Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-декабры № 659
"1992-2000-жылдары берилген мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 646 токтому менен жактырылган "1992-2000-жылдары берилген мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 646 "1992-2000-жылдары берилген мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |