Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 720
"Жаныбарларды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жаныбарларды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
| |||
| ||||
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Жаныбарларды коргоо жөнүндө
Ушул Кыргыз Республикасынын Мыйзамы адеп-ахлактуулукту бекемдөөгө жана коомдун гумандуулук принциптерин сактоого, жаныбарларды багууну жана аларга карата мамилени жакшыртууга, жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоонун алдын алууга багытталган.
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
ээси жок жаныбар - ээси жок же ээси белгисиз жаныбар;
жаныбарды аргасыздан өлтүрүү - эгерде жаныбарды дарылоо же тирүү калтыруу аны узакка ооруганга жана кыйналууга дуушар кылса, экономикалык чыгымдарды болтурбоо үчүн, социалдык кооптуулуктарды азайтуу, жарандардын коопсуз чөйрөгө болгон укуктарын камсыздоо максатында жаныбарды өлтүрүү;
жаныбардын ээси - жаныбар менчик укугунун же башка мыйзамдуу негизде таандык болгон жеке же юридикалык жак;
виварий - эксперименттерди жүргүзүү үчүн же окуу процессинде пайдаланылуучу эксперименттик жаныбарларды кармоого же өстүрүүгө арналган эксперименттик-биологиялык мекемедеги (илимий-изилдөө институтундагы, лабораториядагы) имарат же өзүнчө жай;
жапайы жаныбарлар - жашоо чөйрөсү табигый жаратылыш болуп эсептелген жаныбарлар жана алардын тукумдары;
үй жаныбарлары - турак жайда же үйдүн жанында адамдын туруктуу же убактылуу контролунун астында анын багуусунда турган жана эстетикалык муктаждыктарды канааттандыруу үчүн колдо багылган жаныбарлар (ит, мышык, канаттуулар ж.б.);
жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоо - жаныбардын өлүмүнө же азап тартуусуна (мертинүү, жаракат алуу, тамак-аштан, суудан ж.б. ажыратуу) алып келген аракет, ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу;
айыл чарба жаныбарлары - тамак-аш азыктарын, чийки заттарды же башка материалдык байлыктарды алуу, ошондой эле транспорттук жана жумушчу (жүк артуучу, сүйрөөчү) функцияларды аткаруу үчүн багылуучу жаныбарлар;
кызматтык жаныбарлар - атайын даярдалган жана издөө, кайгуул-күзөттүк, издөө-куткаруу жана башка кызматтык максаттарда, ошондой эле мамлекетти коргоо жана коопсуздукту, коомдук тартипти камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын коргоо максаттарында пайдаланылуучу жаныбарлар;
капаста кармоо шарттары - жаныбарлардын атайын жабдылган жайлардан сырткары эркин жүрүүсүнө мүмкүндүк бербеген жана жаныбарлардын жашоосу толугу менен адамдан көз каранды болгон жасалма түрдө түзүлгөн жашоо шарты;
жаныбарларга эксперимент жүргүзүү - эксперимент жүргүзүлүүчү жаныбарды илимий, билим берүү, медициналык, биологиялык, ветеринардык, ошондой эле диагностикалык максаттарда пайдалануу, анын жүрүшүндө атайын же көрүнө жаныбардын туулушу же өлүмү менен бүткөн ишти кошо алганда жаныбар ооруга, кыйналууга же жаракат алууга дуушар болушу мүмкүн;
эксперимент жүргүзүлүүчү жаныбар - илимий, билим берүү, медициналык, биологиялык, диагностикалык, ветеринардык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу жаныбар;
эвтаназия - жаныбарды оорутуп жана жанын кыйнабастан тез жана кайра тирилбегидей өлүм алып келүүчү методдорду колдонуу акты.
2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Жаныбарларды ырайымсыз мамиле кылуудан коргоо ушул Мыйзам менен жана Кыргыз Республикасынын жаныбарларды ырайымсыз мамиле кылуудан коргоо чөйрөсүндөгү башка мыйзам актыларына ылайык укуктук жөнгө салынат.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу үй жана айыл чарба жаныбарларына, ошондой эле жарым-жартылай эркин же колдо багылган жаныбарларга карата жасалган аракеттер жаатындагы мамилелерге жайылтылат.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө, аңчылык жана мергенчилик чарбасы, балык чарбасы жана балык запастарын сактоо жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелерге, ошондой эле аквакультура жана балык уулоо жаатындагы мамилелерге жайылтылбайт.
3-берене. Жаныбарларга мамиле жасоонун негизги принциптери
Жаныбарларга мамиле жасоо төмөнкү адеп-ахлактуулук жана гумандуулук принциптерине негизделет:
- жаныбарларга эмоцияны жана физикалык азап тартууну сезүүгө жөндөмдүү жандык катары гумандуу мамиле жасоо;
- жаныбарлардын биологиялык, түрдүк жана жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык жашоо шартын камсыздоо;
- жаныбарларды ырайымсыз мамиле жасоодон коргоо, алардын ырайымсыз өлтүрүлүүсүнө жол бербөө;
- адамдын жаныбарлардын тагдырына болгон жоопкерчилиги;
- калкты жаныбарларга адеп-ахлактуу жана гумандуу мамиле кылууга тарбиялоо.
4-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаныбарларды ырайымсыз мамиледен коргоо боюнча компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаныбарларды коргоо боюнча компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- жаныбарларды коргоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыздоо;
- жаныбарларды коргоо боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жана аткаруу;
- жаныбарларды коргоо жаатындагы жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
5-берене. Жаныбарларды коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Жаныбарларды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын функцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
6-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаныбарларды коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенциясынын чегинде:
- жаныбарларды коргоо жаатындагы мамлекеттик программалардын аткарылышын камсыздайт;
- тиешелүү аймакта ушул Мыйзамдын ченемдеринин ишке ашырылышын жана сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жаныбарларды коргоо жаатындагы мамлекеттик программаларды аткаруудагы ишин координациялайт;
- тиешелүү аймакта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар менен жаныбарларды коргоо маселелери боюнча биргеликте иш жүргүзөт;
- жаныбарларды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде:
- жаныбарларды коргоо жаатындагы мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышышат;
- жаныбарларды коргоо маселелери боюнча маалыматтык иш-чараларды уюштурушат жана өткөрүшөт;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кароосуз калган жаныбарлар маселелери боюнча чараларды көрүшөт.
7-берене. Жаныбарлардын ээлеринин, жаныбарларды багууга жооптуу адамдардын милдеттери жана жаныбарларды ырайымсыз мамиле жасоодон коргоо
Жаныбарларды багууда алардын ээлери жана жаныбарларды багууга жооптуу адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Мыйзамдын жана жаныбарларды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, анын ичинде ветеринардык-санитардык жана зоогигиеналык талаптарды сактоого;
- жаныбарларга өз убагында ветеринардык жардам көрсөтүүнү жана дарылоочу-алдын алуучу ветеринардык чараларды жүргүзүүнү камсыздоого;
- убактылуу бөлүү, контрацептивдик каражаттарды колдонуу, стерилдөө, бычуу, биттөө жолдору менен жаныбарлардын күтүүсүз төлдөшүнүн алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө;
- санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого жана көпчүлүк болуучу жерлерди жаныбарлардын булгоосуна жол бербөөгө;
- жалпы пайдалануучу жайларда жана аймактарда жаныбарлардын жашоо продуктуларынан тазалоону камсыздоого;
- адамдардын жана жаныбарлардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучунан коопсуздукту, ошондой эле адамдардын жана юридикалык жактардын мүлкүн жаныбарлардын зыян келтиришинен сактоону камсыздоо;
- башка адамдардын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу.
Жаныбардын ээси жаныбарга болгон укугунан баш тарткан же аны андан ары кароо мүмкүндүгү болбогон учурларда, жаныбарды күтүүгө шарт түзүп берүүчү жаңы ээсине же жаныбарлар үчүн баш маанек жайларына өткөрүп берүүгө милдеттүү.
2. Жаныбарларды багууда төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- жаныбарларга жаракат келтирүүчү жабдууларды жана башка шаймандарды пайдаланууга;
- жаныбарларды уруп-согууга, мертинтүүгө, жаныбарларды коркутуп, денесин оорутуп, кыйналууга дуушар кылган аракеттерге жана кыйноого;
- жаныбарларды өтө оор физиологиялык күч келтирүү шарттарында пайдаланууга;
- кыйналууга алып келүүчү генетикалык өзгөрүүлөрү бар жаныбарларды багууга;
- эркин кирүү үчүн ачык болгон жерлерде жырткыч жаныбарларды башка тирүү жаныбарлар менен азыктандырууга;
- коргонууга зарыл болгон же аргасыз зарылдык болгон, кызматтык жаныбарларды пайдалануу жана аларды үйрөтүү учурларынан сырткары жаныбарларды адамдарга же башка жаныбарларга тукурууга (кол салууга мажбурлоого);
- жаныбарлардын ээлеринин жаныбарлардын баш маанек жайларына жаныбарларды жайгаштырганга же башка мыйзамдуу жолдор менен өткөрүп бергенге чейин аларды багуу милдеттерин аткаруудан баш тартууга;
- жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоону пропагандалоого;
- жаныбарларга адеп-ахлактуулук жана гумандуулук принциптерине каршы келген аракеттерди жасоого.
8-берене. Жаныбарларды илимий, билим берүү, медициналык, биологиялык, ветеринардык, ошондой эле диагностикалык максаттарда пайдалануу
1. Башка альтернативдүү методдор жана объектилер менен алмаштыруу мүмкүндүгү болбогон учурларда жаныбарларды илимий, билим берүү, медициналык, биологиялык, ветеринардык, ошондой эле диагностикалык максаттарда пайдаланууга жол берилет.
2. Эксперимент жүргүзүлүүчү жаныбарлар эксперимент жүргүзүүчү жаныбар катары эксперимент жүргүзүүчү-биологиялык мекемелерде туулушу жана өстүрүлүүсү зарыл жана эсепке алынууга тийиш.
Жаныбарлар виварийлерге изилдөөгө жарактуу жаныбарларды өстүргөн питомниктерден да келип түшүшү мүмкүн.
Эксперимент жүргүзүүчү жаныбарларды алуунун, эсепке алуунун тартибин жана багуунун талаптарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
3. Эксперимент жүргүзүлүүчү жаныбарларга максатына карабастан, аларга жаракат же катуу жана узакка созулган ооруксунтуу алып келүүчү изилдөө иштери оорутпоочу шарттарда жүргүзүлөт.
Эксперимент жүргүзүлүүчү жаныбарларга карата девокализация методун (хирургиялык жол менен жаныбарлардын үн чыгаруу мүмкүндүгүнөн ажыратуу) колдонууга тыюу салынат.
4. Эксперимент жүргүзүлүүчү жаныбарларга квалификациялуу камкордук көрүү камсыздалышы керек. Жашап кетүүгө жөндөмсүз эксперимент жүргүзүлүүчү жаныбар оору азабы келгенге чейин эвтаназия методу менен өлтүрүлөт.
5. Жаныбарларды илимий, билим берүү, медициналык, биологиялык, ветеринардык, ошондой эле диагностикалык максаттарда пайдаланууга төмөнкү учурларда тыюу салынат, эгерде:
- окшош илимий баалуулуктагы маалыматтарды жаныбарларды пайдаланбастан алууга мүмкүн болсо;
- окшош илимий баалуулуктагы маалыматтар бар болсо;
- изилдөөнүн жыйынтыгы адамдар жана жаныбарлар үчүн зарыл болбосо.
6. Кыргыз Республикасынын соттук-эксперттик иштер жана ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык соттук экспертиза жүргүзүүдө жаныбарларды изилдөө объектиси катары пайдаланууга болот.
9-берене. Жаныбарларды маданий оюн-зоок, спорттук иш-чараларда, көргөзмөлөрдө жана көңүл ачууларды уюштурууда пайдалануу
1. Жаныбарларды маданий оюн-зоок, спорттук иш-чараларда, көргөзмөлөрдө, пайда көрүү максатында көңүл ачууларды уюштурууда (анын ичинде зоопарктарда, зообакчаларда, цирктерде, зоотеатрларда, дельфинарийлерде, океанариумдарда), телеберүү жана киносүрөт тартуу процессинде, агартуучулук ишинде, демонстрациялоо максатында (анын ичинде чекене соода жана кызмат көрсөтүү, коомдук тамактануу жайларында) пайдаланууга болот.
2. Жаныбарларды пайдаланууга ветеринардык коштоочу документтердин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген жаныбарларды пайдалануу талаптарын сактоону эске алуу менен жол берилет.
3. Маданий оюн-зоокторду, спорттук иш-чараларды өткөрүүдө, көргөзмөлөрдө, телеберүү жана киносүрөт тартууларда, көңүл ачууларды уюштурууда, ошондой эле жаныбарларды үйрөтүүдө жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоого тыюу салынат.
Жаныбарлардын катышуусу менен коштолгон маданий оюн-зоокторду, спорттук иш-чараларды өткөрүүдө, көргөзмөлөрдө, телеберүү жана киносүрөт тартууларда, көңүл ачууларды уюштурууда ветеринардык врачтын катышуусу зарыл.
Жаныбарларды маданий оюн-зооктук, спорттук иш-чараларда пайдаланууда алардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жаныбарлардын ден соолугуна зыян алып келүүчү химиялык препараттарды жана башка заттарды колдонууга тыюу салынат.
4. Жаныбарларды оюн-зооктук максаттарда пайдаланууну караштырган иштер жаныбарлар кармалуучу жайларда же буга атайын арналган имараттарда, курулмаларда, өзгөчөлөнгөн аймактарда жүзөгө ашырылат.
5. Жаныбарлардын катышуусундагы маданий оюн-зооктук, спорттук иш-чараларды, көргөзмөлөрдү, жана башка көңүл ачууларды уюштуруучулар адамдардын коопсуздугун камсыздоосу зарыл.
10-берене. Кызматтык жаныбарлар
1. Кызматтык жаныбарларды издөө, кайгуул-күзөттүк, издөө-куткаруу жана башка кызматтык максаттарда, ошондой эле коргоо жана мамлекеттин коопсуздугу, коомдук тартипти камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын коргоо максаттарында пайдаланууга болот.
2. Кызматтык жаныбарларды күтүүгө жана пайдаланууга карата талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
11-берене. Ээси жок жаныбарлар
1. Ээси жок жаныбарларды кармоо иштери аларды идентификациялоо жана ээлерине кайтаруу, эпизоотиянын жана (же) ээси жок жаныбарлар козгогучун алып жүрүшү мүмкүн болгон, адамдарга жана жаныбарларга бирдей жугуштуу оорулардын таралуусу менен байланышкан башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, алардын санын жөнгө салуу, жарандардын ден соолугуна жана жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу, ээси жок жаныбарларга гумандуу мамиле жасоо, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнү болтурбоо, ээси жок жаныбарлардын өмүрүнө коркунуч жаралса, жардам берүү максатында жүргүзүлөт.
Кармалган ээси жок жаныбарлар жаныбарлардын баш маанек жайларына жайгаштырылат.
2. Кармалган ээси жок жаныбарлар үчүн эпизоотиялык бейпилдикти камсыздоо максатында жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарына каршы алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлөт.
Ээси жок жаныбарлардын санын жөнгө салуу стерилдөө (бычуу, биттөө) жана эвтаназия методу менен жүзөгө ашырылат.
Алдын алуу иш-чаралары жана ээси жок жаныбарларды стерилдөө (бычуу, биттөө) ветеринардык врач тарабынан жүргүзүлөт.
Агрессивдүүлүктү көрсөтпөгөн, ээси жок жаныбарларды алдын алуу иш-чараларын жана стерилдөө (кастрациялоо) методдорун аткаргандан кийин алардын мурдагы жашаган жерлерине кайрадан коё берүүгө болот.
3. Эпизоотиянын жана (же) жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын жайылышы менен байланышкан башка өзгөчө кырдаалдардын пайда болушунда же жайылуу коркунучунда, ээси жок жаныбардын ээсин аныктоого же аны жаңы ээсине өткөрүп берүүгө мүмкүндүк болбогон учурда, эвтаназия методун колдонууга болот.
4. Ээси жок жаныбарларды кармоонун, стерилдөөнүн жана өлтүрүүнүн, алардын тарптарын жок кылуунун, ошондой эле алардын эсебин алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
12-берене. Жаныбарлардын баш маанек жайлары
1. Жаныбарлардын баш маанек жайлары жаныбарларды, анын ичинде ээси жок жаныбарларды, ошондой эле аларга болгон менчик укугунан ээси баш тарткан жаныбарларды багуу максатында түзүлөт.
Менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар жана жеке жактар баш маанек жайларынын ээлери боло алышат.
2. Жаныбарлардын баш маанек жайы өз ишин атайын бул үчүн арналган имараттарда, курулмаларда жүзөгө ашырат.
Жаныбарлардын баш маанек жайларын турак жайларда уюштурууга жол берилбейт.
3. Баш маанек жайынын ээлери же ыйгарым укуктуу адамдар жаныбарларды баш маанек жайында кармоодо төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) баш маанек жайына келип түшкөн жаныбарларга ветеринардык кароо жүргүзүү жана карантинге алуу, ал эми зарылдыкка жараша ага квалификациялуу ветеринардык жардам көрсөтүү;
2) жаныбарлардын баш маанек жайына келип түшкөн жаныбарлардын жана жаныбарлардын баш маанек жайынан чыгарылган жаныбарлардын эсебин алуу;
3) жаныбарларды кармоонун талаптагыдай шарттарын камсыздоо;
4) баш маанек жайында багылган жаныбарлардын көбөйүшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүү (бөлүү, стерилизациялоо, кастрациялоо, контрацептивдик каражаттарды колдонуу ж.б.);
5) ар бир жаныбарга уйкуга, кыймыл-аракетке, табигый активдүүлүккө, толук рациондуу балансташкан тамак-ашка (тоют) болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн бирдей мүмкүндүктөрдү камсыздоо;
6) мурдагы ээлерине кайтаруу же алардын жаңы ээсин табуу максатында массалык маалымат каражаттарына же Интернет маалымат-телекоммуникациялык тармактарына баш маанек жайларындагы ээси жок жаныбарлар жана менчик укугунан ээси баш тарткан жаныбарлар жөнүндө маалыматтарды (сүрөттөрүн, кыскача баяндамасын, табылган күнү жана жайы жана башка кошумча маалыматтар) жайгаштыруу;
7) баш маанек жайларындагы менчик укугунан ээси баш тарткан жаныбарларды өмүрүнүн аягына же аларды жаңы ээсине өткөрүп бергенге чейин багуу;
8) жоголгон жаныбардын ээсине же ыйгарым укуктуу адамга баш маанек жайларындагы жаныбарларды карап чыгуу жолу менен жоголгон жаныбарды издөөгө мүмкүндүк берүүнү камсыздоо;
9) жайды санитардык тазалоо жана дезинфекциялоо күндөрүнөн башка күндөрү жаныбардын ээсин табуу же жаңы ээсине өткөрүп берүү үчүн жарнамалык иш-чараларды жүргүзүү максатында баш маанек жайдын ээси белгилеген убакытта жаныбарлардын баш маанек жайларына башка адамдардын кирүүсүн камсыздоо.
Баш маанек жайларындагы ээси жок жаныбарларды эксперимент жүргүзүү максатында пайдалануу үчүн жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
4. Жаныбарлардын баш маанек жайларында жаныбардын ээси менен макулдашуу боюнча жаныбарды убактылуу багуу, ошондой эле ветеринардык кызматтарды көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
5. Жаныбарды ээсине кайтаруу учурунда баш маанек жайынын ээси жаныбардын ээсинен жаныбарды багууга байланышкан чыгымдарды кайтарып алууга укуктуу.
13-берене. Жаныбарларга ветеринардык жардам көрсөтүү
1. Жаныбардын ээси же жаныбарды багууга жооптуу адам жаныбарга квалификациялык ветеринардык жардам көрсөтүүнү камсыздоого милдеттүү.
2. Жаныбарга катуу жана узакка созулган ооруксунуу алып келүүчү ветеринардык процедуралар ооручу сезимдерин жок кылуу ыкмасы менен жасалууга тийиш.
3. Ветеринардык тейлөө калкка жаныбарларды эвтаназиялоо боюнча кызмат көрсөтүүнү камтыйт.
14-берене. Жаныбарларды өлтүрүү
1. Жаныбарларды өлтүрүү, айыл чарба жаныбарларын мууздоону кошо алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык ишке ашырылат.
2. Жаныбарларды өлтүрүүгө төмөнкү учурларда жол берилет:
1) тамак-аш продуктуларын же өндүрүш сырьёлорун (жүн, тери, мамык, булгаары, сөөк) алуу үчүн;
2) жаныбардын азап тартуусун токтотуу максатында, эгерде ал башка жол менен токтотулбаса;
3) жашап кетүүгө болбой турган тубаса физиологиялык кемтиктер менен туулган жаныбарлардын жаңы туулган төлүн өлтүрүү үчүн;
4) ээси жок жаныбарлардын санын жөнгө салуу үчүн;
5) эпизоотиянын алдын алуу жана болтурбоо үчүн;
6) аргасыз зарылдык болсо же адамдын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурган жаныбардын кол салуусунан зарыл болгон коргонууда.
3. Жаныбарларды өлтүрүү жаныбардын өлүм алдында азап тартуусун болтурбоочу методдор менен жүргүзүлөт.
Айыл чарба жаныбарларын тамак-аш азыктарын алуу максатында өлтүрүү мууздоо методу менен ишке ашырылат. Мууздоо баш мээнин кан менен камсыздалышын толугу менен токтотуу методу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Муунтуу, чөктүрүү, ууландыруу, уруп-согуу, электр тогун колдонуу сыяктуу жаныбарларды өлтүрүүнүн гумандуу эмес, ырайымсыз азаптуу методдорун колдонууга тыюу салынат.
15-берене. Эвтаназия
1. Эвтаназия жаныбардын тез жана кыйналбай өлүшүн кепилдөөчү гумандуу методдор менен ишке ашырылат.
2. Жаныбарларды эвтаназиялоо ветеринардык врач тарабынан же белгилүү көндүмдөргө ээ жана тиешелүү даярдыгы бар квалификациялуу адис тарабынан ишке ашырылат.
3. Жаныбарларды эвтаназиялоону колдонуунун тартибин жана методдорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
16-берене. Жаныбарларды колдо кармоо
1. Өстүрүлгөн же кармап келинген, колдо кармоо шарттарында багылган жаныбарлар төмөнкүлөр менен камсыздалышы керек:
- ден соолугун жана жигердүүлүгүн кармап туруу үчүн зарыл болгон ичүүчү суу жана тоют, тамак менен;
- жаныбардын эс алуусу жана уктоосу үчүн өзүнүн орду болгудай тынч жана коопсуз кармоо шарттары менен;
- өз убагында диагностика жүргүзүү жана квалификациялуу дарылоо менен;
- кыйналбагыдай тиешелүү шарттар жана мамилелер;
- жүрүм-туруму үчүн жетиштүү мейкиндик жана ушуга окшош түрдөгү башка жаныбарлардын чөйрөсү менен.
Жаныбарларды колдо багууга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте регламенттелет.
2. Жапайы жаныбарларды колдо багууга алардын биологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык келген шарттары болсо жана адамдардын коопсуздугун камсыздоодо жол берилет.
Колдо багууга же жарым-жартылай эркин болгон шарттарда багууга уруксат берилген жапайы жаныбарлардын тизмесин, ошондой эле аларды багуу жана пайдалануу боюнча талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
17-берене. Жаныбарларды ташуу
1. Жаныбарларды ташууга арналган транспорт каражаты жаныбардын жаракат алуусунан жана өлүп калуусунан сактоочу атайын жабдуулар менен жабдылат.
Табигый негизде бири-бири менен байланышы бар же бири бирине бейтарап болгон жаныбарларды кошпогондо, ар түрдөгү жаныбарлар өз-өзүнчө ташылат.
2. Жаныбарларды ташуунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык ишке ашырылат.
18-берене. Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоону пропагандалоого тыюу салуу
1. Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоону пропагандалоого, ошондой эле жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылууга түрткү берген жана үндөгөн чакырыктарга тыюу салынат.
2. Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоону пропагандалоочу кино, видео жана фото материалдарды, басма жана аудиовизуалдык продукцияларды чыгарууга, жасоого, көрсөтүүгө жана жайылтууга, мындай материалдарды жана продукцияларды маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарга (Интернет тармактарына) жайгаштырууга тыюу салынат.
19-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын контролдоо
Ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, тиешелүү аймактын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенцияларынын чегинде контролдошот.
20-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын сактабагандык үчүн жоопкерчилик
Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасаган же ушул Мыйзамдын ченемдерин сактабаган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Жазык кодексинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бузуулар жана жоруктар жөнүндө кодекстерине ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
21-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|