Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-ноябры № 602
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана өнөр жай секторун өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 209-б буйругун жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 28-мартындагы № 13 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл аймагында (№ 819 контурда) жайгашкан К.О.Бурканованын жеке менчигинде турган 5,37 га кайрак жер кыш чыгаруучу завод куруу максатында "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
2. Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жерлерди рекультивациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын ченемдеринин жана талаптарынын сакталышын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |