Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-афган өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясын түзүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Бишкек шаары, 2019-жылдын 18-апрели
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтү,
тең укуктун жана өз ара пайданын негизинде экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүү жана чыңдоону каалоо менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.
1-берене.
Тараптар мындан ары "Комиссия" деп аталуучу соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-афган өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясын түзүүнү макулдашты.
2-берене.
Комиссиянын иши тең укуктуулук принцибине негизделген жана төрагалар башкаруучу кыргыз жана афган бөлүктөрүнөн турат. Тараптар Комиссиянын тиешелүү бөлүгүнүн төрагаларын, жооптуу катчыларын жана мүчөлөрүн аныкташат.
3-берене.
Комиссиянын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасы менен Афганистан Ислам Республикасынын ортосунда эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди, ошондой эле өз ара кызыкчылыкты туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү:
- Тараптардын өз ара кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын негизги багыттары боюнча тийиштүү макулдашууларды кароо жана кабыл алуу;
- биргелешкен ишканаларды түзүүгө, түз өндүрүштүк байланыштарды жана өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыктын башка түрлөрүн түзүүгө көмөк көрсөтүү.
7-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун интерпретациялоонун же колдонуунун натыйжасында келип чыккан кандай талаш-тартыш болбосун Тараптардын ортосунда консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет.
8-берене.
Ушул Макулдашууга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн, оңдоолордун же толуктоолордун бардыгы өз ара макулдашуунун негизинде ишке ашырылат, мындай макулдашуулар жана өзгөртүүлөр өз алдынча протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашууну ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул Макулдашуунун 9-беренесинде көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.
9-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуу акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып күчүнө кирет, беш жыл бою колдонулат жана Тараптардын бири Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алты ай мурун анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө дипломаттык каналдар аркылуу кабарлабаса, автоматтык түрдө кийинки беш жылга узартылат.
Ушул Макулдашуу Бишкек шаарында 2019-жылдын 18-апрелинде 01/29 1398 SYга туура келген, эки нускада, ар бири кыргыз, дари, орус жана англис тилдеринде түзүлдү жана кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ, Макулдашууну чечмелөөдө кайчы-пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтү үчүн |