Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры № 592
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын жашоочуларын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 18 токтомун, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 15-февралындагы № 10-т токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын № 713 контурунда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 0,70 га жайыт жерлери суу менен камсыздоо системасын куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
2. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |