Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-февралы № 89
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № ЭА-05-1110 корутундусун, Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 3-декабрындагы № 364-б буйругун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан 1,08 га жерлер коммуналдык-тиричилик багыттагы (резервуар) объекттерди жайгаштыруу жана айыл аймагынын жашоочуларын ичүүчү суу менен камсыздоо максатында, "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун, алардын ичинен:
- Кызыл-Бирлик айылынын аймагындагы - 0,36 га чөп чабык (№ 495 контур);
- Прохладное айылынын аймагындагы - 0,36 га жайыт (№ 740 контур);
- Горная Маевка айылынын аймагындагы - 0,36 га жайыт (№ 544 контур).
2. Кыргыз Республикасынын. Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23(3095) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |