Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-ноябры № 643
2019-жылдын 6-июнунда Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги менен Кытай Эл Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өтүүчү эл аралык ташуудагы товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу макулдашууну бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 6-июнунда Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги менен Кытай Эл Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өтүүчү эл аралык ташуудагы товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |