Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-декабры № 654
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Монгол Өкмөтү ортосунда 2004-жылдын 1-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Туризм жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Монгол Өкмөтү ортосунда 2004-жылдын 1-мартында Бишкек шаарында кол коюлган туризм жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө монгол тарапка билдирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |