Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 529 токтомуна) |
"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо 2017-жылдын 11-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтор Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашууга жана 2019-жылдын 7-августундагы "Центерра Голд Инк." компаниясы менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Стратегиялык макулдашуу боюнча Бир тараптуу милдеттенмеге ылайык келип түшкөн каражаттарды (мындан ары - каражаттар) пайдалануу тартибин жөнгө салат.
2. Каражаттардын келип түшүү булактары
2. Каражаттар "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөш фонду" жана "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фонддоруна (мындан ары - фонддор) келип түшөт.
3. Каражаттар фонддордун чечимдерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсебине которулат.
4. Эсепти жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын ортосунда түзүлгөн эсептерди тейлөө жөнүндөгү келишимдер менен регламенттелет.
3. Каражаттарды пайдалануу тартиби
5. Ушул Жобонун 3-пунктунда аталган каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоо үчүн пайдаланылат:
1) мекемелердин ишин колдоо жана материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө; адамдык капиталды өнүктүрүүгө; региондордо ишканаларды түзүүгө жана колдоого; экотуризмди өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө; региондорду өнүктүрүүгө көмөктөшкөн инвестициялык долбоорлорду, ошондой эле ушул сыяктуу иш-чараларды жүзөгө ашырууга багытталган иш-чараларга жана долбоорлорго;
2) мекемелердин ишин колдоо жана материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө; айлана-чөйрөнү коргоого; жаратылышты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо менен байланышкан долбоорлорду ишке ашырууга; жаратылышты коргоо натыйжасын негиздөө менен инфратүзүм объекттерин түзүүгө жана жакшыртууга; экологияны жакшыртууга жана сактоого, биологиялык түрдүүлүктү көбөйтүүгө багытталган "жашыл" долбоорлорун колдоого; экологиянын жана жаратылыштын дурус абалын колдоого, Кумтөр кенинин тегерегиндеги аймакта жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча потенциалды өнүктүрүүгө; чарбалык иштин натыйжасында бузулган жаратылыш объекттерин калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталган иш-чараларга жана долбоорлорго.
6. Каражаттар төмөнкүлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларынын негизинде берилет:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-июлундагы № 257-б буйругу менен түзүлгөн Инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Конкурстук комиссиянын чечимине;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 377-б буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыктарын сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорду жана программаларды тандоо боюнча Конкурстук комиссиянын чечимине.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каражаттарды бөлүү жөнүндөгү чечимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган иш-чараларды каржылоо боюнча тиешелүү жол-жоболорду өткөрөт.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык убактылуу бош каражаттар ушул Жобонун 5-пунктунда аталган максаттарга жетүү үчүн инвестицияланышы мүмкүн.
4. Эсеп жана отчеттуулук
9. Каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсебине киргизгенден кийин республикалык бюджеттин курамында эсептелет.
10. Пайдаланылган каражаттар боюнча эсеп жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары менен жөнгө салынуучу белгиленген казыналык жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-сентябрындагы № 174 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме | |