Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 505 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын КОНЦЕПЦИЯСЫ
Киришүү
Заманбап экономиканын маанилүү айырмасы болуп адам ресурстарын өнүктүрүү саналат. Илимий жана техникалык билимдердин экспоненциалдык, анын ичинде жаңы, коммуникациялык жана маалыматтык чөйрөлөрдө өсүүсү эмгек рыногундагы негиздүү өзгөрүүлөрдүн, калктын кесиптик-квалификациялык курамынын терең өзгөрүүсүнүн себеби болууда. Адам капиталын натыйжалуу өнүктүрүү улуттук атаандаштыкка жөндөмдүн негизги шарты болууда.
Компетенттүүлүктөрдүн жана кесиптик көндүмдөрдүн өнүгүү деңгээлин жогорулатуу, билим берүү системасын реформалоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу - дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын катарына кирген милдеттер. Көптөгөн өлкөлөрдү бир жагынан билим берүү системасы менен кадрларды даярдоо системасынын жана экинчи жагынан улуттук жана глобалдык эмгек рынокторунун өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу проблемасы өзгөчө бушайман кылууда.
Көп учурда бул милдеттерге жетишүүнүн маанилүү иштиктүү саясий жана экономикалык куралы катары квалификациялардын улуттук системаларын түзүү жана өнүктүрүү каралууда.
Эл аралык эмгек уюму квалификациялардын улуттук системаларын ишке киргизген, ошондой эле квалификациялардын региондук системалары түзүлгөн өлкөлөрдүн саны өсүп баратканын белгилөөдө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында дүйнөдөгү жана региондогу татаал жана тез өзгөрүүчү экономикалык кырдаал, коомдук жашоонун негизги чөйрөлөрүн жана глобалдык экономика секторун камтыган санариптик трансформация, глобалдык климаттын жана демографиянын өзгөрүүсү менен билдирилүүчү Жердин экосистемасына адамзаттын кысым көрсөтүүсүнүн өсүшү өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы моделин түзүүнү талап кылгандыгы көрсөтүлгөн. Адамдын жашоосунун сапаты жана деңгээли, укуктары жана милдеттери мамлекеттин саясатынын борборунан орун алган. 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы адамды өнүктүрүү, биздин өлкөдө жашаган ар бир адамдын дараметин ачуу, анын бакубаттыгын камсыздоо үчүн чөйрөнү түзүүгө багытталат.
Кыргыз Республикасы 2040-жылга карата өндүрүштүк, энергетикалык, финансылык, транспорттук-логистикалык, маалыматтык, социалдык экосистемаларды калыптандырууга жана жаратылыш менен гармонияда бирге жашоодон улам экономиканын жаңы моделин түзүүгө тийиш. Ошол эле учурда экономиканы диверсификациялоонун жогорку даражасы, анын эмгекти эл аралык бөлүштүрүү системасына интеграцияланышы ишке ашырылат.
Билим берүү мамлекеттин маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп калууда жана ар бир адамдын дараметин ачуучу, иш жүзүндө колдонулуучу билимдерди жана компетенттүүлүктөрдү калыптандыруучу гармониялуу инсанды тарбиялоого багытталган болууга тийиш:
1) кесипке ээ болууга багытталган билим берүү формалдуу, адамдын статусун аныктоочу болгону токтотулушу керек да, келечектеги ийгиликтүү жашоого карата жолду аныктоочу аң-сезимдүү тандоо катары каралат. Билимдер, көндүмдөр жана компетенттүүлүктөр дүйнөнүн ар кандай бурчтарында өз дараметин ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Биздин мекендештер эл аралык эмгек рыногунда жогорураак орундарды ээлей алышат;
2) эмгек рыногунун суроо-талаптарына ылайык, анын ичинде Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен интеграциялоо шарттарын кошуу аркылуу кесиптик даярдоонун сапатын жогорулатуу милдети коюлууда. Калктын кирешесинин туруктуу өсүүсү үчүн адистерди, анын ичинде биздин эмгек мигранттарыбызды сапаттуу даярдоону камсыздоо зарыл;
3) өлкөнүн алдында Улуу жибек жолунда санариптик хабка айландыруу милдети коюлгандыктан, билим берүү системасы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо базасын жана системасын калыптандыруунун шарттарын камсыздоого, санариптик экономика жаатында инновацияларды ишке киргизүү боюнча региондук борборлорду өнүктүрүүгө, колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана "алдыга чыккан" технологияларды колдонуу менен иштеп чыгууга, кыргызстандыктар өлкөнүн чегинен чыкпастан, дүйнө жүзү боюнча иштей ала тургандай жаңы "интеллектуалдык" жумуш орундарын түзүүгө көмөк көрсөтүүгө тийиш.
Көрсөтүлгөн максатты ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө мүмкүндүк берүүчү куралдарга зарылчылык жаралууда:
- алынган квалификациялардын улуттук да, ошондой эле эл аралык деңгээлдерде да билимдерге, көндүмдөргө, компетенцияларга жалпысынан иштин кесиптик чөйрөсүндөгү жана эмгек рыногундагы керектөөлөргө оптималдуу ылайык келишин камсыз кылуу;
- өзгөрүүлөрдүн жана инновациялардын үзгүлтүксүз процессинде болгон коомдогу жарандар менен ишканалар тарабынан квалификацияларга карата суроо-талапты канааттандыруу;
- билим берүү уюмдары менен эмгек рыногунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу;
- учурдагы квалификациялар системаларынын ортосундагы маалымат алмашууну ишке ашыруу, квалификациялардын ачык-айкындуулугун, макулдашылгандыгын жана квалификациялардын кичи системаларынын ортосундагы ишти улантуучулукту күчөтүү;
- билим берүү программаларынын ийкемдүүлүгүн жогорулатуу жана билим берүү траекторияларын түзүүдө окуучуларга колдоо көрсөтүү;
- өмүр бою билим алууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү (ага болгон жеткиликтүүлүктү, максаттуу инвестицияларды, формалдык эмес жана информалдык (спонтандык) окутууну таанууну кеңейтүүнүн эсебинен).
1. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясында (мындан ары - Концепция) төмөнкү түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
Дескриптор - квалификациянын ар кандай деңгээли үчүн окутуунун натыйжаларынын жалпыланган түрүндө баяндалышы. Дескрипторлор системасы инварианттык болуп саналат, башкача айтканда, квалификацияларды салыштырууга жеңил болуучу белгилүү бир билим берүү контекстине байланыштырылбаган.
Билимдер - иш же окуу жаатына байланыштуу болгон фактылардын, принциптердин, теориялардын жана практикалардын жыйындысы. Билимдер теориялык жана/же фактологиялык мааниде баяндалат жана окутуу аркылуу маалыматты өздөштүрүүнүн натыйжасы болуп саналат.
Квалификацияларды баалоо институттары - формалдуу жана формалдуу эмес билим берүүнүн алкагында өздөштүрүлгөн квалификацияларды жана эмгек процессинде окутууну (жумуш ордунда окутуу) баалоо боюнча уюмдар. Квалификацияларды баалоо боюнча уюмдар, эреже катары, төмөнкүлөргө жооп берет:
- квалификациялардын алкагына жана кесиптик стандарттарга негизделген квалификацияларды сертификациялоонун критерийлерин иштеп чыгууга жана жарыялоого;
- компетенттүүлүктөрдү баалоого жана квалификацияларды ыйгарууга;
- квалификацияларды баалоого тиешелүү маалыматты жарыялоого жана жайылтууга.
Информалдык (спонтандык) окутуу - адамдын жумушуна, үй-бүлөдөгү жашоосуна же окутууда максаттар, узактыгы жана жардам маанисинде уюштурулбаган жана түзүмдөштүрүлбөгөн бош убактысын өткөрүүгө байланышкан анын күнүмдүк жашоосунун жүрүшүндө ишке ашырылуучу окутуу жана окутууда жардам берүү; окуучунун көз карашы боюнча атайын ниет коюлбаган болушу мүмкүн.
Квалификация - индивид тарабынан белгилүү бир билим берүү программасын жана/же практикалык тажрыйбаны өздөштүрүүсүн компетенттүү орган тарабынан баалоо жана таануу процессинин натыйжасы.
Квалификациянын деңгээли - жумушчулардын компетенттүүлүктөрүнө карата квалификациялык алкактарда белгиленген жана баяндалган талаптардын жыйындысы.
Компетенция - индивиддин тастыкталган ар кандай кесиптик жана окутуу учурларында кесиптик жана/же жеке өнүгүү максатында ар кандай билимдерди, көндүмдөрдү, жеке жана социалдык жөндөмдөрдү жана/же методологиялык жөндөмдөрдү колдонууларынын ырасталган жөндөмдүүлүгү.
Көндүмдөр - милдеттерди жана проблемаларды чечүү үчүн билимдерди жана ноу-хауну колдонуу жөндөмү (логикалык, интуитивдик жана чыгармачылык ой жүгүртүүнү колдонууга байланыштуу таанып-билүү көндүмдөрү, кол менен жасалуучу операцияларды жана ыкмаларды, материалдарды, куралдарды жана приборлорду колдонуу менен практикалык көндүмдөр).
Квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык системаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыздоого багытталган жана квалификациялардын ылайык келүүсүн тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуучу критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөштүрүлгөн баяндамасы.
Квалификациялардын улуттук системасы - Квалификациялардын улуттук алкагын, квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын, кесиптик жана билим берүү стандарттарын жана аларды таануу процедураларын, билим берүүчү уюмдардын жана программалардын квалификацияларын баалоо системаларын өзүнө камтуучу билим берүү жана эмгек рыногу чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн камсыздоого мүмкүндүк берүүчү механизмдердин жыйындысы.
Формалдык эмес окутуу - окутуунун максаты жана узактык маанисинде жана окутуу учурунда жардам берүү, б.а. күнүмдүк эмгектенүү учурларында болуучу, окутуучу компонентти камтуучу, бирок билими жөнүндө документти берүү менен аяктабаган пландаштырылган иштин жүрүшүндө ишке ашырылуучу окутуу.
Тармак - бул өндүрүлүүчү продукциянын, технологиялардын жана канааттандырылуучу муктаждыктардын жалпылыгына ээ болгон ишканалардын жана өндүрүштөрдүн жыйындысы.
Квалификациялардын тармактык/сектордук алкактары - белгилүү тармактагы/сектордогу квалификациялардын мазмунун системалык жана түзүмдөштүрүлгөн деңгээлдери боюнча баяндамасы.
Кесиптик стандарт - кесиптик иштин конкреттүү түрүнүн алкагында, анын мазмунуна жана сапатына карата талаптарды аныктоочу жана ишинин түрүнө карабастан, кайсы болбосун уюмдун штатында өз ордун мыйзамдуу ээлөө үчүн ылайык келүүсү керек болгон кызматкердин квалификациясынын сапаттык деңгээлин баяндоочу негиз болуучу документ.
Окутуунун натыйжасы - окуучунун окутуунун аягында ишти биле, түшүнө жана аткара алуусунун жыйынтыгы.
Окутуунун натыйжасы айрым курстарды, билим берүү программасынын/модулунун бир бөлүгүн же бүткүл билим берүү программасын ийгиликтүү аяктагандан кийин ээ болгон жана демонстрация кылынган жеке жетишкендиктерин, билимдерин жана практикалык жөндөмдөрүн көрсөтөт. Окутуунун натыйжасы баалоо критерийлерин камтыйт, алынган даражага карата коюлуучу минималдык талаптарды чагылдырат. Окутуунун натыйжаларын милдеттерден жана максаттардан айырмалоо керек, анткени алар окутуучулардын милдеттерине караганда, окуучулардын жетишкендиктери менен көбүрөөк байланыштуу.
Сектор - мүнөзү боюнча жакын тармактардын тобун камтыган экономикалык системанын бөлүгү.
Квалификацияларды баалоо системасы - изденүүчүнүн квалификациясынын кесиптик стандарттын талаптарына ылайык келүүсүн кабыл алынган тартипте аныктоо, ал эми ал жок болгон учурда - башка квалификациялык талаптарга ылайык ишке ашырылышы.
Жөндөмдөр - бул субъект тарабынан өздөштүрүлгөн иш-аракетти аткаруу ыкмасы, ал алынган билимдин жыйындысы менен камсыздалат. Жөндөм алган билимин иште аңдап-түшүнүү менен пайдаланууга жөндөм менен көрүнөт.
Формалдык билим берүү - окутуунун максаты, узактыгы жана окуу учурунда жардам берүү маанисинде түзүмдөлгөн жана билим берүү жөнүндө документти берүү менен аяктаган билим берүү.
2. Концепциянын максаттары жана милдеттери
Концепциянын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- кызматкерлердин квалификациясына карата эмгек рыногу тарабынан суроо-талапты жана билим берүү системасы тарабынан квалификацияларды сунуштоону жогорулатуу;
- билим берүүнү жана окутууну эмгек рыногу жана жарандык коом менен байланыштыруучу квалификацияга, институттук механизмдерге, сапатты камсыздоо процесстерине, баалоо жана кесиптик көндүмдөрдү ыйгарууга, таанууга жана башка механизмдерге карата мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана операциялаштырууну камтуучу окутууну таанууну камсыздоочу улуттук системаны иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө карата мамилелерди түзүү.
Концепциянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- улуттук жана эл аралык деңгээлдерде квалификацияларды жана окутууну таануу, анын ичинде өмүр бою билим алууну илгерилетүү үчүн алкактык шарттарды аныктоо;
- баштапкы, орто, жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки билим алуу системаларын туруктуу өнүктүрүү жана билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн талаптарына адекваттуу чара көрүү үчүн шарттарга жетишүүгө багытталган негизги милдеттерди жана механизмдерди аныктоо;
- квалификациялардын улуттук системасын иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана жакшыртуу үчүн методологиялык жана уюштуруучулук базаны түзүү;
- Кыргыз Республикасындагы квалификациялардын улуттук системасынын компоненттерин иштеп чыгууда, ишке киргизүүдө жана ишке ашырууда катышуучулардын ролун аныктоо.
3. Квалификациялардын улуттук системасынын функциялары жана милдеттери, аны иштеп чыгуу принциптери
Квалификациялардын улуттук системасынын функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- коммуникациялык: улуттук жана эл аралык деңгээлдердеги рыноктордо иш жүзүндө болгон квалификациялардын баяндалышы жана түзүмдөлүшү, алардын ортосундагы өз ара байланышты бекитүү жана кызыкдар тараптар (окуучулар, иш берүүчүлөр, саясатчылар ж.б.) үчүн тандоону даана көрсөтүү;
- реформациялык: квалификациялардын улуттук системасын билим берүүнү реформалоо процессинде башкы роль берилүүчү өзгөчө саясий жана методологиялык курал катары колдонуу жана кесиптик компетенттүүлүктүн деңгээлин жогорулатууга, эмгек рыногунун натыйжалуулугун оптималдаштырууга жана экономикалык өсүүгө алып келүүчү ыкмалар аркылуу билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен камтууну кеңейтүү.
Квалификациялардын улуттук системасынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- квалификацияларды улуттук экономиканын керектөөлөрүнө жана экономикалык, социалдык жана эмгек саясатын улуттук жана региондук/эл аралык деңгээлдерде координациялоого карата ыңгайлаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- макулдашылган деңгээлдердин иерархиясынын чегинде көндүмдөрдү, билимдерди жана компетенцияларды иштеп чыгуу, классификациялоо жана таануу, окутуунун натыйжасында, башкача айтканда, формалдык, формалдык эмес же информалдык окутуунун алкагында алынган билимдердин, көндүмдөрдүн, компетенциялардын так аныкталган топтомунун негизинде аныкталуучу мурдатан бар жана жаңы квалификацияларды иретке келтирүү;
- квалификациялардын ар кандай түрлөрүнүн салыштырмалуулугун бир деңгээлден экинчи деңгээлге өтүүнүн унификацияланган деңгээлдерин жана ыкмаларын киргизүү, кесиптик же тармактык таандыкты алмаштыруу же кесиптин же тармактын чегинде которулуу (адистештирүү чөйрөсүн же академиялык ишти алмаштыруу) аркылуу аныктоо;
- квалификациялардын ачык-айкындыгын бардык квалификацияларды стандартташтыруу жана окутуунун натыйжаларын колдонуу аркылуу жогорулатуу;
- билим берүү системасынын багытын "сунуштан" "суроо-талапка" карай өзгөртүү;
- жумушчу күчтүн мобилдүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде:
- экономиканы интеграциялоонун даражасын региондук/эл аралык деңгээлдерде кызматкерлердин мобилдүүлүгүнө тоскоолдук кылуучу факторлордун санын кыскартуу аркылуу жогорулатуу;
- кызматкерлердин өзүнүн даярдыгына жана тажрыйбасына ылайык региондук/эл аралык эмгек рынокторунда жумуш табуу жөндөмүн жакшыртуу;
- иш берүүчүлөрдүн кызматкерлердин тажрыйбасын жана жөндөмдөрүн улуттук/региондук/эл аралык деңгээлдерде аныктоо жөндөмүн жакшыртуу;
- жеке сектордун билим берүү жана кадрларды даярдоо боюнча иш-чараларга кеңири катышуусу;
- сапатты жана отчеттуулукту жогорулатууга жана коомдун жана кесиптик коомчулуктун квалификациялардын улуттук системаларынын бүтүндүгүнө жана маанилүүлүгүнө ишенимин арттырууга мүмкүндүк берүүчү сапатты камсыздоо максаттары үчүн эталонду түзүү;
- формалдык эмес түрдө ээ болгон көндүмдөрдү жана компетенцияларды таануу системасын түзүү;
- квалификацияларга ээ болуу үчүн милдеттүү болгон кредиттерди топтоо жана которуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле формалдык эмес же информалдык окутууну баалоо жана таануу аркылуу түзүү;
- билим берүүнүн жана даярдоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле окуучуларга ээ болгон көндүмдөрдү жана компетенцияларды сертификаттоо аркылуу окууну улантууга түрткү берүү билим берүү деңгээлин жана эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга алып келет;
- ар кандай квалификациялык деңгээлдердин ортосундагы которулуу максатында адамдарга, аларда болгон формалдык, формалдык эмес жана информалдык окутуунун бардык формаларынын жана ыкмаларынын негизинде кийинки билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрүүнүн эсебинен баалоо жана таануу процесстеринин ачык-айкындыгын жана өмүр бою үзгүлтүксүз билим алууга көмөк көрсөтүү аркылуу окуучуларды билим берүү системасына интеграциялоо же реинтеграциялоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү;
- окуучуларга ар кандай квалификациялардын деңгээлдерин салыштыруу жана алар тандаган карьералык максаттарга алып баруучу так билим берүү трансферттерин аныктоо аркылуу, аларды кызыктырган окутуу программалары жана аларга байланыштуу квалификациялык стандарттарга тиешелүү маалыматтын толуктугунун негизинде чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүү.
Квалификациялардын улуттук системасын иштеп чыгуу төмөнкү принциптердин негизинде ишке ашырылышы керек:
- кесиптик билим берүүнүн бардык түрлөрүн жана деңгээлдерин (формалдык, формалдык эмес жана информалдык) бир түзүмгө бириктирүү, билим берүүнүн ар кандай траекторияларын пландоого мүмкүндүк берүүчү, конкреттүү квалификацияны алууга, квалификациялык деңгээлди жогорулатууга, карьералык өсүүгө алып келүүчү, квалификациялык деңгээлдердин иерархиясынын эмгекти бөлүштүрүү түзүмүнө жана Кыргыз Республикасынын улуттук билим берүү системасына ылайык келтирүү аркылуу эмгек рыногун өнүктүрүүнүн жалпы стратегиясын жана билим берүү системасын калыптандыруу аркылуу, ошондой эле билим берүүнүн сапатын камсыздоо системасы менен ачык байланыш камсыздалуучу системалуулук;
- квалификациялардын улуттук системасынын түзүмүн жана элементтерин иштеп чыгууда эл аралык тажрыйбаны, региондук эмгек рыногун жана макулдашуулардын негизинде жалпы эмгек рыногун түзүүчү өлкөлөрдүн квалификациялык системаларын, ошондой эле Европа квалификациялар алкагын, Европанын жогорку кесиптик билим берүү мейкиндигинин квалификациялык алкактарын эсепке алуунун негизинде ишке ашырылуучу салыштырмалуулук;
- квалификациялардын улуттук системасын иштеп чыгууга бардык кызыкдар тараптарды тартуу аркылуу, кесиптик билим берүү жана эмгек рыногунун кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга жана алардын кесиптик ишмердигинде атаандаштыкка жөндөмүн камсыздоого карата өз ара кызыкдар болуусуна, бардык колдонуучулар үчүн керектүү процедураларды, квалификациялык деңгээлдердин талаптарын баяндоонун ачык-айкындыгына жетишилүүчү транспаренттүүлүк;
- квалификацияларды үйрөнүүнүн жана ыйгаруунун учурдагы жолдорун жана ыкмаларын модернизациялоо аркылуу камсыздала турган ийкемдүүлүк;
- белгиленген мөөнөттө, бирдей критерийлик жана методологиялык негизге ээ болгон, логикалык жактан өз ара байланыштуу иш-чараларды ишке ашыруу аркылуу камсыздалуучу ырааттуулук.
4. Квалификациялардын улуттук системасынын түзүмү
Квалификациялардын улуттук системасынын өз ара байланышкан негизги элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- квалификациялардын улуттук алкагы;
- кесипкөй стандарттар жана аларды таануу жол-жоболору;
- квалификациялардын тармактык/сектордук алкактары;
- квалификацияларды баалоо системасы.
Квалификациялардын улуттук системасынын негизги элементтери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттары, ошондой эле билим берүү программаларынын сапатын камсыздоочу ички жана тышкы системалары менен өз ара тыгыз байланышта болот.
§ 4.1. Квалификациялардын улуттук алкагы
Квалификациялардын улуттук системасынын борбордук элементи болуп квалификациялардын улуттук алкагы саналат, ал өзү менен квалификациялык деңгээлдердин жалпыланган баяндалышын камтыган жана пайдалануучулардын ар кандай топторуна (иш берүүчүлөргө, алардын бирикмелерине, билим берүүнү башкаруу органдарына, билим берүү уюмдарына, жарандарга) багытталган документти билдирет.
Квалификациялардын улуттук алкагынын негизги элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- квалификациялардын деңгээлдери;
- квалификациялык деңгээлдердин дескрипторлору;
- квалификациялык деңгээлдерге жетишүүнүн вариативдүү жолдору;
- формалдык окутуунун алкагында квалификациялык деңгээлге жетишүү үчүн эмгекти талап кылуучулук.
Квалификациялык деңгээлдер. Квалификациялык деңгээлдерди аныктоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен ишке ашырылат:
- окутуунун натыйжаларын;
- эмгекти жана Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасын бөлүштүрүү түзүмүндө квалификациялык деңгээлдердин иерархиясын;
- жумушчулардын эмгектенүү функцияларын аткаруу боюнча эмгек чөйрөсүндөгү талаптар менен жумушчулардын талаптарга ылайык келүүсүнө карата баалоо жүргүзүү талаптарынын ортосунда так байланышты түзүүнү;
- квалификациялардын улуттук алкагындагы квалификациялардын деңгээли менен квалификациялардын Европалык алкагынын деңгээлдеринин дескрипторлорунун, Европанын жогорку кесиптик билим берүү мейкиндигинин квалификацияларынын алкактарынын ортосунда түшүнүктүү байланышты түзүүнү;
- квалификациялардын улуттук алкагына квалификацияларды кошуу ыкмаларынын ачык-айкындуулугун;
- формалдык, формалдык эмес жана информалдык окутуунун натыйжасында буга чейинки окутууну таанууга багытталган топтоо принцибин.
Квалификациялык деңгээлдердин дескрипторлору. Квалификациялык деңгээлдер дескрипторлор аркылуу белгиленет жана баяндалат.
Циклдин ар бир дескриптору квалификация үчүн типтүү болгон, окутууну аяктагандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн, билим берүүдөгү жетишкендиктерге жана жөндөмгө карата күтүүлөрдүн жалпы формулировкасын сунуштайт.
Дескрипторлор билим берүүнүн ар бир деңгээлинде окуучуга карата кандай талаптарды коюу максаттуу болоорун жана окутуунун натыйжаларын мүнөздөгөн маалыматты камтыйт.
Дескрипторлор билим, түшүнүк, көндүм жана компетенттүүлүк терминдеринде иштелип чыккан. Мында баштапкы деңгээлдер базалык нускамаларды жана базалык окутууларды түшүнүүнү, ал эми жогорку деңгээлдер - жогорку башкаруучулук деңгээлде өз алдынчалыктын жогорку даражасы менен бирге иштин татаал жөндөмдөрүнүн жана билимдердин болуусун божомолдойт.
Квалификациялардын улуттук алкагында аныкталган квалификациялардын дескрипторлорунун негизинде квалификациялардын тармактык/сектордук алкактары иштелип чыгат, билим берүүнүн сапатын камсыздоочу улуттук система квалификациялардын улуттук алкагынын деңгээлдери жана дескрипторлору менен түздөн-түз байланышкан болот.
Квалификациялык деңгээлдерге жетишүүнүн вариативдүү жолдору.
Квалификациялардын улуттук алкагы квалификацияларды алуунун ийкемдүү траекторияларын калыптандырууга жана окутуунун мүмкүн болуучу формаларын жана түрлөрүн эске алуу менен квалификацияларды өнүктүрүү мүмкүндүгүн бекемдейт.
Эмгекти талап кылуучулук. Квалификациялардын улуттук алкагында формалдык окутуунун алкагында квалификациялык деңгээлге жетишүү үчүн зарыл болгон көп эмгекти талап кылуучулук такталат. Аны ишке ашыруу мүмкүн болгон квалификациялык деңгээлдер үчүн кредиттер системасы пайдаланылат.
§ 4.2. Кесипкөй стандарттар
Кесипкөй стандарттар - квалификациялардын улуттук системасынын курамдык бөлүгү жана кызматкердин квалификациясынын сапаттык деңгээлинин баяндалышын камтыйт, ар бир компаниянын штатында, анын ишинин багытына карабастан, укук боюнча өз ордуна ээ болуу үчүн кызматкер ага ылайык келиши керек, анын ичинде:
- кызматкердин квалификациясына жана ээлеген кызматына ылайык эмгектенүүнүн функциялары (функциялык талдоо);
- бул эмгектенүү функцияларын ийгиликтүү аткарууга зарыл болгон тажрыйбасына жана билимине, көндүмдөрүнө, компетенттүүлүгүнө карата талаптар.
Эл аралык тажрыйбанын жана ата мекендик пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасынын негизинде кесипкөй стандарттардын түзүмү, иштеп чыгуу эрежелери, экспертизалары, таанылышы, киргизилиши, ошондой эле колдонулушу белгиленет жана бекитилет.
§ 4.3. Квалификациялардын тармактык/сектордук алкагы
Квалификациялардын тармактык/сектордук алкагы - квалификациялардын улуттук системасынын курамдык бөлүгү, ал бул тармактагы алдыңкы уюмдар тарабынан таанылган тармактын/сектордун алкагында квалификациялык деңгээлдердин белгиленген көрсөткүчтөрү боюнча жалпыланган баяндалышын билдирет.
Квалификациялардын тармактык/сектордук алкагынын максаты болуп тармакты/секторду өнүктүрүү стратегиясын, квалификациялардын деңгээли боюнча кесиптердин жана кызматтардын карталарын иштеп чыгууну, тармактар арасындагы байланыштарды сабактардын (кесиптердин жана кызматтардын) чектеш түрлөрү аркылуу белгилөөнү эске алуу менен квалификациялардын улуттук алкагынын негизинде тармактагы/сектордогу иш жүзүндөгү квалификацияларга карата талаптарды түзүү саналат.
Квалификациялардын тармактык/сектордук алкагын иштеп чыгуунун принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- тармакта/сектордо өз ара байланышкан кесипкөй топторду жана/же топчолорду аныктоо;
- практикалык тажрыйбаны эске алуу менен квалификациялардын төмөнкү деңгээлинен жогорку деңгээлине өтүү учурунда кызматкерлердин жеке жана кесипкөй компетенттүүлүктөрүнүн, жөндөмдөрүнүн, көндүмдөрүнүн жана билимдеринин уланышы;
- бардык кесипкөй топторго жана/же топчолорго карата квалификациялардын тармактык/сектордук алкагынын талаптарынын алгылыктуулугу;
- квалификациялардын деңгээлинин иерархиясынын квалификациялардын улуттук алкагына ылайык келүүсү;
- квалификациялардын тармактык/сектордук алкагынын квалификацияларынын деңгээлинин кесипкөй иштин параметрлери аркылуу баяндалышы;
- бардык кызыкдар пайдалануучулар үчүн квалификациянын деңгээлинин баяндалышынын түшүнүктүүлүгү.
Эл аралык тажрыйбанын жана ата мекендик пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасынын негизинде квалификациялардын тармактык/сектордук алкагынын түзүмү, иштеп чыгуу эрежелери, экспертизалары, таанылышы, киргизилиши, ошондой эле колдонулушу белгиленет жана бекитилет.
§ 4.4. Квалификацияларды баалоо системасы
Кыргыз Республикасында эксперттик-методикалык борборлордун жана квалификацияларды баалоо борборлорунун функцияларын аткарган институттарды түзүү жана өнүктүрүү керек. Кесипкөй жана билим берүү стандарттарынын негизинде алынган формалдык, формалдык эмес же информалдык билим берүү аркылуу квалификацияларды баалоо эрежелерин жана тартиптерин белгилөө зарыл.
5. Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасын иштеп чыгуу, киргизүү жана жакшыртуу механизмдери
Мамлекет квалификациялардын улуттук системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн экономикалык, институттук жана укуктук шарттарды түзөт. Мамлекеттин жөнгө салуучу ролу квалификациялардын улуттук системасына катышкан бардык тараптардын өз ара аракеттенүүсүн координациялоодо турат.
Ушул Концепциянын максаттары жана милдеттери, аны киргизүүнүн ишке ашырылуучу механизмдерин жана жол-жоболорун түзүү шартында гана жетишилиши мүмкүн:
1. Квалификациялардын улуттук системасын иштеп чыгууну, ишке ашырууну башкаруу жана методикалык коштоо билим берүү жана эмгек тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик бийликтин башка органдары, коомдук жана кесипкөй уюмдар менен өз ара тыгыз аракеттенүүсүндө ишке ашырылат.
2. Квалификациялардын улуттук системасын иштеп чыгуу, киргизүү жана жакшыртуу боюнча ишти жалпы координациялоо үчүн квалификациялардын улуттук системасын өнүктүрүү боюнча улуттук квалификациялык кеңеш түзүлөт, анын курамына кызыкдар мамлекеттик органдардын, жумуш берүүчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин, профсоюздардын, билим берүүчү, илимий уюмдардын өкүлдөрү кирет.
3. Концепциянын жоболорун ишке ашыруу боюнча жол-жоболордун негизги катышуучулары катары кесипкөй ассоциациялар жана бирикмелер, билим берүү фонддору, союздар жана ассоциациялар, жумуш берүүчүлөрдүн тармактык коомдук бирикмелери, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, кызыкдар уюмдар жана ведомстволор, окуу жайлар, илимий уюмдар чыгат.
4. Эл аралык экcперттердин катышуусу менен өз алдынча сертификациялоо процесси уюштурулат.
Квалификациялардын улуттук системасын иштеп чыгуу жана өнүктүрүү төмөнкүдөй механизмдерди камтыйт:
- билим берүү жана эмгек жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү (квалификациялардын алкагына тийиштүү аныктамаларды жана түшүнүктөрдү киргизүү, квалификацияларды сертификациялоо жана кабыл алуу жол-жоболорун, ошондой эле мүнөздөмөлөрүн бекитүү);
- бардык кызыкдар тараптардын жоопкерчилигин жана иш аракеттерин координациялоону бөлүштүрүү;
- квалификациялардын алкагын өнүктүрүүдө бизнестин, эмгек рыногунун, мамлекеттин жана билим берүү уюмдарынын күч-аракеттерин жана ресурстарын консолидациялоо;
- эмгек рыногунун талаптарына ылайык кесиптик билим берүүнүн түзүмүн өнүктүрүү, мазмунун жана технологияларын өркүндөтүү;
- кесипкөй иштин түрлөрүнүн жана билим берүү программаларынын классификациясын кайра карап чыгуу;
- квалификациялардын алкагынын актуалдуу маселелери боюнча түрдүү тегерек столдорду, конференцияларды, семинарларды жана презентацияларды уюштуруу жана өткөрүү.
Квалификациялардын улуттук системасын иштеп чыгуунун жол-жоболору жана механизмдери төмөнкүлөрдү эске алат:
- квалификациялардын улуттук системасын иштеп чыгууну мамлекеттик жөнгө салуу;
- квалификациялар системасынын уюштуруучулук жана институттук механизмдерин бекитүү (укуктук регламентациялар, кызыкдар тараптардын функцияларын жана милдеттерин бөлүштүрүү).
Концепциянын иш-чараларын каржылоо мамлекеттик органдардын бекитилген каражаттарынын алкагында, ошондой эле эл аралык (донор) уюмдардын тартылган каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашыруу пландалууда.
6. Мүмкүн болуучу тобокелдиктер
Квалификациялардын улуттук системасын иштеп чыгууда, ишке ашырууда төмөнкүдөй тобокелдиктер болушу мүмкүн:
уюштуруучулук-башкаруучулук жана финансылык тобокелдиктер:
- кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу жана квалификацияларды сертификациялоо системасын түзүү, ошондой эле баштапкы, орто жана жогорку кесиптик мамлекеттик билим берүү стандарттарын түзөтүү боюнча өз ара байланышкан иштердеги координациянын жоктугу;
- квалификациялардын улуттук системасынын уюштуруучулук жана методологиялык базасын түзүү жана өнүктүрүү иштерин уюштуруу учурундагы башкаруу көйгөйлөрү, мамлекеттик бийлик органдарынын, коомдук жана кесипкөй уюмдардын ортосундагы зарыл болгон өз ара аракеттешүүнүн жоктугу, башкаруу чечимдерин кабыл алууда оперативдүүлүктүн төмөндөшү, жумушчу топтордун ортосунда реалдуу координациянын жоктугу;
- квалификациялардын улуттук системасын түзүү, киргизүү жана өркүндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алууда ведомстволук байланыштын жоктугу;
- жумушчу топтордун ишине колдоо көрсөтүү, улуттук деңгээлде кеңири талкууларды уюштуруу, тышкы эксперттерди тартуу үчүн ресурстардын жетишсиздиги;
мазмундук тобокелдиктер:
- жумушчу топтордун катышуучуларынын квалификациялардын улуттук системасынын ролун жана функцияларын талаптагыдай түшүнбөгөндүгү, деңгээлдерди, дескрипторлорду, траекторияларды түзүүгө формалдык мамиле;
- кесипкөй жамаатта жана уюмдарда квалификациялар рыногун түзүү үчүн квалификациялардын улуттук системасынын ролун жана ордун талаптагыдай түшүнбөгөндүк жана ушуга байланыштуу квалификациялардын улуттук системасын натыйжалуу колдонууга даяр эместик;
ченемдик тобокелдиктер:
- эмгек мыйзамдары жаатында чечимдерди кабыл алуу, кесиптик мамлекеттик стандарттарды, мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу, квалификацияларды сертификаттоо, сапатты жана көз карандысыз аккредитацияны камсыздоо үчүн ченемдик укуктук базанын жетишсиздиги.
Концепцияны ишке ашыруу процессинде аталган тобокелдиктерди башкаруу максатында төмөнкүлөр эске алынууга тийиш:
- түрдүү максаттуу топтор менен кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- республикалык бюджеттин жана эл аралык долбоорлордун/донордук колдоо көрсөтүү программаларынын алкагында финансылык, адам жана башка ресурстарды эсепке алуу механизмдери;
- квалификациялардын улуттук системасын натыйжалуу иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн ченемдик базаны өнүктүрүү боюнча ведомстволор аралык ишти, ошондой эле аны менен байланышкан иштин түрлөрүн консолидациялоо.
7. Концепцияны ишке ашыруу этаптары
Биринчи этап, 2020-жылдын I кварталы:
1) ведомстволор аралык жумушчу топтун иш аракеттер планын бекитүү;
2) ишти колдоо үчүн керектүү финансылык жана башка ресурстарды аныктоо жана издештирүү;
3) квалификациялардын улуттук системасын өнүктүрүү тармагында долбоорлордун ишин макулдашуу;
4) европалык жана региондук тренддерди эске алуу менен квалификациялардын улуттук системасынын түзүмүн жана анын негизги элементтерин тактоо;
5) квалификациялардын улуттук алкагын түзөтүү, Кыргыз Республикасындагы баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү чөйрөсүндө ишке ашырылуучу реформаларды эске алуу менен квалификациялык деңгээлдердин санын тактоо;
6) сунушталып жаткан магистратуранын деңгээлдерин реформалоо, илимди уюштуруу системасын реформалоо, ошондой эле орто кесиптик билим берүүнүн статусун тактоо менен квалификациялардын улуттук системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн байланышын орнотуу;
7) квалификациялык деңгээлдердин дескрипторлорунун тизмегин, ошондой эле окутуу натыйжаларына жетишүү үчүн зарыл болгон, формалдык билим берүүнүн алкагындагы ар бир квалификациялык деңгээл үчүн аныкталган эмгек түйшүгүн тактоо жана негиздөө;
8) баштапкы, орто жана жогорку кесиптик мамлекеттик билим берүү стандарттарынын дескрипторлору, баштапкы кесиптик билим берүүнүн тармактык изилдөөлөрү менен байланышты белгилөө;
9) тышкы эксперттерди тартуу менен улуттук деңгээлде кеңири талкууну уюштуруу;
10) квалификациялардын тармактык/сектордук алкагын иштеп чыгуу үчүн пилоттук тармактарды аныктоо (Европа бирлигинин, Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун, ошондой эле 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын артыкчылыктарын ишке ашырууну эске алуу менен);
11) кесиптик стандарттын макетин жана методологиясын иштеп чыгуу жана түзүү;
12) квалификациялардын тармактык/сектордук алкагынын макетин жана методологиясын иштеп чыгуу жана түзүү.
Күтүлүүчү натыйжа:
- Кыргыз Республикасынын квалификацияларынын улуттук алкагын иштеп чыгуу методологиясы улуттук шарттарга ыңгайлаштырылган;
- социалдык, билим берүү жана эмгек келишимдери боюнча негизги өнөктөштөр - өлкөлөрдүн квалификацияларынын улуттук системалары, ошондой эле европалык квалификациялык алкактары жана азия өлкөлөрүнүн квалификацияларынын улуттук алкактары менен салыштырылуучу Кыргыз Республикасынын квалификацияларынын улуттук алкагы белгиленген тартипте бекитилген жана билим берүү системасында жүргүзүлүүчү иш менен макулдашылган;
- кесиптик стандартты иштеп чыгуу, бекитүү, киргизүү жана колдонуу үчүн методологиялык жана уюштуруучулук негиз түзүлгөн жана бекитилген;
- квалификациялардын тармактык-сектордук алкактарын иштеп чыгуу, бекитүү, киргизүү жана колдонуу үчүн методологиялык жана уюштуруучулук негиз түзүлгөн жана бекитилген.
Экинчи этап, 2020-жылдын I-II кварталы:
1) квалификациялардын бекитилген улуттук системасынын негизинде өзгөртүүлөрдү жана иштеп чыгууну талап кылган ченемдик укуктук актылардын тизмесин аныктоо;
2) кесиптик стандартты иштеп чыгуу боюнча жана квалификацияларды сертификациялоо системасын түзүү, ошондой эле баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын корректировкалоо боюнча өз ара байланышкан иштер менен квалификациялардын тармактык-сектордук алкактарын иштеп чыгуу боюнча ишти координациялоо;
3) квалификациялардын улуттук системасынын жана билим берүүнүн сапатын камсыздоонун улуттук системасынын өз ара байланышын тактоо;
4) квалификациялардын пилоттук тармактык-сектордук алкактарын жана кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу.
Күтүлүүчү натыйжа:
- улуттук артыкчылыктарды эске алуу менен квалификациялардын тармактык-сектордук алкактарын иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн этаптуу планы иштелип чыкты;
- квалификациялардын пилоттук (2ден кем эмес) тармактык-сектордук алкактары иштелип чыкты жана бекитилген;
- квалификациялардын пилоттук тармактык-сектордук алкактары боюнча кесиптик стандарттар иштелип чыкты;
- кесиптик стандартты түзүү боюнча методологиялык жана уюштуруучулук база жана сертификациялоо системалары квалификациялардын тармактык-сектордук алкактарын түзүү жана бекитүү боюнча иш-аракеттер планы менен шайкеш байланышкан;
- квалификациялардын улуттук системасы жана билим берүүнүн сапатын камсыздоонун улуттук системасынын өз ара байланышы тийиштүү ченемдик укуктук документтерде аныкталган.
Үчүнчү этап, 2020-жылдын II-V кварталы:
1) бекитилген планга ылайык улуттук артыкчылыктарды эске алуу менен квалификациялардын 6 тармактык-сектордук алкагын түзүү жана бекитүү;
2) бекитилген планга ылайык улуттук артыкчылыктарды эске алуу менен кесиптик стандартты жана сертификациялоону түзүү жана бекитүү;
3) квалификациялардын улуттук алкагын өз алдынча сертификациялоо үчүн критерийлерди жана жол-жоболорду иштеп чыгуу, ошондой эле өз алдынча сертификациялоонун негизинде аны оңдоп-түзөө;
4) квалификациялардын улуттук алкагы жана квалификациялардын тармактык-сектордук алкагы, кесиптик стандарт, консультациялык кызматтар жана кесиптик багыт берүү боюнча кызматтар үчүн маалыматтык инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү;
5) баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын оңдоп-түзөө;
6) сапатты кепилдөө боюнча ченемдик документтерди оңдоп-түзөө.
Күтүлүүчү натыйжа:
- квалификациялардын пилоттук тармактык-сектордук алкактары жана кесиптик стандарттар түзүлдү жана бекитилди;
- квалификациялардын улуттук алкагын өз алдынча сертификациялоо жана анын андан аркы өнүгүүсү үчүн критерийлер жана жол-жоболор иштелип чыкты;
- квалификациялардын улуттук системасынын бардык элементтерин өнүктүрүү үчүн өнүккөн маалыматтык инфраструктура түзүлдү;
- ченемдик укуктук база квалификациялардын улуттук системасына ылайык келтирилди.
Төртүнчү этап, 2021-жылдан баштап:
1) квалификациялардын улуттук системасынын бардык элементтерин андан ары этаптуу өнүктүрүү;
2) квалификациялардын улуттук системасын өз алдынча сертификациялоо.
Күтүлүүчү натыйжа:
- сапатты камсыздоого, квалификацияларды баалоого жана ыйгарууга тиешелүү уюштуруучулук механизмдер жана процесстер системасы улуттук деңгээлде түзүлдү жана ийгиликтүү ишке ашырылган;
- ченемдик укуктук база квалификациялардын улуттук системасына жана квалификациялардын улуттук алкагына ылайык келтирилди.
Концепцияны ишке ашыруу максатында иш-чараларды, жооптуу аткаруучуларды, каржылоо булактарын көрсөтүү менен иш-чаралар планы иштелип чыгат.