Сравнение редакций…
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-январындагы № 4 токтомуна |
Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетин түзүү, карап чыгуу, бекитүү жана аткаруу тартиби жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (мындан ары - Бюджеттик кодекс), "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) бюджетин түзүүдө, карап чыгууда, бекитүүдө жана аткарууда бюджеттик процесстин катышуучулары тарабынан аткарыла турган эрежелерди жана жол-жоболорду белгилейт.
2. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджети - бул базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын милдеттерин жана функцияларын финансылык камсыздоо үчүн арналган акча каражаттарынын консолидацияланган фонду.
3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджети (мындан ары - бюджет) жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.
2. Бюджеттик процесстин негиздери
4. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге бюджеттин долбоору Бюджеттик кодекстин ченемдерине жана ушул Жобого ылайык түзүлөт. Бюджеттин долбоорун түзүү кезектеги бюджеттик жылдын башталышына чейин тогуз ай мурун убакыттан кечикпей башталат.
5. Бюджеттин долбоорун түзүү төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) токтому менен бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясынын;
2) Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарынын;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы);
4) өткөн мезгилдеги бюджеттин аткарылышын талдоонун.
6. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетин түзүү, бекитүү жана аткаруу баланстуулук принцибинин негизинде ишке ашырылат.
7. Бюджеттин долбоору жана аны аткаруу тууралуу отчет Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына (мындан ары - Бюджеттик классификация) ылайык түзүлөт.
3. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге карата бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорунун мазмуну
8. Бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча түзүлөт.
9. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге карата бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорунда бюджеттин төмөнкүдөй негизги параметрлери камтылат:
1) кирешелердин жалпы көлөмү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын башка бюджеттеринен алынуучу бюджеттер аралык трансферттердин жалпы көлөмү;
2) чыгашалардын жалпы көлөмү;
3) кассалык жүгүртмө накталай акчанын өлчөмү.
10. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге карата бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору төмөнкү тиркемелерди өзүнө камтыйт:
1) мыйзамдын долбооруна түшүндүрмө кат;
2) 1-тиркеме - "Кезектеги бюджеттик жылга бюджеттин ресурстары жана чыгашалары (кирешелер классификациясынын жана чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин коддору боюнча ирилештирилген көрсөткүчтөр)";
3) 2-тиркеме - "Болжолдонуучу мезгилге бюджеттин ресурстары жана чыгашалары (кирешелер классификациясынын жана чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин коддору боюнча ирилештирилген көрсөткүчтөр)";
4) 3-тиркеме - "Кирешелер классификациясынын беренелеринин (элементтеринин) коддору боюнча кезектеги бюджеттик жылга бюджеттин кирешелери";
5) 4-тиркеме - "Ведомстволук классификациянын жана чыгашалардын экономикалык классификациясынын коддору боюнча кезектеги бюджеттик жылга бюджеттин чыгашалары";
6) 5-тиркеме - "Беш белгинин деңгээлинде функциялык классификацияга жана чыгашалардын экономикалык классификациясына ылайык функциялардын коддору боюнча кезектеги бюджеттик жылга бюджеттин чыгашалары";
7) 6-тиркеме - "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын программалык негиздеги орто мөөнөттүү мезгилге карата бюджети";
8) 7-тиркеме - "Кезектеги бюджеттик жылга Бирдиктүү төлөөчү системасында саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтарга акы төлөө боюнча эсептешүүлөр үчүн пайдаланылуучу базалык ченемдер";
9) учурдагы бюджеттик жылдын бюджетинин күтүлгөн аткарылышын баалоо менен акыркы отчеттук күнгө карата бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат.
11. Бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна түшүндүрмө катта бюджеттин бардык кирешелер жана чыгашалар беренелерин экономикалык негиздөө жана бюджетти аткаруудагы тобокелдиктерди талдоо тууралуу маалымат камтылат.
4. Бюджеттин кирешелерин түзүү
12. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинин кирешелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттары катары республикалык бюджеттен алынган ассигнованиелерди;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы менен камтылбаган юридикалык жана жеке жактардын (анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн) ыктыярдуу төлөмдөрүн;
3) келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн салынган финансылык санкциялар боюнча саламаттык сактоо уюмдарынан өндүрүлгөн каражаттарды;
4) эл аралык уюмдардан алынган гранттарды;
5) социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдарды;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелерди.
13. Бардык түшкөн кирешелер кайсы булактан келип түшкөндүгүнө карабастан, Бирдиктүү казыналык эсепке чегерилет жана кийин бөлүштүрүү жана пайдалануу үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын администрациялануучу эсебинде топтолот.
14. Бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү жана аткаруу Бюджеттик классификацияга ылайык ишке ашырылат.
15. Кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджеттен ассигнованиелерди алуу үчүн бюджеттик өтүнмө белгиленген формада, республикадагы экономикалык кырдаалды эске алуу менен (калктын санын, эмгек акынын жогорулашын, коммуналдык кызматтарга тарифтердин өзгөрүшүн жана саламаттык сактоо системасынын башка артыкчылыктарын) жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жеткирилген, республикалык бюджеттен берилүүчү ассигнованиелер боюнча алдын ала эсептелген контролдук цифралардын негизинде түзүлөт.
16. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна (ҮДТ) катталган калктын саны, категориялар боюнча жеңилдик алууга укуктуу адамдардын саны, дарылоо учурларынын саны, түзүлгөн медициналык тез жардам бригадаларынын саны жана кезектеги бюджеттик жылга базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу боюнча киши башына карата чыгымдардын эсеби боюнча орточо бир жылдык болжолдуу көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлгөн бюджеттик өтүнмө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
17. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы менен камтылбаган юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр ММК полистерин сатып алуунун негизинде милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү булагы болуп эсептелет.
18. Келишимдик милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн каражаттар милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарынын финансылык санкцияларды салуу жөнүндө доо талаптарынын жана кабарламаларынын негизинде, саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин көрсөткүчтөрүнө мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн, ошондой эле көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтардын сапатына экспертизанын жыйынтыктары боюнча саламаттык сактоо уюмдарынан өндүрүлөт, алар бюджеттин киреше бөлүгүнө чегерилүүгө тийиш жана бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүнүн булагы болуп эсептелет.
19. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонд) бюджетинен милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетине берилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу каражаттарынын түшкөнү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмүн төлөөчүлөр тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга түшүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн болжолдонгон көлөмүндө каралат.
20. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү иш берүүчүлөр жана жумушчулар тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган катнашта жана өлчөмдө төлөнөт.
21. Бюджеттин киреше бөлүгүндө эл аралык уюмдардан алынган жана түзүлгөн эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда аныкталган милдеттерге жана максаттарга жетүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга арналган гранттардын, демөөрчүлүк (финансылык) жардамдын каражаттарынын түшүүсү болжолдонот.
22. Бюджеттин киреше бөлүгүндө түшүүсү жана колдонулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелер болжолдонот жана эсепке алынат.
5. Чыгашаларды болжолдоо
23. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинин чыгашалары - бул саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттерин жана функцияларын финансылык камсыздоого багытталуучу акча каражаттары.
24. Бюджеттин чыгашаларын болжолдоо жана эсепке алуу Бюджеттик классификацияга ылайык ишке ашырылат.
25. Бюджеттин чыгашаларын түзүү чыгашалардын төмөнкүдөй багыттары боюнча ишке ашырылат:
1) базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоо;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын каржылоо;
3) Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча дары-дармек менен жеңилдетилген шартта камсыз кылууну каржылоо;
4) милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык башкармалыктарынын ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо;
5) профилактика жана ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чараларды жана саламаттык сактоо жаатындагы башка максаттуу программаларды каржылоо боюнча саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды каржылоо;
6) бекитилген бюджеттин чегинде максаттуу иш-чараларга каражаттарды багыттоо аркылуу Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоонун айрым уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана финансылык тобокелдиктерин азайтууну камсыз кылуу.
26. Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоо Мамлекеттик кепилдиктер программасын, ошондой эле Өкмөт тарабынан бекитилүүчү саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка максаттуу программаларды жана иш-чараларды аткаруу үчүн бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.
27. Калктын социалдык жактан аялуу категорияларын милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
28. Бирдиктүү төлөөчү системасындагы саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтарга акы төлөө боюнча чыгашаларды каржылоо 2216-беренеси жана чыгашалардын экономикалык классификациясынын "Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар" 22161100 элементи боюнча жүргүзүлөт.
29. Мамлекеттик кепилдиктер программасын жүзөгө ашырууга республикалык бюджеттен бөлүнүүчү ассигнованиелер Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган калктын мамлекет тарабынан кепилденген базалык медициналык жана башка кызматтарды жеңилдетилген шартта жана акысыз негизде алуусун камсыз кылуу үчүн каралат.
30. Дары-дармек менен жеңилдетилген шартта камсыз кылуу боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын каржылоо милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат, алар дарыкана мекемелеринен сатып алынуучу дары-дармек каражаттарынын наркын пациент тарабынан жарым-жартылай төлөө менен дары-дармек каражаттарын рецепт менен берүү аркылуу камсыздандырылган жарандарды дары-дармек каражаттары менен камсыз кылууга багытталат.
31. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча дары-дармек менен жеңилдетилген шартта камсыз кылууну каржылоо бюджетте каралган жана рецепттер боюнча дарыкана мекемелеринен сатып алынуучу дары-дармек каражаттарынын наркын пациент тарабынан кошумча төлөө менен дары-дармек каражаттарын рецепт берүү аркылуу пациенттердин жеңилдиктерге укуктуу категориясын дары-дармек менен жеңилдетилген шартта камсыз кылууга багытталган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.
32. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкты дары-дармек менен жеңилдетилген шартта камсыз кылууга багытталган каражаттардын көлөмү Мамлекеттик кепилдиктер программасы менен регламенттелген оорулар менен саламаттык сактоо уюмдарында диспансердик каттоодо турган жана калкты дары-дармек менен жеңилдетилген шартта камсыз кылуу укугу бар бир оорулуу пациентке бир жылга дары-дармек каражаттарын берүүнүн белгиленген ченеминин негизинде түзүлөт.
33. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык башкармалыктарынын ишин каржылоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу бюджетте ушул максаттарга каралган жана мамлекеттик органдын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн арналган каражаттардын көлөмүндө ишке ашырылат.
34. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык башкармалыктарынын бюджеттик сметасын түзүү жана аткаруу чыгашалардын экономикалык классификациясынын тиешелүү беренелеринин жана элементтеринин негизинде чыгашалардын түрлөрү боюнча ишке ашырылат.
35. Профилактика жана ден соолукту чыңдоо иш-чараларын каржылоо боюнча саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды финансылык камсыздоо бюджетте каралган жана медициналык жабдууларды, дары-дармек каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды, медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн транспорттук каражаттарды, саламаттык сактоо уюмдары үчүн катуу жана жумшак инвентарды сатып алууга арналган каражаттардын чегинде ишке ашырылат. Профилактика жана ден соолукту чыңдоо иш-чараларын каржылоо боюнча саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды финансылык камсыздоого каражаттар милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшкөн каражаттарынын бекитилген көлөмүнүн 2 пайызынан кем эмес өлчөмүндө каралат.
36. Профилактика жана ден соолукту чыңдоо иш-чараларын каржылоо боюнча саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө иш-чараларды финансылык камсыздоо үчүн багытталган каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
37. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген, бюджети толук кандуу иштөө үчүн жетишсиз болгон саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун камсыздоо жана финансылык тобокелдиктерин азайтуу корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтар боюнча чыгымдарын жабууга каражаттарды багыттоо аркылуу ишке ашырылат.
38. Саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун камсыз кылууга жана финансылык тобокелдиктерин азайтууга багытталуучу каражаттардын көлөмү жана саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
39. Бюджеттин чыгаша бөлүгүндө милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча түшкөн каражаттардын эсебинен милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан финансылык каражаттар камсыздандыруу запас түрүндө каралат (резервге коюлат). Камсыздандыруу запасы саламаттык сактоо уюмдары тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча берилүүчү медициналык жана башка кызматтарды каржылоого багытталган каражаттардын жалпы көлөмүнөн бир айлык каржылоодон кем эмес көлөмдө түзүлөт. Камсыздандыруу запасынын каражаттары төмөнкүдөй резервге алынат:
1) бюджеттик жыл ичинде болгон жаратылыш кырсыгы, кыйроолор, террордук актылар жана башка өзгөчө кырдаалдар менен байланышкан милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын финансылык камсыздоо менен оор кырдаалдар келип чыккан учурга;
2) республикалык бюджеттен берилүүчү ассигнованиелер өз убагында эмес же жетишсиз бөлүнгөндө бюджеттин кирешелеринде жетишсиздик пайда болгон учурга же милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча пландалган каражаттардын көлөмү толук эмес түшкөн учурга.
40. Камсыздандыруу запасынын каражаттарын түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
41. Калкка көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтар үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдарын жабуу боюнча чыгымдарды каржылоо тилектештик принцибин сактоо менен жана калкка медициналык жана башка кызмат көрсөтүү жөнүндө саламаттык сактоо уюмдары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ишке ашырылат.
42. Калкка медициналык жана башка кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы саламаттык сактоо уюму менен бир бюджеттик жылга жана учурдагы бюджеттик жылдын 1-мартынан кечиктирбестен, бюджеттик жылдын ичинде көрсөтүлүүчү кызматтардын жалпы көлөмүнө түзүлөт.
Келишимде медициналык жана башка кызматтардын түрлөрү көрсөтүлөт, алардын көлөмү катталган калктын саны боюнча сандык көрсөткүчтөрдүн, дарыланып чыккан учурлардын санынын, жеңилдик алууга укуктуу жарандардын санынын, түзүлгөн медициналык тез жардам бригадаларынын санынын негизинде эсептелет.
43. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү боюнча саламаттык сактоо уюмдары менен түзүлгөн келишимдердин реестрин жыл сайын жүргүзүп турат.
6. Бюджеттин долбоорун сунуштоонун, карап чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби
44. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге бюджеттин долбоору бюджеттик календарга ылайык түзүлөт.
45. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге бюджеттин долбоору кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 15-сентябрынан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизилет.
46. Бюджеттин долбоору Өкмөт тарабынан каралат жана кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге республикалык бюджеттин долбоору менен бир мезгилде кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбей Жогорку Кеңешке сунушталат.
47. Бюджетти Жогорку Кеңеш тарабынан карап чыгуу жана бекитүү республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору менен бир мезгилде, үч окуудан, кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин бир ай калган мөөнөттө кечиктирбей ишке ашырылат.
48. Жогорку Кеңеш тарабынан кезектеги жылга жана болжолдонуучу мезгилге бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карап чыгуунун предмети болуп милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинин негизги параметрлери эсептелет, аларга төмөнкүлөр кирет:
1) кезектеги бюджеттик жылда жана болжолдонуучу мезгилде болжолдонгон кирешелердин жалпы көлөмү;
2) кезектеги бюджеттик жылда жана болжолдонуучу мезгилде бюджеттик системанын башка бюджеттеринен алынуучу бюджеттер аралык трансферттердин жалпы көлөмү;
3) кезектеги бюджеттик жылда жана болжолдонуучу мезгилде болжолдонгон чыгашалардын жалпы көлөмү.
7. Бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү
49. Бюджет жөнүндө мыйзамга учурдагы бюджеттик жылдын ичинде эки жолудан көп эмес өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн: биринчиси - учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнуна чейин, экинчиси - 1-ноябрына чейин.
50. Учурдагы бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору Өкмөт тарабынан жактырылат жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.
51. Бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилген бюджеттик параметрлерге өзгөртүүнү киргизүү зарыл болгондо, ага тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизгенге чейин Өкмөттүн чечимине ылайык Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен аткарылышы мүмкүн.
8. Бюджетти аткаруунун негиздери
52. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетин аткаруу бюджеттин жыйынтык жазуусунун жана бюджетти аткаруунун кассалык планынын негизинде уюштурулат.
53. Бюджеттин жыйынтык жазуусу - бекитилген бюджеттин негизинде түзүлүүчү, бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын кварталдарга бөлүштүрүүнү жана Бюджеттик классификацияга ылайык активдер жана милдеттенмелер менен операцияларды камтыган документ.
54. Бюджеттин жыйынтык жазуусу кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге карата бюджет жөнүндө мыйзамды расмий жарыялаган күндөн тартып он төрт календардык күндүн ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ведомстволук буйрук менен бекитилет.
55. Бюджеттин жыйынтык жазуусунун бекитилген көрсөткүчтөрү кезектеги жылга жана болжолдонуучу мезгилге карата бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилген бюджеттик параметрлерге шайкеш келиши керек.
56. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттин бекитилген жыйынтык жазуусунун негизинде төмөнкүлөрдү түзөт жана бекитет:
- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калкка медициналык жана башка кызматтарды көрсөткөндүгүнө акы төлөө боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн өзүнүн аймактык башкармалыктары жана Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары боюнча бюджеттик жазууну (каражаттарды кварталдар боюнча бөлүштүрүү планын);
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аппаратынын жана анын аймактык башкармалыктарынын административдик-башкаруучулук чыгымдары боюнча; базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын жүзөгө ашырууга багытталган чыгымдар боюнча; жарандарды дары-дармек менен жеңилдетилген шартта камсыз кылуу боюнча; башка чыгымдар боюнча бюджеттик сметаларды.
57. Бюджеттик сметалар милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу адамдары менен макулдашылат жана учурдагы бюджеттик жылдын 1-мартынан кечиктирбей жетекчи тарабынан бекитилет.
58. Бюджеттик жазуунун негизинде саламаттык сактоо уюмдарынын кирешелер жана чыгашалар сметалары түзүлүп, милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу адамдары менен макулдашылат жана учурдагы бюджеттик жылдын 1-мартынан кечиктирбей жетекчи тарабынан бекитилет.
59. Зарыл болгон учурда, негизделген себептер боюнча бекитилген бюджеттик сметаларга, чыгашалар жана кирешелер сметаларына тиешелүү маалым кат-кабарламалардын негизинде сметалык багыттамаларды азайтуу же көбөйтүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилет.
60. Учурдагы бюджеттик жылга бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алынган учурда, бюджеттин жыйынтык жазуусуна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, алар ведомстволук буйрук менен бекитилет.
61. Бюджет ай сайын бекитилүүчү кассалык пландын негизинде аткарылат. Кассалык план бюджетке кассалык түшүүлөрдүн болжолун жана учурдагы бюджеттик жылда бюджеттен кассалык төлөмдөрдү (чыгымдарды) караштырат.
62. Кассалык чыгымдар бекитилген бюджеттик сметаларга ылайык бекитилген кассалык пландын чегинде ишке ашырылат. Бюджетти кассалык аткаруу боюнча операцияларды эсепке алуу бюджетти болжолдоо жана аткаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ачылган өздүк эсептерде жүргүзүлөт.
63. Бюджетти аткаруу боюнча чыгымдардын операциялары казыналык жол-жоболорго ылайык жана кассалык чыгымдоого өтүнмөлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат. Кассалык чыгымдоого өтүнмөлөр келишимдик милдеттерди аткаруу үчүн казыналыктын автоматташтырылган маалыматтык системасында бюджеттик каражаттардын алуучулары тарабынан толтурулат жана текшерүү жана ырастоо үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө алардын өздүк эсептерин тейлөө жери боюнча берилет. Кассалык чыгымдоого өтүнмөлөр электрондук түрдө электрондук санарип кол тамгасын колдонуу менен берилет.
64. Кассалык чыгымдоого өтүнмөлөрде камтылган маалыматтардын негизинде ырастоо жол-жоболору аяктагандан кийин казыналыктын автоматташтырылган маалыматтык системасында электрондук төлөм документтери автоматтык түрдө түзүлөт, алардын негизинде бюджетти болжолдоо жана аткаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары - Улуттук банк) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Өкмөт тарабынан бекитилген Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибине ылайык төлөмдөр жүргүзүлөт.
65. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетин аткаруу боюнча операциялар учурдагы бюджеттик жылдын 31-декабрында аяктайт.
66. Учурдагы бюджеттик жылда кабыл алынган бюджеттик милдеттенмелер боюнча операциялар аяктагандан кийин милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Бирдиктүү казыналык эсебинин курамында турган администрацияланган эсептин каражаттарынын калдыгы кезектеги бюджеттик жылдын бюджетинде кезектеги бюджеттик жылдын башындагы калдык катары эске алынат.
67. Республикалык бюджеттен берилүүчү ассигнованиелердин пайдаланылбаган калдыктары республикалык бюджеттин кирешесине кайтарылат. Республикалык бюджеттен берилүүчү ассигнованиелердин пайдаланылбаган калдыктары боюнча салыштырып текшерүү акты түзүлөт.
9. Отчеттук жылда бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту түзүү
68. Бюджеттик отчетторду милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Өкмөт тарабынан бекитилген тартипте отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча түзөт.
69. Отчеттук жылда бюджетти аткаруу тууралуу отчет төмөнкүдөй отчетторду камтыйт:
1) кирешелер, чыгашалар, дефицит/профицит жана башка көрсөткүчтөр боюнча отчеттук жылда бюджетти аткаруу тууралуу отчет;
2) отчеттук жылы камсыздандыруу запасынын каражаттарын пайдалануу тууралуу отчет;
3) отчеттук жылы саламаттык сактоо уюмдарында техникалык жабдууларды жакшыртуу жана медицина жаатында жаңы технологияларды киргизүүгө арналган каражаттарды пайдалануу тууралуу отчет;
4) отчеттук жылы кредитордук жана дебитордук карыздардын абалы тууралуу отчет;
5) отчеттук жылга карата бюджетти аткаруу тууралуу отчетко түшүндүрмө кат, анда пландалган максаттар боюнча жыйынтык көрсөткүчтөргө жетишүү тууралуу маалымат, бюджеттин бекитилген параметрлеринин жылдык бюджетти аткаруунун иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнөн объективдүү жана субъективдүү четтеп кетүүлөрү тууралуу маалыматтар камтылган;
6) отчеттук жылы Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары менен түзүлгөн келишимдердин реестри;
7) региондо жашаган тейленүүчү калктын саны жана түзүлгөн медициналык тез жардам бригадаларынын отчеттук жылдагы саны тууралуу отчет;
8) отчеттук жылы ҮДТта катталган жыныстык/курактык топтор боюнча калктын саны тууралуу отчет;
9) тейленүүчү калктын саны тууралуу отчет жана отчеттук жылы категориялар боюнча жеңилдик алууга укугу бар адамдардын саны жөнүндө отчет;
10) отчеттук жылы региондор боюнча стоматологиялык бейтапканалар тарабынан тейленүүчү калктын саны тууралуу отчет;
11) отчеттук жылга карата клиникалык-статистикалык формалардын негизинде даярдалган дарыланып чыккан учурлар боюнча отчет.
70. Бюджетти аткаруу тууралуу отчет отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-апрелинен кечиктирбей түзүлөт жана коомдук талкуудан өтүүгө тийиш.
71. Коомдук талкуудан өткөндөн кийин отчеттук жылга бюджетти аткаруу тууралуу отчет жөнүндө мыйзамдын долбоору даярдалып, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбей Өкмөттүн кароосуна киргизилет.
72. Отчеттук жылга карата бюджетти аткаруу тууралуу отчет жөнүндө мыйзамдын долбоору Өкмөттө каралгандан кийин, мыйзамдын долбоору отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-майынан кечиктирбей Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.
73. Отчеттук жылга карата бюджеттин аткарылышына жыл сайын Эсептөө палатасы тарабынан аудит жүргүзүлүшү керек, анын жыйынтыгы боюнча отчеттук жылга карата бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу отчет түзүлүп, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-сентябрына чейин Жогорку Кеңешке киргизилет.
74. Отчеттук жылга карата бюджетти аткаруу отчету жөнүндө мыйзамдын долбоору отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбей Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда каралат.
10. Бюджет жөнүндө маалыматка жетүүнү камсыз кылуу
75. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий сайтында төмөнкү документтерди жайгаштырат:
1) бюджеттин долбоорун;
2) бюджет жөнүндө мыйзамды;
3) бюджеттин аткарылышына жарым жылдык сереп салуу;
4) ай сайын түзүлүүчү кассалык пландар;
5) бюджеттин аткарылышы тууралуу ай сайын түзүлүүчү отчеттор;
6) отчеттук жылга карата бюджетти аткаруу тууралуу отчет.
76. Ушул Жобонун 75-пунктуна ылайык жайгаштырыла турган бюджеттик маалымат бекитилгенден (жактырылгандан) кийин он беш күндүн ичинде белгиленген тартипте жайгаштырылат.
11. Финансылык тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
77. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык башкармалыктарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана кызмат адамдары бюджетти аткаруу процессинде бюджеттик мыйзамдардын жана саламаттык сактоо, милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылышат.
Бюджетти түзүү, карап чыгуу, түзөтүү жана аткаруу жаатындагы бюджеттик мыйзамдардын жана ушул Жобонун талаптарын талаптагыдай эмес аткаруу же аткарбоо боюнча финансылык тартип бузуу аныкталган учурда, милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык башкармалыктарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана кызмат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ