КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-октябры № 530
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнүн бланк продукциясын жекелештирүү жол-жоболорун ирээтке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 12-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацындагы "айдоочулук күбөлүктөрдүн" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде:
- 33-пунктундагы "бир иш күндүн ичинде" деген сөздөр "төрт иш күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына улуттук үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүүгө ыйгарым укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 20-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |