 1 жолу |
|
156 | Бошоңдоп кетүүнү өлчөгүч орнотмолор | Жылына 1 жолу |
|
157 | Аттенюаторлор | Жылына 1 жолу |
|
158 | Вольтметрлер | Жылына 1 жолу |
|
159 | Модуляцияны өлчөгүчтөр (амплитудалык жана жыштыктык) | Жылына 1 жолу |
|
160 | Импульстук генераторлорду текшерүүчү орнотмолор | Жылына 1 жолу |
|
161 | Тоскоолдуктарды өлчөгүчтөрдү текшерүү үчүн орнотмолор | Жылына 1 жолу |
|
162 | Талаа чыңалуусунун өлчөгүчтөрүн текшерүүчү орнотмолор | Жылына 1 жолу |
|
163 | Өлчөө линияларын текшерүү жана токтоп турган толкундарды өлчөө үчүн башка приборлорду текшерүүчү чендер жана приборлор | Жылына 1 жолу |
|
164 | Бышыктыктын чендери жана өлчөгүчтөрү | Жылына 1 жолу |
|
165 | Вольтметрлерди, үндүү, жогорку жана эң жогорку жыштыктагы генераторлорду жана башка жогорку жыштыктагы өлчөгүч приборлорду текшерүүчү приборлор жана орнотмолор | Жылына 1 жолу |
|
166 | Электростатикалык талаалардын деңгээлдерин өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
167 | ВИЗИР жана ушуга окшогон типтеги транспорт каражаттарынын ылдамдыгын видеого тартуу менен өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
168 | Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды автоматтык фото- жана видеобайкоо системалары | Жылына 1 жолу |
|
9. Убакытты жана жыштыкты өлчөөлөр | |||
169 | Ч1-50, Ч1-69, СЧВ-74 тибиндеги жана ушул сыяктуу жыштык чендери | Жылына 1 жолу |
|
170 | Ч4-13 тибиндеги жана ушул сыяктуу типтеги убакыт жана жыштыктын эталондук сигналдарын кабыл алгычтар | Жылына 1 жолу |
|
171 | Ч3-64, Ч3-65, Ч3-66, Ч3-70 тибиндеги жана ушул сыяктуу жыштыкты өзгөрткүчтөр, жыштыктын синтезаторлору, жыштыкты бөлгүчтөр жана көбөйткүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
172 | Механикалык жана электрдик секунда өлчөгүчтөрдү, хронометрлерди, хроноскопторду жана убакыт аралыктарын өлчөгүч каражаттарды текшерүү үчүн приборлор жана орнотмолор | Жылына 1 жолу |
|
173 | АУПМЧ, АКПЧ-1 типтеги жана башка жыштык өлчөөчү орнотмолор | Жылына 1 жолу |
|
174 | Туташтыруу узактыгын өлчөө системасы | Жылына 1 жолу |
|
175 | Маалыматтарды берүүнү өлчөө системасы | Жылына 1 жолу |
|
10. Оптикалык жана оптикалык-физикалык өлчөөлөр | |||
176 | Диоптриметрлер | Жылына 1 жолу |
|
177 | Поляриметрлер | Жылына 1 жолу |
|
178 | Рефрактометрлер | Жылына 1 жолу |
|
179 | Фотоэлектроколориметрлер | Жылына 1 жолу |
|
180 | Айнектин жарык өткөрүүсүн өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
181 | Спектрофотометрлер, жалындуу фотометрлер | Жылына 1 жолу |
|
182 | Газ жана суюктук үчүн лабораториялык интерферометрлер | Жарым жылда 1 жолу |
|
183 | Көз айнектердин сынамдык топтому | Өндүрүштөн чыкканда |
|
184 | Люксметрлер | Жылына 1 жолу |
|
185 | Сахариметрлер | Жылына 1 жолу |
|
186 | Нефелометрлер | Жылына 1 жолу |
|
11. Виброакустикалык өлчөөлөр | |||
187 | Үн өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
188 | Өлчөгүч микрофондор | Жылына 1 жолу |
|
189 | Октавалуу, үч октавалуу, ичке тилкелүү электр чыпкалары | Жылына 1 жолу |
|
190 | Акустикалык калибраторлор | Жылына 1 жолу |
|
191 | Виброметрлер жана виброөлчөгүч өзгөрткүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
12. Иондоштуруучу нурлануунун жана ядролук константтардын мүнөздөмөлөрүн өлчөөлөр | |||
192 | Иондоштуруучу нурлануулардын дозиметрлери | Жылына 1 жолу |
|
193 | Жеке дозиметрлер | Жылына 1 жолу |
|
194 | Иондоштуруучу нурланууларды өлчөгүч универсалдык приборлор | Жылына 1 жолу |
|
195 | Ренттенометрлер | Жылына 1 жолу |
|
196 | Радиометрлер | Жылына 1 жолу |
|
197 | Лазердик дозиметрлер | Жылына 1 жолу |
|
198 | Селективдүү эмес радиометрлер | Жылына 1 жолу |
|
13. Медициналык багыттагы өлчөө каражаттары | |||
199 | Кардиографтар | Жылына 1 жолу |
|
200 | УЖЖ | Жылына 1 жолу |
|
201 | Электрофорез | Жылына 1 жолу |
|
202 | Төмөнкү жыштыктагы терапиялык аппараттар | Жылына 1 жолу |
|
14. Бузбоочу контролдоо үчүн өлчөө каражаттары | |||
203 | Калыңдыкты ультраүндүү өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
204 | Бардык типтеги дефектоскоптор | Жылына 1 жолу |
|