Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтому менен бекитилген |
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114, 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Облустук жумушчу топ Мамлекеттик комиссия тарабынан жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча маселелерди чечүү үчүн түзүлөт.
2. Облустук жумушчу топ өзүнүн ишин "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
3. Облустук жумушчу топтун курамы 7 адамдан кем эмес болушу керек, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тиешелүү орун басары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрү кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114, 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Облустук жумушчу топтор төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
- жергиликтүү (райондук) комиссиялар чече албаган, жайыттардын чек араларына таандык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы талаш-тартыштарды кароого;
- Мамлекеттик комиссияга жергиликтүү (райондук) комиссия тарабынан аныкталган жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча материалдарды берүүгө;
- Мамлекеттик комиссия тарабынан жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
5. Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча жергиликтүү (райондук) комиссиялар райондордун мамлекеттик администрациялары тарабынан 7 адамдан кем эмес санда түзүлөт, анын курамына төмөнкүлөр кирет:
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ар бир чектеш аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу-тескөө органынын башчысы;
райондун тиешелүү аймагында иш жүргүзгөн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин өкүлдөрү;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жер жайгаштыруу боюнча адистери;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин тиешелүү жергиликтүү каттоо органдарынын адистери.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114, 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Жергиликтүү (райондук) комиссиялар райондордун чектеш аймактарынын жайыттарынын чек араларын белгилөө боюнча талаш маселелерди чечүү үчүн райондордун чектеш мамлекеттик администрацияларынын биргелешкен чечими менен түзүлөт.
7. Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча жергиликтүү (райондук) комиссия өз ишинде "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы иштеп чыккан сунуштарды жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жергиликтүү (райондук) комиссиялар төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
- жайыттардын чек араларын белгилөөгө жана Мамлекеттик комиссиянын кароосуна берүүгө;
- жайыттардын чек араларына тиешелүү жайыт пайдалануучулардын ортосундагы талаш-тартыштарды каттоого;
- айыл аймагынын же шаарлардын жайыттарынын чек араларын аныктоо менен байланышкан башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Жергиликтүү (райондук) комиссиянын уюштуруу, методикалык жана башка жактан камсыздоо иштери тиешелүү райондун мамлекеттик администрациясы тарабынан жүргүзүлөт.