Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-ноябры № 612
2018-жылдын 1-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган Электрондук жана электротехникалык жабдуулардын калдыктарын пайдалануу жаатында КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
2018-жылдын 1-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган Электрондук жана электротехникалык жабдуулардын калдыктарын пайдалануу жаатында КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 1-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган Электрондук жана электротехникалык жабдуулардын калдыктарын пайдалануу жаатында КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.
2. Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу компетенттүү мамлекеттик органдар катары төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине Кыргыз Республикасы тарабынан Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |