Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-сентябры № 503
Бюджеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
1-берене
1. Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 163 710 434,2 миң сом суммасында жана чыгымдар боюнча 173 663 937,2 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 9 953 503,0 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 9 953 503,0 миң сом суммасындагы каражат 1-тиркемеге ылайык жумшалсын.
2-берене
1. Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2021-2022-жылдарга республикалык бюджетинин негизги параметрлеринин төмөнкү болжолу жактырылсын:
1) 2021-жылга кирешелер боюнча болжол – 164 916 579,1 миң сом суммасында, 2022-жылга – 169 243 660,0 миң сом суммасында;
2) 2021-жылга чыгымдар боюнча болжол – 173 498 415,6 миң сом суммасында, 2022-жылга – 174 966 994,6 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу – 8 581 836,5 миң сом суммасында, 2022-жылга – 5 723 334,6 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2021-2022-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу параметрлерин аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоого укуктуу.
3-берене
Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2021-2022-жылдарга болжолу 3 жана 31-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4-берене
Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинин жана 2021-2022-жылдарга болжолунун чыгымдарын каржылоого каражаттар 4, 5 жана 6-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене
1. 2020-2022-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгымдар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. 2020-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 3 000 000,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алар мурдагы мезгилде каралган объекттердин курулушун аяктоого жана 2020-жылга түзүлгөн тизмеде бекитилген объекттерди алардын артыкчылыктарын эске алуу менен курууга, реконструкциялоого жумшалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 150 000,0 миң сом жумшалсын.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2020-жылы – 600 000,0 миң сом, 2021-жылы – 600 000,0 миң сом, 2022-жылы 800 000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.
6-берене
1. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөр, медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш азыктарын сатып алуу, социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер) боюнча жүргүзүлсүн.
2. 112-тиркемеде каралган пилоттук министрликтерди кошпогондо, бюджеттик мекемелердин штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен аларда бош орундардын түзүлгөндүгүнө байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча жеке чыгымдарды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2020-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча каржылоо сунушталсын.
7-берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөргө, өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрүнүн, баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолорду киргизүүгө укуктуу.
8-берене
2020-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүүчү кассалык накталай акча 500 000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
9-берене
1. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2020-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2021-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 81, 82-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
10-берене
1. 2020-2022-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
1) салык агенттери төлөөчү киреше салыгы:
2020-жылы шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине85 пайыз өлчөмүндө, республикалык бюджетке ‒ 15 пайыз;
2021-жылы шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
2022-жылы шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
2) сатуудан алынуучу салык:
- 2020-жылы шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине25 пайыз өлчөмүндө, республикалык бюджетке ‒ 75 пайыз;
- 2021-жылы республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
- 2022-жылы республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
3) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык – шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
4) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу казындыларды (алтын, мунайзат, газ) кошпогондо – кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз өлчөмүндө, республикалык бюджетке ‒ 50 пайыз;
5) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) – республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
6) жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым – кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 7 пайыз өлчөмүндө, республикалык бюджетке ‒ 93 пайыз;
7) жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү – кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 20 пайыз өлчөмүндө, республикалык бюджетке ‒ 80 пайыз.
2. Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык келип түшүү суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
11-берене
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммаларын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтаруу 9-тиркемеге ылайык 2020-жылы – 458 968,7 миң сом, 2021-жылы – 413 840,4 миң сом, 2022-жылы – 314 315,9 миң сом суммасында камсыздалсын.
12-берене
1. Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрү 10-тиркемеге ылайык 1 967 300,0 миң сом чыгымдардын жалпы суммасында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2021-2022-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү трансферттерди биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгымдарды каржылоого жумшасын.
4. Республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттердин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгымдардын толук каржыланышына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жооптуу болот.
5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатууга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин көбөйүүсү ушул Мыйзамда бекитилген 2020-2022-жылдарга теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болбой тургандыгы белгиленсин.
6. Жеке кирешелерди (жер салыгы, мүлк салыгы, жерди жана мүлктү ижарага берүүдөн кирешелер) көбөйтүүдөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүү үчүн республикалык бюджеттен 100,0 млн сом каралсын.
13-берене
Эң аз эмгек акы өлчөмү 2020-жылга – 1 854,0 сом, 2021-жылга –1 970,0 сом, 2022-жылга – 2 050,0 сом суммасында белгиленсин.
14-берене
Бюджеттик мекемелер, чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн мекемелер Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 4-пунктунда каралган жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелерди кошпогондо казыналык системасынан тышкары бардык эсептерди жапсын.
Аталган тартип бузулганда каражаттардын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынат.
15-берене
Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгымдар Кыргыз Республикасынын кийинки жылдагы республикалык бюджетинде каралсын.
16-берене
Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жана юридикалык жактарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынын каражаттарынын эсебинен төлөнсүн.
17-берене
1. 2020-2022-жылдарга министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун программалык бюджети 11 жана 111-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторуна жетишүү жөнүндө жарым жылдык жана жылдык отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 11 жана 111-тиркемеге ылайык беришсин.
18-берене
1. Пилоттук министрликтердин 2020-2022-жылдарга программалык бюджеттери жана натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилери 112-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пилоттук министрликтер бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторуна жетишүү жөнүндө отчетторду ар бир кварталдык негизде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турушсун.
3. Пилоттук министрликтердин жетекчилерине:
1) 112-тиркемеде каралган мамлекеттик органдын бюджеттик программаларынын чектүү штаттык санынын алкагында түзүмдү жана зарыл болгон штаттык бирдиктердин санын өз алдынча аныктоо;
2) 112-тиркемеде каралган мамлекеттик органдардын эмгек акы фондунун чегинде бюджеттик программалардын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишкендиги үчүн кызматчылардын жана кызматкерлердин эмгек акысына коэффициентти (же кызматтык маянага үстөктөр) белгилөө үчүн бош кызмат орундарынан жана штаттык бирдиктерди оптималдаштыруудан үнөмдөлгөн акча каражаттарын пайдалануу укугу берилсин.
19-берене
Ушул Мыйзамга жылына эки жолудан көп эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдын жоболорун аткаруу камсыздалсын. Ошол эле учурда биринчи өзгөртүү учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш.
20-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-сентябры № 503
“Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Бюджеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө