Загрузка документа…
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 13 токтомуна) |
Имараттардын энергетикалык сертификаттарынын, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчеттордун, имараттарды энергетикалык сертификаттоо, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча сертификатталган адистердин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Имараттардын энергетикалык сертификаттарынын, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчеттордун, имараттарды энергетикалык сертификаттоо, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча сертификатталган адистердин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) Имараттардын энергетикалык сертификаттарынын, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчеттордун, имараттарды энергетикалык сертификаттоо, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча сертификатталган адистердин мамлекеттик реестрин (мындан ары - мамлекеттик реестр) жүргүзүү эрежелерин жана жол-жоболорун аныктайт.
2. Мамлекеттик реестр "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлөт жана төмөндөгү максаттар үчүн колдонулат:
- энергетикалык сертификаттоодон өткөн имараттардын жана мезгил-мезгили менен энергетикалык натыйжалуулук боюнча контролдоодон өткөн техникалык системаларды, ошондой эле имараттарды энергетикалык сертификаттоо жана буу казандардын, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча сертификатталган адистерди бирдиктүү маалыматтык системалык каттоого алууну камсыздоо;
- имарат секторлорунун абалын жылытуу, ысык суу менен камсыздоо жана башка максаттар үчүн зарыл болгон керектүү энергия көз карашы боюнча анализдөө;
- Кыргыз Республикасында имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу маселелери боюнча маалыматтарды даярдоо жана жайылтуу.
3. Мамлекеттик реестрди жүргүзүү төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
- анда камтылган маалыматтардын толуктугу жана аныктыгында;
- имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун реестринин ыкчам иштөөсү жана электрондук түзүлүштө болуусунда;
- Кыргыз Республикасынын башка маалымат каражаттары менен өз ара байланышта иш алып баруунун.
4. Мамлекеттик реестр ыйгарым укуктуу органдын бюджеттик каражаттарынын эсебинен имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан түзүлгөн жана башкарууга алынган веб-негизде иштеген онлайн реестри болуп эсептелет.
5. Мамлекеттик реестр эки бөлүмдөн жана эки деңгээлдүү түзүмдөн турат:
1) объекттердин реестри:
- имараттардын энергетикалык сертификаттары;
- буу казандардын, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчеттору;
2) сертификатталган адистердин реестри:
- имараттарды энергетикалык сертификаттоо боюнча;
- буу казандардын, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча.
6. Мамлекеттик реестр көп деңгээлдүү жеткиликтүүлүк системага ээ:
- юридикалык жана жеке жактар үчүн (ачык жеткиликтүү);
- имараттарды энергетикалык сертификаттоо жана (же) буу казандардын, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча сертификатталган адистер үчүн;
- ыйгарым укуктуу орган үчүн;
- имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы иштердин сапатына мониторинг жүргүзүүнү ишке ашыруу максатында отун-энергетикалык комплексиндеги бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоо жана жүзөгө ашыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн.
7. Мамлекеттик реестр мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
2-глава. Мамлекеттик реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби
8. Мамлекеттик реестр ыйгарым укуктуу орган тарабынан өздүк жана имараттарга энергетикалык сертификаттоо жүргүзүү жана (же) буу казандарынын, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча сертификатталган көз карандысыз адистер (мындан ары - сертификатталган адистер) киргизген маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
9. Мамлекеттик реестрге субъектилерди жана объектилерди кошуу:
- имараттардын энергетикалык сертификаттарын, буу казандарынын, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча белгиленген жол-жоболордон өтүүсүнүн негизинде буу казандарынын, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча отчетторду каттоо;
- имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы адистикке талапкерлердин белгиленген тартипте тестирлөө жана аңгемелешүү жол-жоболорунан ийгиликтүү өтүүсүнүн негизинде имараттарды энергетикалык сергификаттоо жана (же) буу казандарынын, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча сертификатталган адистерди каттоо.
10. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик реестрдин оператору катары аны түзүүдө жана жүргүзүүдө:
- мамлекеттик реестрди жүргүзүүнүн программалык-техникалык каражаттарын аныктайт;
- мамлекеттик реестрдеги маалымат базасынын сакталышын камсыздайт;
- юридикалык жана жеке жактардын суроо-талабы боюнча маалымат берет;
- мамлекеттик реестрге маалыматтарды киргизүү жана аны толтурууга контролдоо жүргүзгөн ыйгарым укуктуу жактын ишин координациялайт;
- мамлекеттик реестрге имараттарды энергетикалык сертификаттоо жана буу казандардын, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жол-жоболору боюнча кошумча маалыматтарды кошот, аларга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизет жана андан маалыматтарды чыгарат.
11. Имараттарды энергетикалык сертификаттоо, буу казандардын, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча сертификатталган адистер:
- имараттарды энергетикалык сертификаттоо жана (же) буу казандардын, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоонун жыйынтыгы боюнча киргизилген маалыматтардын аныктыгын камсыздайт;
- имараттардын энергетикалык сертификатын тариздөө, мамлекеттик реестрге каттоо жана берүүнү жүргүзөт;
- мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчетторду тариздөөнү, мамлекеттик реестрге каттоону жана мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчетту берүүнү жүргүзөт.
12. Мамлекеттик реестр системасы ар бир имараттын энергетикалык сертификатынын номерин, буу казандарды, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчетунун каттоо номерин онлайн режимде автоматтык түрдө аныктайт.
13. Каттоодон өткөн имараттардын энергетикалык сертификаттары жана мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчеттору, мамлекеттик реестрде өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгү жок болуп сакталат.
14. Имараттардын энергетикалык сертификатынын каттоо номери төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
а) функциялык багыты боюнча имараттын тиби (1-6):
1 - бир батирлүү турак үй;
2 - көп батирлүү турак үй;
3 - мектеп;
4 - административдик имарат;
5 - балдар үйлөрү жана бала бакчалар;
6 - көп функциялуу өндүрүштүк эмес имараттар;
б) энергетикалык сертификаттоонун түрлөрү:
01 - имараттарга милдеттүү энергетикалык сертификаттоо жүргүзүү;
02 - имараттарга ыктыярдуу энергетикалык сертификаттоо жүргүзүү.
Имараттарга ыктыярдуу энергетикалык сертификаттоо жүргүзүүдө сертификаттын каттоо номеринде милдеттүү сертификаттоонун түрүн көрсөтүүгө жол берилбейт;
в) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу менен байланышкан иш-аракеттери (1-4):
1 - жаңы имараттарды эксплуатацияга берүүдө;
2 - имараттарды энергетикалык реновациялоодо;
3 - имараттарды сатыкка коюуда;
4 - имаратты ижарага берүүдө;
г) сертификатталган адис ыйгарган алты сандан турган мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчеттун сериялык номери;
д) адистин квалификациялык сертификатынын каттоо номери;
е) энергетикалык сертификаттын чыгарылган жылы.
Мисал: 1/01/4/2019/000008/ЭСЗ-000001-2019 (бир батирлүү турак үй, аны ижарага берүүдө 2019-жылы милдеттүү сертификаттоо жүргүзүлгөн жана имаратка 000008 номери менен энергетикалык сертификаты ыйгарылган, ал 000001 номери менен квалификациялык сертификат алган энергетикалык сертификаттоо боюнча адис тарабынан берилген).
15. Буу казандарынын, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо тууралуу отчеттун каттоо номери төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
а) контролдоонун түрү:
01 - мезгилдүү;
02 - бир жолку;
б) сертификатталган адис ыйгарган алты сандан турган энергетикалык сертификаттын сериялык номери;
в) отчеттун берилген жылы;
г) буу казандарынын, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча адистин квалификацияланган сертификатынын каттоо номери.
Мисал: 01/000006/2019/ПКК-000003-2019 (буу казандарынын, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жүргүзүү жана 2019-жылы мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчетко 000006 номерин берүү менен 2019-жылы 000003 номерлүү квалификациялык сертификат алган мезгилдүү контролдоо боюнча адис тарабынан жүргүзүлгөн).
Буу казандарынын, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчеттун формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
16. Мониторинг жүргүзүүдө имараттарды энергетикалык сертификаттоо жана (же) буу казандарынын, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча иштерди аткаруу сапатынын төмөндүгү үч жолу тастыкталса сертификатталган адис бул иштерди аткарууга укук берген мамлекеттик квалификациялык сертификаттан ажырайт жана мамлекеттик реестрден чыгарылат.
17. Субъектти мамлекеттик реестрге киргизүү же чыгаруу жөнүндө эксперттик комиссиянын (ыйгарым укуктуу орган түзө турган) чечими кабыл алынган күндөн тартып 7 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан субъектиге жана башка кызыктар тараптарга маалымдалат.
3-глава. Мамлекеттик реестрге киргизилүүчү маалыматтардын курамы
18. Мамлекеттик реестр адистер жана объекттердин энергетикалык натыйжалуулугу боюнча бирдиктүү таблица түрүнө келтирилген маалыматтарды камтыйт. Маалыматтар ушул Тартиптин 6-пункту менен аныкталган жеткиликтүүлүк деңгээли боюнча түзүмгө салынган жана бөлүнүп коюлган. Мамлекеттик реестрдин формасы ушул Тартиптин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
19. Мамлекеттик реестр ар бир сертификатталган адис тууралуу маалыматтарды камтыйт, алар ачык жана жалпыга жеткиликтүү болот:
а) адистин аты-жөнү;
б) фото сүрөтү;
в) байланыш маалыматтары (телефон номери, электрондук почта);
г) квалификациялык сертификаттын номери;
д) иштин чөйрөсү;
е) иш тажрыйбасы/квалификациясы, анын ичинде имараттарды энергетикалык сертификаттоо же буу казандарды, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча жүргүзүлгөн иштери тууралуу маалымат.
20. Ушул Тартиптин 19-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарга кошумча, мамлекеттик реестрдин операторлорунун жеткиликтүүлүк деңгээли жана имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу чөйрөсүндөгү иштеринин сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн мамлекеттик реестр төмөндөгүдөй маалыматтарды камтыйт:
а) сертификатталган адистин паспорт маалыматтары;
б) сертификатталган адистин иштеген жери (эгер бар болсо);
в) энергетикалык натыйжалуулук боюнча адистешкен тренингдерден өткөнү тууралуу маалымат;
г) энергетикалык натыйжалуулук жаатындагы квалификациялык сертификаттоо жүргүзүлгөн күн;
д) адистин квалификациялык сертификатынын номери жана аны колдонуу мөөнөтү;
е) квалификациялык сертификатты колдонууну токтото туруу же токтотуу жана дубликат берүү жөнүндө белгилер;
ж) сертификатталган адис тариздеген имараттын энергетикалык сертификаттары жана (же) буу казандарды, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчеттор.
21. Мамлекеттик реестр ачык жана жеткиликтүү негизде энергетикалык сертификаттоодон өткөн ар бир имарат тууралуу төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
а) дареги;
б) имараттын сүрөтү (жалпы тышкы көрүнүшү);
в) имараттын багыты;
г) имараттын энергетикалык натыйжалуулук классы;
д) энергетикалык сертификаттын каттоо номери;
е) энергетикалык сертификаттоо жүргүзүлгөн күн.
22. Ушул Тартиптин 21-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарга кошумча мамлекеттик реестрдин операторлорунун жеткиликтүүлүк деңгээли менен төмөнкүдөй кошумча маалыматтар камтылат:
а) имараттын энергетикалык сертификатын дайындоо;
б) имараттын энергетикалык натыйжалуулугунун классы - жылуулукка жана ысык суу менен жабдууга жеткирилген жалпы кубат, алгачкы энергия боюнча;
в) имаратка энергетикалык сертификаттоо жүргүзгөн сертификатталган адистин аты-жөнү;
г) берилген энергетикалык сертификаттын дубликаттары жөнүндө маалымат (кимге берилген, берген күнү);
д) жокко чыгарылган энергетикалык сертификат жөнүндө маалымат (ким жокко чыгарган, себеби, күнү).
23. Мамлекеттик реестр буу казандарды, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугу мезгилдүү контролдоодон өткөн ар бир объект тууралуу ачык жана жеткиликтүү негизде төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
а) дареги;
б) буу казанды, жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу системасын кыскача сүрөттөп жазуу жана фото сүрөтү;
в) имараттын багыты;
г) буу казандардын, жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө маалымат;
д) буу казандарды, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоодон өтүүсү жөнүндө отчеттун каттоо номери;
е) буу казандарды, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жүргүзүлгөн күн.
24. Ушул Тартиптин 23-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарга кошумча мамлекеттик реестрдин операторлорунун жеткиликтүүлүгү үчүн төмөндөгүдөй маалыматтарды камтыйт:
а) имаратка энергетикалык сертификаттоо жүргүзгөн адистин аты-жөнү;
б) берилген энергетикалык сертификаттын дубликаттары жөнүндө маалымат (кимге берилген, берген күнү);
д) буу казандарды, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоону жокко чыгаруу жөнүндө отчет тууралуу маалымат (адистин аты-жөнү, себеби, күнү).
25. Ушул Тартиптин 19-24-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтарга кошумча мамлекеттик реестрде имараттардын энергетикалык натыйжалуулук жаатындагы иштердин сапатына мониторинг жүргүзүүгө жеткиликтүү деңгээл менен ар бир объект үчүн имараттардын энергетикалык сертификаттары жана буу казандарды, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчеттор камтылат.
26. Сертификатталган адистер үчүн жеткиликтүүлүк деңгээли ушул Тартиптин 21-22-пункттарына ылайык юридикалык жана жеке жактар үчүн жайгаштырылган маалыматтарды (ачык жеткиликтүү түрдө) жана сертификатталган адистер тарабынан аткарылган буу казандарды, жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчетторду камтыйт. Ар бир сертификатталган адис өзүнүн энергетикалык сертификаттарына жана (же) буу казандарды, жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчетторуна гана жеткиликтүүлүктү ала алат.
27. Ар бир субъект жана объект жөнүндө маалыматтар ылгоо жана издөө үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берет.
28. Ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында имараттарга энергетикалык сертификаттоо жүргүзүү жана буу казандарды, жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө көп берилүүчү суроолор үчүн акысыз кызмат көрсөтүү каралууга тийиш.
| Имараттардын энергетикалык сертификаттарынын, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчеттордун, имараттарды энергетикалык сертификаттоо, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча сертификатталган адистердин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибине 1-тиркеме |
Форма
1. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы сертификатталган адистердин мамлекеттик реестри
Жеткиликтүүлүк деңгээли | Юридикалык жана жеке жактар үчүн (ачык жеткиликтүү) |
|
| |||||||||||||
Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы сертификатталган адистер үчүн |
|
| ||||||||||||||
Мамлекеттик реестрдин операторлору үчүн | ||||||||||||||||
Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы иштердин сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн | ||||||||||||||||
№ | Фото сүрөтү | Аты-жөнү | Байланыш маалыматтары (телефон, электрондук почта) | Квалификациялык сертификаттын номери | Адистин иш чөйрөсү | Иш тажрыйбасы жана имараттар боюнча жүргүзүлгөн энергетикалык сертификаттоо жана мезгилдүү контролдоо жөнүндө маалымат | Паспорттогу маалыматтар | Туулган күнү | Жашаган дареги (облус, шаар/айыл, көч., №) | Иштеген жери (эгер иштесе) | Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу боюнча атайын тренингдерден өткөндүгү тууралуу маалымат | Квалификациялык сертификаттоо өткөрүлгөн күн | Квалификациялык сертификаттын колдонуу мөөнөтү | Квалификациялык сертификаттын дубликатын берүү жөнүндө маалымат | Квалификациялык сертификатты колдонууну токто туруу же токтотуунун себептери жана күнү | Имараттарды энергетикалык сертификаттоо жана мезгилдүү контролдоо тууралуу деталдуу маалымат |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Форма
2. Имараттарга энергетикалык сертификаттоо жүргүзүүнүн мамлекеттик реестри
Жеткиликтүүлүк деңгээли | Юридикалык жана жеке жактар үчүн (ачык жеткиликтүү) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы сертификатталган адистер үчүн |
|
|
|
|
|
|
| |||||||
Мамлекеттик реестрдин операторлору үчүн | ||||||||||||||
Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы иштердин сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн | ||||||||||||||
№ | Имараттын сүрөтү | Имараттын функциялык багыты | Имараттын дареги (облус, шаар, айыл, көчө, №) | Энергетикалык натыйжалуулук классы - жалпы берилген энергия | Имаратты энергетикалык сертификаттоо жүргүзүлгөн күн | Имаратты энергетикалык сертификаттоонун каттоо номери | Имаратка энергетикалык сертификаттоо жүргүзгөн адистин аты-жөнү | Имаратты энергетикалык сертификаттоонун багыты | Энергетикалык натыйжалуулук классы - жылуулук | Энергетикалык натыйжалуулук классы - ысык суу менен камсыздоо | Энергетикалык натыйжалуулук классы - алгачкы энергия | Берилген дубликаттар жөнүндө маалымат (кимге, күнү) | Имараттын сертификатын жокко чыгаруу жөнүндө маалымат (оператордун аты-жөнү, текшерүү тиби, күнү, себеби) | Имараттын энергетикалык сертификаты (файл) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Форма
3. Буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчеттордун мамлекеттик реестри
Жеткиликтүүлүк деңгээли | Юридикалык жана жеке жактар үчүн (ачык жеткиликтүү) |
|
|
|
|
| ||||||
Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы сертификатталган адистер үчүн |
|
|
|
|
| |||||||
Мамлекеттик реестрдин операторлору үчүн | ||||||||||||
Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы иштердин сапатына мониторинг жасоо үчүн | ||||||||||||
№ | Буу казан, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системалары (тип) | Жылытуу системасынын фото сүрөтү | Имараттын дареги (облус, шаар, айыл, көчө, № | Имараттын функциялык багыты | Буу казандын энергетикалык натыйжалуулугу | Контролдоо жөнүндө отчеттун каттоо номери | Мезгилдүү контролдоо жүргүзүлгөн күн | Мезгилдүү контролдоо жүргүзгөн адистин аты-жөнү | Контролдоонун тиби (мезгилдүү, бир жолку) | Берилген дубликаттар жөнүндө маалымат (кимге, берилген күнү) | Отчетту жокко чыгаруу жөнүндө маалымат (оператордун аты-жөнү, текшерүүнүн тиби, күнү, себеби) | Мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчет (файл) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|