Загрузка документа…
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 745 токтомуна) |
Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасынын иштөө тартибин, ошондой эле жарандардын жана уюмдардын расмий электрондук билдирүүлөрүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына жиберүү жана жоопторун алуу тартибин аныктайт.
2. Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы (мындан ары - ЭБС) электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы, электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы, бирдиктүү идентификациялоо системасы жана башка маалыматтык системалар менен өз ара байланышта иштейт.
3. ЭБС жетүү электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын (мындан ары - Портал) пайдалануу аркылуу ишке ашырылат.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ЭБСга жетүүнү "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ишке ашырышат. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына туташтырылбаган учурда, электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасына жетүү ошол органдын электрондук кабинети аркылуу Интернеттин жардамы менен ишке ашырылат.
2. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
5. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) билимдер базасы - колдонуучулардын электрондук билдирүүлөрү (арыздары) жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптору боюнча түзүлгөн маалыматтар базасы, ал андан ары башка сервистерди жана тиркемелерди түзүүдө пайдаланылат;
2) кыска электрондук билдирүү - ЭБС байланыш номерине, мобилдик түзүлүшүнө, электрондук билдирүүлөрдү тез алмашуу системасына жөнөтүлгөн электрондук билдирүү;
3) жеке кабинет - Порталда жайгаштырылган, Порталда каттоо жол-жобосунан өткөн колдонуучуларга электрондук билдирүүлөрдү (арыздарды) кароо статусун жана электрондук формада алынган жоопторду кароо мүмкүндүгүн берген сервис;
4) ЭБС оператору - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;
5) электрондук билдирүүлөрдү талдап чыгуу - колдонуучулардын электрондук билдирүүлөрүн жана аларга берилген жоопторду талдоо, текшерүү;
6) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жообу - мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан даярдалган текст түрүндөгү жана (же) башка комментарийлер (анын ичинде фото сүрөттөр, электрондук үлгүлөр (скан-үлгүлөр) документтер ж.б.);
7) ЭБС колдонуучусу - ЭБС аркылуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына электрондук билдирүү жиберген жеке же юридикалык жак (мындан ары - Колдонуучу);
8) жарыялоо - Колдонуучу жана мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан берилген маалыматты жалпыга жеткиликтүү болушу үчүн ээсин көрсөтпөй Порталга жайгаштыруу;
9) сурап-билүү маалыматтары - мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, анын бөлүмдөрүнүн байланыш маалыматтары, иштөө режимдери жөнүндө маалыматтар жана аталган органдардын ишине тиешелүү башка маалыматтар;
10) электрондук билдирүү (билдирүү) - колдонуучу ЭБС аркылуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберген текст түрүндөгү же башка формадагы маалымат (анын ичинде фото сүрөттөр, электрондук үлгүлөр (скан-үлгүлөр) документтер ж.б.).
3. Максаттары жана милдеттери
6. ЭБС максаты жарандардын жана юридикалык жактардын расмий электрондук билдирүүлөрүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жиберүү жана жарандардын жана юридикалык жактардын мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, кызмат адамдарынан электрондук документтер түрүндө расмий билдирүүлөрдү алуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу болуп саналат.
7. Негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын жарандардын жана юридикалык жактардын суроо-талаптарына чара көрүүсүнүн оперативдүүлүгүн жогорулатуу;
2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын ишинин ачыктыгын жогорулатуу;
3) тиешелүү билимдер базасын түзүү.
4. ЭБС өз ара аракеттенүүгө катышуучулар
8. ЭБС өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ЭБСтин оператору;
2) мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары;
4) ЭБС колдонуучулары.
9. ЭБС оператору төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) ЭБСтин иштешин жана аны өнүгүшүн;
2) ЭБСте талданып чыгуучу маалыматтын, анын ичинен колдонуучулардын билдирүүлөрдө көрсөтүлгөн жеке маалыматтарын Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык коргоону.
10. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары билдирүүлөрдү талдап чыгышат жана сурап билүү маалыматтарын актуалдаштырууну камсыз кылат.
11. Электрондук билдирүүнүн формасын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктайт жана Порталга жайгаштырылат.
12. Колдонуучу анын билдирүүсүн ээсин көрсөтпөй жарыялоого макул болгон учурда ЭБС аны автоматтык түрдө жарыялайт жана ЭБСтин кайсы болбосун колдонуучусуна электрондук билдирүүнүн мазмуну жана анын жообу менен таанышууга мүмкүндүк берет. Макул болбогон учурда билдирүү ачык жарыяланбайт.
13. Жарандардын кайрылууларынын жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын жоопторунун статистикасы ачык маалымат болуп саналат жана Порталга жарыяланат.
5. ЭБС келип түшкөн билдирүүлөрдү талдап чыгуу
14. ЭБС келип түшкөн электрондук билдирүүлөр автоматтык режимде каттоого алынат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жана лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү иштер жаатындагы мыйзамдарында белгиленген мөөнөткө ылайык каралат.
15. ЭБС электрондук билдирүүнү алгандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде колдонуучуга келип түшкөн датаны жана убакытты, ыйгарылган каттоо номерин жана тиешелүү сурап-билүү телефондорун көрсөтүү менен анын билдирүүсү кароого алынгандыгы жөнүндө же баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кароодон баш тартуу тууралуу электрондук билдирүүнү-кабарлоону автоматтык режимде жиберет.
16. Электрондук билдирүүнү кароодон баш тартууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет, эгер:
1) билдирүүдө ченемдерге туура келбеген лексика жана кемсинтүүчү сөздөр, ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга, улуттар аралык жана конфессиялар аралык ажырымга үндөгөн чакырыктар камтылса;
2) билдирүүдө билдирүүнүн формасында каралган маалыматтар жок болсо.
17. Колдонуучу электрондук билдирүү алынуучу соңку даректи туура эмес толтурган учурда билдирүүнү алган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы колдонуучуга автоматтык түрдө кабарлоо менен электрондук билдирүүнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайра жиберет же болбосо коюлган маселелер компетенциясында турган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө маалымат жок болгондуктан электрондук билдирүүнү кароодон баш тартат.
18. Электрондук билдирүүнү кароонун жүрүшүндө электрондук билдирүүнү алган кызмат адамы ЭБС аркылуу электрондук кат алышуу жолу менен же билдирүүдө көрсөтүлгөн телефон аркылуу кайрылуунун мазмунун тактоого укуктуу.
6. ЭБСке келип түшкөн билдирүүлөргө жооп берүү
19. Электрондук билдирүүлөрдү талдап чыгуу жана колдонуучулардын билдирүүлөрүнө жооп жиберүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан Порталга жайгаштырылуучу жеке кабинеттери аркылуу ишке ашырылат.
20. Кароонун жыйынтыгына жараша, электрондук билдирүүгө жоопто билдирүүдө көрсөтүлгөн маселенин чечилиши, же болбосо билдирүүдө көрсөтүлгөн маселени чечүүнүн пландалган мөөнөтү жана чаралары жөнүндө маалымат (аны электрондук билдирүүнү талдап чыгуу үчүн белгиленген мөөнөттө чечүү жана ага жооп берүү мүмкүн болбогон учурда), же болбосо маселени чечүү мүмкүн эместигине негиздер камтылууга тийиш.
21. Эгер жоопто электрондук билдирүүдө көрсөтүлгөн маселени чечүүнүн пландалган мөөнөтү жана чаралары жөнүндө маалымат камтылса (аны билдирүүнү талдап чыгуу үчүн белгиленген мөөнөттө чечүү жана ага жооп берүү мүмкүн болбогон учурда), анда жоопто көрсөтүлгөн пландалган мөөнөт келгенде мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын дарегине ЭБС каражаттары менен автоматтык түрдө колдонуучунун билдирүүсүнө кошумча жооп даярдоо зарылдыгы жөнүндө кабарлоо жөнөтүлөт.
22. Электрондук билдирүүгө жоопко электрондук билдирүүдө камтылган маселени кароо жана (же) чечүү фактысын ырастаган документтердин электрондук үлгүлөрү (скан-үлгүлөрү) жана (же) фото сүрөттөр тиркелиши мүмкүн.
7. Кабарлоо
23. ЭБС бекитилген байланыш номерине, мобилдик түзүлүшүнө, билдирүүлөрдү тез алмашуу системасына ж.б. кабарлоо жөнөтүү жолу менен колдонуучуга анын электрондук билдирүүсүн кароо жөнүндө кыска билдирүүлөрдү жөнөтүү мүмкүндүгүнө ээ.
24. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары өз ыйгарым укуктарынын алкагында өз расмий сайттарында тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу алар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө колдонуучуларга маалымдашат.
8. Билимдер базасы, билдирүүлөрдүн статистикасы жана аналитикасы
25. ЭБСнын алкагында тиешелүү билимдер базасы, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын билдирүүлөрдү талдап чыгуу жана аларга жоопторду даярдоо боюнча иши жөнүндө статистикалык жана аналитикалык маалымат түзүлөт.