Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-декабры № 679
2020-жылдагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:
- 2020-жылдын 24-февралындагы дем алыш күнү - 2020-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;
- 2020-жылдын 9-мартындагы дем алыш күнү - 2020-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;
- 2020-жылдын 23-мартындагы дем алыш күнү - 2020-жылдын 6-январындагы иш күнүнө;
- 2020-жылдын 11-майындагы дем алыш күнү - 2020-жылдын 4-майындагы иш күнүнө которулсун.
2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине:
- 2020-жылдын 24-февралындагы дем алыш күнүн - 2020-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;
- 2020-жылдын 9-мартындагы дем алыш күнүн - 2020-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;
- 2020-жылдын 23-мартындагы дем алыш күнүн - 2020-жылдын 6-январындагы иш күнүнө;
- 2020-жылдын 11-майындагы дем алыш күнүн - 2020-жылдын 4-майындагы иш күнүнө которуу сунушталсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 20-декабрындагы N 105 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |