Загрузка документа…
| 4-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 токтом менен бекитилди) |
Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерине талдоо жана баалоо жүргүзүүнүн
ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерине талдоо жана баалоо жүргүзүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын аймактарында жана объектилерде, өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдигин баалоо жана талдоо жүргүзүү боюнча натыйжаларды баяндоого жана иштин мазмунуна, иштин тартибине анын талдоосуна болгон жалпы талаптарды аныктайт.
2. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдигин талдоо жана аларга баа берүү төмөндөгү максаттарда жүргүзүлөт:
1) учурдагы тобокелдиктерди (аярлуулуктарды жана коркунучтарды/кооптуулуктарды) өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдигин азайтуу/жеңилдетүү;
2) өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдигинин өзгөрүлмө факторлоруна ыңгайлашуу;
3) өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктеринин андан ары өөрчүүсүнүн алдын алуу.
3. Ушул Тартиптин максаттарын аткарууда төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) кырсык - коомдун жашоо шарттарынын олуттуу бузулушу, адамдардын кырсыктарга болгон аярлуулугун күчөтүп, ири өлчөмдөгү адамдардын курмандыктарына алып келген жана коомдун өздүк ресурстарынын эсебинен жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ашкан көлөмдүү экологиялык зыян тартуу;
2) табигый кырсык - кыйратуучу табигый жана (же) табигый-антропогендик кубулуштар же өтө чоң өлчөмдөгү процесстер, булардын натыйжасында адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келүүсү мүмкүн же коркунуч алып келген, материалдык байлыктарды жана айлана-чөйрөнүн компоненттерин кыйратуучу же жок кылуучу кубулуш же процесс;
3) өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдигин баалоо бул - потенциалдуу коркунучтарды/кооптуулуктарды талдоо жолу менен мүмкүн болгон кесепеттердин тобокелдиктеринин масштабдарын жана табиятын аныктоо жана аярлуулуктун учурдагы шарттарына баа берүү, бул шарттар адамдарга, мүлктөргө, жашоо тиричилигинин каражаттарына жана айлана-чөйрөгө потенциалдуу зыян келтирүүсү мүмкүн;
4) чыгымдарды баалоо - чыгымдарды акчалай же нукура көрсөткүчтөр аркылуу аныктоо;
5) потенциалдуу кооптуу объект - мындай объектиде оңой от алуучу, жарылуучу, радиоактивдүү, коркунучу бар химиялык, биологиялык уулуу заттар өндүрүлөт, кайра иштетилет, сакталат, же ташылат. Мындай уулуу заттар өзгөчө кырдаалдар пайда болуусуна реалдуу коркунучтарды туудурат. Инженердик-техникалык жана башка курулуштар жана объектилер белгилүү бир жагдайларда өзгөчө кырдаалдардын пайда болуусунун реалдуу коркунучун жаратат;
6) потенциалдуу коркунучтуу участок - тез өрчүп бара жаткан кооптуу табигый кубулуштардын жана техногендик процесстердин пайда болуу тобокелдиктерине кабылуучу аймак (жердин, суунун же абанын мейкиндиги). Өзгөчө кырдаалдар коркунучтарын мезгили менен байкоо жүргүзүү аркылуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин социалдык-экономикалык чыгымдарына баа берүү жолу менен потенциалдуу коркунучтуу участок деп табылат;
7) кырсыктардын тобокелдиги - бул кырсыктардын кесепетинен мүмкүн болгон жоготуулар. Мындай жоготуулар адамдардын курмандыктары жана материалдык, экономикалык, экологиялык чыгымдар менен туюндурулат;
8) кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу - калкка жана аймактарга кырсыктардын таасирин төмөндөтүү боюнча иш-чаралардын комплекси, тобокелдиктердин себептүү факторлорун системалык талдоо жүргүзүүнүн жана көзөмөлдөөнүн негизинде, ошондой эле жаратылыш байлыктарын рационалдуу пайдалануунун негизинде өзгөчө кырдаалдарга даярдыктарын жогорулатуу;
9) аярлуулук - физикалык, социалдык, экономикалык жана экологиялык факторлордун жаралуу кесепеттеринин таасиринен коомдун жабырлануусуна алып келүүчү шарттардын жана процесстердин комплекси. Кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жөнүндөгү контексттерде аярлуулук жалпы статикалык абал катары каралбай, коркунучтардын так болушу менен аныкталат;
10) аймактын аярлуулугу - структуралык жана физикалык аярлуулук - кооптуу окуянын натыйжасында кызмат түзүмүнүн же тейлөө тармактарынын (электр энергиясы, суу ж.б.у.с.) бузулуусунун ыктымалдык даражасы же такыр иштен чыгуу даражасы;
11) зыян - адамдардын курман болуусу, материалдык жоготуулар жана экономикалык объектилердин, инфраструктуранын жана айлана-чөйрөнүн жабырланышы (бузулушу) менен байланышкан чыгымдар;
12) өзгөчө кырдаал - Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шарттарынын бузулуусуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу табигый же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйратуучу каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында түзүлгөн кырдаал.
4. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерин азайтуу үч негизги компонентти камтыйт:
1) өзгөчө кырдаалдарга (кырсыктарга) баа берүү жана талдоо - ар кандай коркунучтар жана аярлуулуктун кырдаалдары менен байланышкан тобокелдиктердин мүнөздөмөсүн жана масштабдарын салыштырмалуу талдоо менен туюндурулат. Бул тобокелдиктер ошол аймактагы адамдарга, мүлккө, жашоого керектелүүчү каражаттарга, инфраструктурага жана тейлөөлөргө зыян келтириши жана чыгымдарга алып келүүсү мүмкүн;
2) өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдигин алдын алуу же митигациялоо (жеңилдетүү) , коркунучтун же аярлуулуктун деңгээлин азайтуу жолу менен тобокелдиктин алдын алуу же митигациялоо иштери боюнча ишмердүүлүктү камтыйт. Мындай ишмердүүлүккө саясий, укуктук жана административдик чараларды колдонуу, ошондой эле пландоо жана инфраструктуралык аракеттер менен жетишүүгө болот;
3) кырсыктарга даяр болуу, калктын арасында курмандыктардын санын, зыяндын масштабын жана чыгымдарды (эгер ушундай окуялар катталса) азайтууга багытталат. Башкача айтканда, өз ара жардам берүү потенциалын күчөтүү, тез кабарлоо тутумун ишке киргизүү, атайын даярдыктарды жана машыгууларды өткөрүү жолдору менен кырсыктарга даяр болууга болот.
5. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдигин талдоо жана баа берүү, Кыргыз Республикасындагы бардык административдик аймактарга, уюмдарга жана мекемелерге, анын ичинен потенциалдуу коркунучу бар объектилерге жана потенциалдуу коркунучу бар участкаларга, ошондой эле экономикалык олуттуу маанидеги объекттерге жүргүзүлүүгө тийиш.
6. Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларын пландоо максатында, өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерине баа берүүнүн негизги көрсөткүчтөрү төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
1) кырсыктардан жабырлануучу тилкени баяндоо;
2) терс кесепеттердин таасирлерине дуушар болгон калктын жана инфраструктуранын саны (социалдык-маданий багытындагы объекттер жана инженердик коммуникациялар);
3) калк арасындагы мүмкүн болгон курмандыктардын божомолу;
4) мүмкүн болгон материалдык жоготуулардын (экономикалык зыян) божомолу.
7. Адистештирилген ишканалардагы өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерине (кырсыктарга) баа берүү жана талдоо жүргүзүү учурунда же тобокелдиктердин айрым бир түрлөрү боюнча негизги натыйжаларына кеңейтилип баа берилүүсү мүмкүн.
2-глава. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдигине баа берүүнүн жана талдоо жүргүзүүнүн негизги принциптери
8. Өзгөчө кырдаалдарын тобокелдиктерине (кырсыктарга) баа берүү жана талдоо жүргүзүүдө ар кандай структуралардын жана уюмдардын (бардык кызыктар структуралардын катышуу принциби) өкүлдөрү катышууга милдеттүү. Аларга Жарандык коргонуунун башкаруу органдары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жетекчилик кылуучу уюмдар жана мекемелер, ар кандай жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.
9. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерине баа берүү жана талдоо жүргүзүүгө жооптуу органдар, тобокелдиктерге баа берүү боюнча материалдарды даярдоого жана талкуулоого коомчулуктун катышуусун камсыздоого милдеттүү. Бул тобокелдиктерге баа берүү жана талдоо жүргүзүү процессинин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет (ачык айкындуулук жана коомчулуктун пикирин эске алуу принциби).
10. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерин талдоо жана баа берүү боюнча материалдарды коомчулук менен талкуулоону, тобокелдиктерге баа берүү жана талдоо боюнча жооптуу органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте уюштурушат.
11. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктар) тобокелдиктерине баа берүү жана талдоо боюнча материалдар негизделиши, тастыкталуусу зарыл жана изилдөөлөрдүн/баа берүүнүн жана талдоонун натыйжалары көрсөтүлүүгө тийиш. Бул натыйжалар түрдүү кооптуулуктар менен коркунучтардын өз ара байланышын эске алуу менен, ошондой эле социалдык жана экономикалык факторлорду эске алуу менен аткарылат (негизделүүлүк жана айкындуулук принциби).
12. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерине баа берүү жана талдоолорду жүргүзүү, Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун ишмердүүлүгүнүн алкагында, негиз болуучу өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, даяр болуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн иш-кагаздарын даярдоонун бардык этаптарында милдеттүү болуп саналат.
13. Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдан коргоо боюнча иш-чараларды көзөмөлдөөдө жана мониторинг жүргүзүүдө, тобокелдиктерге баа берүүнүн жана талдоонун жыйынтыктары негиз болуп эсептелет.
3-глава. Тобокелдиктерге баа берүү жана талдоо жүргүзүүнүн этаптары жана жооптуу органдар
14. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерине баа берүү жана талдоо жүргүзүү процесси, Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларын пландоо максаты үчүн төмөндөгү негизги этаптарды камтууга тийиш:
1) кооптуулуктарды жана тобокелдиктердин пайда болуу ыктымалдуулугун талдоо (тобокелдиктердин идентификациясы) ;
2) потенциалдуу таасирлерди жана аярлуулуктарды талдоо;
3) тобокелдиктердин деңгээлин аныктоо, жоготууларды жана келтирилген зыяндарды баалоо.
15. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерине баа берүү жана талдоо процесстерин жүргүзүүдө, зарыл болгон учурда кошумча этаптар каралышы мүмкүн. Бул этаптар, талдоо жана баа берүү иштерин жүргүзүүгө, жалпы сурап-билүү маалыматтарын топтоого жана тобокелдиктерди талдоо жана баа берүү боюнча ишмердүүлүктүн натыйжаларын даярдоого багытталган.
16. Жарандык коргонуунун координациялоочу органдары - Жарандык коргонуу боюнча комиссиясы тобокелдиктерге баа берүү жана талдоо жүргүзүү боюнча жооптуу орган болуп саналат.
17. Республикалык деңгээлдеги өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерине баа берүү жана талдоо жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусу боюнча республикалык деңгээлдеги комиссиянын ишмердүүлүгүнүн алкагында ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Аймактык жана объекттик деңгээлде тобокелдиктерге баа берүү жана талдоо иштерин жүргүзүү аймактык жана объекттик Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
19. Аймактык деңгээлде өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерине талдоо жана баа берүү иштерин өткөрүүдө, изилденип жаткан аймактагы өрчүгөн баардык коркунучтарга/кооптуулуктарга баа берилет.
20. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерине баа берүү жана талдоо иштерин жүргүзүү үчүн, Жарандык коргонуу боюнча комиссиясы өзүнүн курамында өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерине баа берүү боюнча атайын жумушчу топторду түзөт.
21. Жумушчу топтордун курамдарына адистер, атайын адистештирилген министрликтердин жана ведомстволордун эксперттери, ошондой эле кызыктар тараптардын өкүлдөрү тартылат.
4-глава. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) пайда болуу ыктымалдуулугун жана коркунучтарын талдоо (тобокелдиктердин идентификациясы)
22. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) коркунучтарын жана пайда болуу ыктымалдуулугун (тобокелдиктердин идентификациясы) талдоодо жана алардын мүнөздөмөлөрүн аныктоодо, Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун, Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун Бирдиктүү тутумунда берилген маалыматтарды, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча даярдыгын милдеттүү түрдө жетекчиликке алуу зарыл.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Коркунучтардын жана тобокелдиктердин пайда болуу ыктымалдуулугун (тобокелдиктердин идентификациясы) талдоо иштерине төмөндөгү негизги иш-чаралар кирет:
1) көрсөткүчтөрдү (маалыматтарды) талдоо жана чогултуу;
2) коркунучтарды картага түшүрүү.
24. Маалыматтарды топтоо жана талдоо иш-чараларын жүргүзүү учурунда изилденүүчү аймак/объект боюнча төмөндөгү маалыматтардын категориялары жалпылануусу зарыл:
1) аймактар үчүн - физико-географиялык өзгөчөлүктөр, өнөр жай өндүрүштүк объектилери үчүн - техникалык мүнөздөмөлөр;
2) социалдык-экономикалык мүнөздөмө;
3) изилденүүчү аймактагы потенциалдуу кооптуу процесстер жана кубулуштар жана алардын жаралуу статистикасы (же потенциалдуу кооптуу технологиялык процесстер жана объектилерде колдонулуучу заттар).
25. Аймактар жана объектилер үчүн жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын категориялары боюнча типтүү аталышы жана маалыматтардын курамы, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
26. Кооптуулуктарды картага түшүрүү, ар түрдүү мүнөздөгү потенциалдуу кооптуу процесстердин жана кубулуштардын, жабырлануу тилкелерин белгилөө менен карталарын/чиймелерин иштеп чыгарууну/түзүүнү жайланышын/таркап кетүүсүн өзүнө камтыйт.
27. Потенциалдуу кооптуулуктардын таркалуусунун картасы/чиймеси, жердин жалпы географиялык элементтерин (гидрографиялык тармак, рельефтин элементтери, инженердик тармактар, имараттар жана курулмалар); жабырлануусу мүмкүн болгон тилкелерин жана участкаларын; тариздөө элементтерин (шарттуу белгилер, аталыштар ж.б.у.) чагылдырууга тийиш. Карта/чиймелердин масштабы изилдөөнүн тереңдигине жараша аныкталат.
28. Кооптуулуктарды картага түшүрүү иштери атайын адистештирилген/профилдүү уюмдарды тартуу менен же тиешелүү эксперттерди жалдоо менен ишке ашырылат.
29. Картага түшүрүү нормалары, талаптары жана ыкмалары - ар кандай багыттуу карталарды иштеп чыгарууну/түзүүнү жөнгө салуучу, тиешелүү профилдик жана ведомстволук ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
30. Айыл аймактары деңгээлинде кооптуулук карталарын, сапаттык ыкмалар (эксперттик же статистикалык) аркылуу түзүүгө уруксат берилет.
31. Тобокелдиктерди идентификациялоо этабынын негизги натыйжалары/көрсөткүчтөрү болуп, жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын категориясын жана потенциалдуу кооптуулуктардын тарап кетүү картасын камтыган маалымат базасы саналат.
5-глава. Потенциалдык таасирлерди жана аярлуулукту талдоо
32. Потенциалдык таасирлерди жана аярлуулукту талдоо боюнча иш-чаралардын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) кырсыктардын таасирлеринин ыктымалдуу күчүнө, кооптуулуктун/коркунучтун пайда болуусуна (кайталоо көрсөткүчүнө) баа берүү;
2) инфраструктуранын жабырлануусуна, анын ичинен аймактын аярлуулугуна баа берүү;
3) кооптуулуктан/коркунучтан калктын жабырлануусуна, анын ичинен калктын аярлуулугуна баа берүү.
33. Кооптуулуктун/коркунучтун жаралуу ыктымалдуулугу (кайталануу көрсөткүчтөрү), кооптуу окуялардын (өзгөчө кырдаалдардын) жаралуусу статистикалык маалыматтардын негизинде бааланат. Айыл аймактык деңгээл үчүн статистикалык маалыматтар жок болгон учурда, эксперттик баалоо боюнча ыктымалдуулукка баа берүүгө жол берилет.
34. Ыктымалдуулукка баа берүү учурунда, өөрчүгөн (пайда болгон) кооптуулуктардын/коркунучтардын ичинен, эң кооптуу процесстерге жана кубулуштардын кайталап жаралуусуна басым жасалат.
35. Ыктымалдуулуктарга баа берүүнүн негизги параметрлери болуп, күтүлүүчү терс кубулуштардын кайталанышы, масштабы (күчү, интенсивдүүлүгү ж.б.у.) жана убактысы эсептелет.
36. Калктын жана инфраструктуранын жабырлануусуна баа берүү, кооптуулук/коркунучтардын таркалуу картасы менен ишке ашырылат. Алардын негизинде изилденүүчү аймакта жана объектиде туруктуу жана убактылуу жашаган калктын саны, потенциалдуу кооптуулуктарга дуушар болгон инфраструктуранын түрлөрү жана саны аныкталат.
37. Калктын жана инфраструктуранын аярлуулугуна баа берүү физикалык, социалдык, экономикалык жана экологиялык факторлор менен аткарылат.
38. Калктын аярлуулугуна баа берүү, калктын жабырлануу даражасын аныктоо үчүн жана өзгөчө кырдаалдарга каршы аракеттенүү потенциалын (даяр болуу деңгээли, техникалык жана башка жабдуулардын болуусу ж.б.у.) аныктоо максатында жүргүзүлөт.
39. Инфраструктуранын аярлуулугуна баа берүү, инженердик-коммуникациялардын, маданий-социалдык маанидеги жана башка объектилердин мүмкүн болгон жабырлануу даражасын аныктоо үчүн жүргүзүлөт.
40. Калктын аярлуулугуна баа берүү талаптары, Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
41. Инфраструктуранын аярлуулугун баалоо курулуш боюнча ченемдик жана методикалык документтерге ылайык жүргүзүлөт.
6-глава. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдигинин деңгээлин аныктоо, чыгымдарды жана зыянды баалоо
42. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдигинин деңгээлин аныктоо, чыгымдарды жана зыянды баалоо өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда адам өмүрүнүн кыйылуу ыктымалдыгын жана күтүлүүчү материалдык зыянды божомолдоо максатында аткарылат.
43. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) кесепетинде келтирилиши мүмкүн болгон чыгымдын өлчөмү жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү наркын колдонуу менен (калыбына келтирүү наркынын принциби) эсептелет.
44. Мүмкүн болуучу чыгым финансы-экономикалык уюмдарды же ушул жаатта адистешкен эксперттерди тартуу менен эсептелет.
45. Чыгымдарды жана зыянды баалоо боюнча методикалар жана талаптар Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
7-глава. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерин талдоо жана баалоо боюнча материалдарга коюлуучу талаптар
46. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерин талдоо жана баалоо боюнча материалдар изилдөөгө алынган аймак/объект боюнча маалыматтарды жана өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдигин баалоонун негизги көрсөткүчтөрүн камтыган отчет түрүндө таризделет.
47. Отчетто көрсөтүлгөн маалыматтар объективдүү жана реалдуу болууга тийиш.
48. Тобокелдиктерди талдоо жана баалоо боюнча материалдар зыян тартуулардын, аярлуулуктардын жана тобокелдиктердин ар кандай карта/схемалары менен толукталышы мүмкүн.
49. Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдигин талдоо жана баалоо отчету тобокелдикти талдоого жана баалоого жооптуу органдын жетекчиси - Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссия тарабынан бекитилет.