Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-октябры № 575
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарында жайгашкан турак үйүнүн отканасын Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарында жайгашкан 24 батирлүү турак үйүнүн жашоочуларын жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана натыйжалуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарынын Чубак Сатаев көчөсүндө (номери жок) жайгашкан 24 батирлүү турак үйүнүн отканасын Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти белгиленген тартипте өзүнүн балансына өткөрүп алсын;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган, өткөрүлүп жаткан объектти сактоону жана максаттуу пайдаланууну камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 24 батирлүү турак үйүнүн жашоочуларына берилген жылуулук энергиясынын чыгымын жабууну Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасына кезектеги финансы жылына республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык каралган каражаттардын чегинде жөнгө салынуучу тарифтер боюнча жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте менчик укугун каттасын жана жерди эсепке алууну каттоого өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-ноябрындагы N 94 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |