Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-октябры № 513
2018-жылдын 2-ноябрында Астана шаарында кол коюлган Салыктык башкарууну ишке ашыруу үчүн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин ортосунда электрондук түрдө маалымат алмашуу жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 2-ноябрында Астана шаарында кол коюлган Салыктык башкарууну ишке ашыруу үчүн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин ортосунда электрондук түрдө маалымат алмашуу жөнүндө расмий тилде тиркелген протокол (мындан ары - Протокол) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жогоруда аталган Протоколду аткарууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 15-октябрындагы N 86 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |