Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 148 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2019-жылдын 8-октябры № 530
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айдоочулук күбөлүктөрдү
берүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү
жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнүн бланк продукциясын жекелештирүү жол-жоболорун ирээтке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасына улуттук үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүүгө ыйгарым укук берилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 20-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |