КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-ноябры № 633
2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган 1999-жылдын 8-октябрындагы Эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин ортосунда алынып өтүлүүчү товарларды бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында расмий тилде кол коюлган 1999-жылдын 8-октябрындагы Эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин ортосунда алынып өтүлүүчү товарларды бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |