Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №131 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-декабры № 684
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Көп жылдык мөмө-жемиштерди өстүргөн айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Үрөн материалдарынын тизмесинде:
"Уруктуу мөмө берүүчү жыгач өсүмдүктөр" (отургузуу үчүн калемчелер, көчөттөр), "Данектүү мөмө берүүчү жыгач өсүмдүктөр" (отургузуу үчүн калемчелер, көчөттөр)", "Жемиштер" (отургузуу үчүн калемчелер, көчөттөр), "Жаңгак мөмөлүүлөр" (отургузуу үчүн калемчелер, көчөттөр) бөлүмдөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
ЕАЭБ ТЭИ ТН | Позициянын аталышы |
Уруктуу мөмө берүүчү жыгач өсүмдүктөр (отургузуу үчүн калемчелер, көчөттөр): | |
0602 20 800 0 | Алма багы |
0602 20 200 0 | |
0602 20 800 0 | Алмурут |
0602 20 200 0 | |
Данектүү мөмө берүүчү жыгач өсүмдүктөр (отургузуу үчүн калемчелер, көчөттөр): | |
0602 20 800 0 | Кара өрүк |
0602 20 200 0 | |
0602 20 800 0 | Алча |
0602 20 200 0 | |
0602 20 800 0 | Чие |
0602 20 200 0 | |
0602 20 800 0 | Шабдаалы |
0602 20 200 0 | |
0602 20 800 0 | Өрүк |
0602 20 200 0 | |
0602 20 800 0 | Гилас |
0602 20 200 0 | |
Жемиштер (отургузуу үчүн калемчелер, көчөттөр): | |
0602 20 800 0 | Кожогат |
0602 20 200 0 | |
0602 20 800 0 | Карагат |
0602 20 200 0 | |
0602 20 800 0 | Дан куурай |
0602 20 200 0 | |
0602 20 100 0 | Жүзүм |
Жаңгак мөмөлүүлөр (отургузуу үчүн калемчелер, көчөттөр): | |
0602 20 800 0 | Жаңгак |
0602 20 200 0 | |
0602 20 800 0 | Мисте |
0602 20 200 0 | |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 20-декабрындагы № 105 жарыяланды (3069)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |