Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-ноябры № 610
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья "камсыз кылууга," деген сөздөрдөн кийин "тыюу салынган субстанцияларды жана ыкмаларды колдонууга жол бербөөгө," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"спортто тыюу салынган субстанциялар жана (же) ыкмалар (мындан ары - допинг) - Допингге каршы дүйнөлүк уюмдун жана Допингге каршы дүйнөлүк уюмдун Эл аралык стандартынын тыюу салынган тизмесине киргизилген химиялык кошулмалар (заттар, дарылар) жана ыкмалар, анын ичинде спортто колдонууга тыюу салынган субстанциялардын жана (же) ыкмалардын тизмесине киргизилген субстанцияларды жана (же) ыкмаларды колдонуу же колдонууга аракет жасоо.";
3) 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;
- спортто допингге каршы иш-чараларды жүргүзүүнү контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт.";
4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-статья менен толукталсын:
"22-1-статья. Спортто допингди колдонууга каршы аракеттенүү
Спортто допингге жол бербөө жана аны менен күрөшүү Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелерине ылайык ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелерин бузуу болуп төмөнкүдөй бир же бир нече бузуулар эсептелет:
- спорттук мелдешке катышкан спортсмендин допингди колдонуусу же жаныбарга колдонуу;
- спортсмендин проба алдырууга келүүдөн баш тартуусу, Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелерине ылайык билдирүү алгандан кийин жүйөсүз себептер менен проба алдырууга спортсмендин келбей калышы же спортсмендин проба алдыруудан качуусу;
- спортсмендин мелдештен тышкаркы мезгилде проба алдыруу үчүн келүүсүнө тиешелүү Кыргыз Республикасынын допингте каршы талаптарынын бузулушу, анын ичинде жайгашкан жери тууралуу маалыматты бербегендиги жана тестирлөөгө катышуу үчүн келбей калышы;
- допинг-контролдун ар кандай этабындагы бурмалоо же бурмалоо аракети;
- Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин тыюу салынган субстанцияларын терапиялык колдонуу үчүн Эл аралык стандартка ылайык берилүүчү, терапиялык колдонууга уруксаты жок допингге ээ болуусу;
- допинг жөнүндө үгүттөөчү маалыматты жайылтуусу.
Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелерин спортсмендер, ошондой эле машыктыруучулар, спорттук медицина боюнча адистер, дене тарбия жана спорт жаатындагы көмөкчү персоналдар тарабынан бузууга жол берилбейт. Спорттук мелдешке катышып жаткан спортсмендин, ошондой эле жаныбарга допингди колдонуу фактысы Допингге каршы дүйнөлүк агенттик аккредитациялаган лабораторияларда өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен ырасталат.
Допинг-контроль тест жүргүзүүнү, пробаларды алууну, аларды сактоону, ташууну, пробаларга лабораториялык анализ жүргүзүүнү, тесттен кийинки процедураларды пландоону, ошондой эле тийиштүү угууларды өткөрүүнү жана апелляцияларды кароону өзүнө камтыган процессти түшүндүрөт.
Допинг-контроль процедурасы мелдеш учурунда жана мелдештен тышкаркы мезгилдерде ишке ашырылат. Эгерде спорттун тийиштүү түрү боюнча эл аралык спорттук федерациянын же Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин эрежелеринде башкача каралбаса, конкреттүү спорттук мелдеште спортсмендин жана (же) жаныбардын катышуусу менен байланышкан мезгил мелдеш мезгилин түшүндүрөт. Мелдеш мезгилине кирбеген мезгил мелдештен тышкаркы мезгил болуп саналат.
Допингди колдонууга каршы аракеттенүү чаралары төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
- допинг-контроль жүргүзүү;
- допингди колдонуунун алдын алуу;
- спортто допингге жол бербөөгө жана аны менен күрөшүүгө багытталган илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- спортсмендердин иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүчү каражаттарды жана ыкмаларды иштеп чыгуу боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- спортто допингге жол бербөө жана аны менен күрөшүү жаатында эл аралык кызматташууну ишке ашыруу.
Спорттук мелдештердин уюштуруучулары эл аралык спорттук уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын жана чечимдерин сактоо менен милдеттүү түрдө допинг-контроль өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоого милдеттүү.";
5) 25-статьянын 3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында кесиптик педагогдук иш жана окутуу-машыктыруу сабактары эсепке алынып каттоодон өткөн адам тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.".
2-берене.
Ушул Мыйзамдын расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 1-статьясынын 5-пунктун кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ