Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры № 675
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Региондордо чакан жана орто бизнестин субъекттерине консультациялык, маалыматтык жана башка колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондор аралык башкармалыгына жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу жана сапаттуу чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесиндеги эскертүүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде нөөмөттүк автотранспорттун 3 бирдигине чейин уруксат берилет, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин аймактык бөлүмүндө нөөмөттүк автотранспорттун 2 бирдигине чейин уруксат берилет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |