Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 532
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Транспорт каражаттарын каттоону тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси деп өзгөртүп аталсын.";
- 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 1-пунктунун биринчи абзацындагы "мамлекеттик орган" деген сөздөр "мекеме" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. "Унаа" ММнын уюштуруучулук-укуктук формасы - мекеме.
"Унаа" ММ өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.";
- 12-пунктунун "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 29-октябрындагы N 90 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |