Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры № 572
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 "Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жогорку жана орто кесиптик билим алуу мүмкүндүгүн кеңейтүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" жана "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 "Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуунун тартибинде:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн аралыктан окутуу колдонулат.";
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Билим берүү уюмунун чечими боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандарга алардын жеке арызынын негизинде сабактарга эркин катышуу графиги берилет.";
- 11-пунктунун биринчи абзацындагы "студентке" деген сөз "окуганга" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 12-пунктундагы "студентти" деген сөз "окуганды" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 15-пунктунун экинчи абзацындагы "студенттер" деген сөз "окугандар" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 16-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандар үчүн билим берүү уюму аралыктан окутууну колдонуу менен лабораториялык жана практикалык сабактарга катышууга мүмкүндүк берүүгө милдеттүү.";
- 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандарды окутуу жеке окуу пландары боюнча атайын түзүлгөн коррекциялоочу группаларда же башка окугандар менен биргеликте инклюзивдик билим берүү аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.";
- 18-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуганга жеке арызынын негизинде билим берүү уюмунун чечими боюнча окуу жана өндүрүштүк практикалардан (дипломдун алдындагыларды кошкондо) өтүүдө эркин катышуу графиги берилет.";
- 19-пункту "жаңы маалыматтык-билим берүү чөйрөсүндө окутуу үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандардын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эске алуу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 20-пунктундагы "студенттин" деген сөз "окугандын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 22 жана 23-пункттар менен толукталсын:
"22. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандар үчүн учурдагы жана орто аралык аттестациялоо жүргүзүүнүн формалары, жетишүүсүн баалоо системасы билим берүү уюму тарабынан алардын ден соолугунун жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгиленет.
23. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча билим берүү уюмунун чечими менен ага экзаменде жоопту даярдоо же мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоо этаптарынан өтүү үчүн убакыт (мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны тапшыруу, бүтүрүүчү квалификациялык ишти жана магистрдик диссертацияны коргоо убактысы) узартылат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-ноябрындагы N 94 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |