Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 4-октябры № 174 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жалалабат областындагы Аксы районунун Караван айылдык кењешин Кербен айылдык кењеши деп кайра атоо жана Кыргыз Республикасынын Жалалабат областындагы Аксы районунун Кербен айылдык кењешинин базасында Кербен шаарын түзүү жөнүндө 2004-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан каралган эмес 1-статья. Кыргыз Республикасынын Жалалабат областындагы Аксы районунун Кара-ван айылдык кењеши Кербен айылдык кењеши деп кайра аталсын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Жалалабат областындагы Аксы районунун Кер-бен айылдык кенешинин Курулуш, Мамай, Устукан, Жетиген, Акдөбө жанаКүлүкдөбө айылдарынын администрациялык-аймактык чек араларына жакынжайгашкан Кербен айылынын базасында Кербен шаары түзүлсүн. 3-статья. Кыргыз Республикасынын Жалалабат областындагы Аксы районунун Кер-бен шаарына райондук баш ийүүдөгү шаардын статусу берилсин. 4-статья. Кыргыз Республикасынын Жалалабат областындагы Аксы районунун Кер-бен шаардык кењеши түзүлсүн. 5-статья. Кербен айылдык кењешинин депутаттарына шаардык кењештин депутатыдеген статус берилүү менен ыйгарым укуктары алар шайланган мөөнөт аяк-таганга чейин сакталсын. 6-статья. Кыргыз Республикасынын Жалалабат областындагы Аксы районунун Кербеншаарынын чек арасынын баяндалышы бекитилсин. 7-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы-на жараша мурда кабыл алынган нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүкиргизсин. 8-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев