Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-сентябрындагы № 174 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-октябры № 529
"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
2017-жылдын 11-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтор Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашууга жана 2019-жылдын 7-августундагы "Центерра Голд Инк." компаниясы менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Стратегиялык макулдашуу боюнча Бир тараптуу милдеттенмеге ылайык келип түшкөн каражаттарды пайдалануу тартибин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 47-беренесине, 71-беренесинин 19-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |