Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 716
Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламентин бекитүү жөнүндө
Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгон адамдарды, шектүү жана айыпталуучу катары тергөө изоляторлорунда кармалган адамдарды документтештирүү боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн регламенттөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 14-январындагы № 3 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |