Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-декабры № 652
2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин бажы органдарынын интеллектуалдык менчик объектилерине болгон укуктарды коргоо чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында расмий тилде кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин бажы органдарынын интеллектуалдык менчик объектилерине болгон укуктарды коргоо чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |