Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-ноябры № 645
Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Суу каптоодон, жер көчкүдөн жабыркаган Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айыл аймагынын Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарында жашаган жарандарды коопсуз райондорго көчүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 03-05/763 корутундусун, Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 84-б буйругун көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагында жайгашкан № 1298 контурдагы 145,9 га жайыт жерлер жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Чегиртке-Арык археологиялык эстеликтерин сактоону камсыздоо боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгууну жана ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |