Документке
Мурунку30.04.2025

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2020-жылдын 14-январы № 8

Аскер кызматын өтөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 510, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786,  2025-жылдын 30-апрелиндеги №245 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 24-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Мында жыйырма экиден кырк жашка чейинки курактагы жарандар каалоосун билдирген учурда "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:

- 5-пунктунун "з" пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мурда ар кандай себептер боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун билдирген жыйырма экиден кырк жашка чейинки курактагы аскерге милдеттүүлөрдү;";

- 6-пунктунун алтынчы абзацындагы "жыйырма беш" деген сөздөр "жыйырма эки" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 31-январындагы № 10 (3082) жарыяланды

 

Премьер-министр

 М.Д.Абдылгазиев

 

Жаңы14.01.2020

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2020-жылдын 14-январы № 8

Аскер кызматын өтөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 24-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Мында жыйырма экиден кырк жашка чейинки курактагы жарандар каалоосун билдирген учурда "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:

- 5-пунктунун "з" пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мурда ар кандай себептер боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун билдирген жыйырма экиден кырк жашка чейинки курактагы аскерге милдеттүүлөрдү;";

- 6-пунктунун алтынчы абзацындагы "жыйырма беш" деген сөздөр "жыйырма эки" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 770 "Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча жободо:

- 46-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун билдиргендер.";

- 47-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "з" пунктчасы менен толукталсын:

"з) мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун билдиришсе (мурда ар кандай себептер боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн жана медициналык кайра күбөлөндүрүү боюнча комиссия тарабынан аскердик кызматка жарактуу деп таанылгандар)";

- 48-пунктунун "ж" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"ж) мурда ар кандай себептер боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн, медициналык кайра күбөлөндүрүү боюнча комиссия тарабынан аскердик кызматка жарактуу деп таанылган жана мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун билдирген жарандар аскер комиссарына каттоого коюу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылышат. Аскерге чакырылгандар жөнүндө маалымат каттоо-алфавиттик китебине киргизилет жана алар мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө жалпы негизде кабыл алынат;";

- 49-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "р" пунктчасы менен толукталсын:

"р) мобилизациялык резервдин жыйындарына киргизилген болсо.";

- 50-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "р" пунктчасы менен толукталсын:

"р) мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизилген жарандар райондук (шаардык) чакыруу комиссиясынын протоколунун жана райондук (шаардык) аскер комиссариаты тарабынан ачылган мобилизациялык резервди каттоо бөлүмүнө каттоо үчүн берилген аты жазылган тизменин негизинде чакырылуучулардын каттоосунан чыгарылат. Каттоо-алфавиттик китебинде мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизилгендиги жөнүндө тийиштүү жазуу жазылат, өздүк дело мобилизациялык резервди каттоо бөлүмүнө берилет.";

- 59-пунктунун үчүнчү абзацы "мөөнөттүү аскердик кызматка" деген сөздөрдөн кийин "жана мобилизациялык резервдин жыйындарына" деген сөздөр менен толукталсын;

- 64-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун билдиргендерди";

- 66-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- мобилизациялык резервдин жыйындарына киргизүүнү.";

- 67-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"67. Жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизүү жыл сайын бардык жерде жылына эки жолу (мартта-майда жана сентябрда-ноябрда) жүргүзүлөт.";

- 84-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- жарандарды мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизүү чечимин кабыл алуу.";

- 88-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун.";

- 89-пункту "билими жана кесибинин" деген сөздөрдөн кийин ", мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосунун" деген сөздөр менен толукталсын;

- 90-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"- "аскердик кызматка жарактуу, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизилсин".";

- 104-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- мобилизациялык резервдин бөлүмүнө зарыл болгон маалыматтарды берүү үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариатына так белгиленген келүү мөөнөтү менен райондук (шаардык) чакыруу комиссиясы тарабынан мобилизациялык резервдин жыйындарына киргизилген жарандарга чакыруу кагазын тапшырууга. Идентификациялык аскердик күбөлүккө тиешелүү маалыматты киргизүүгө.";

- 106-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизилген чакырылуучулардын аскердик билеттери, каттоо-кызматтык карточкалары, ошондой эле идентификациялык аскердик күбөлүктөрү жыйын пункттарынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын окуу борборлоруна жиберилгенге чейин даярдалат/берилет.";

- 109-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандарга - мобилизациялык резервдин бөлүмүнө маалыматтарды каттоого берүү үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариатына келүү убактысы жана жанында болууга тийиш документтердин тизмеси;";

- төмөнкүдөй мазмундагы 10-бап жана 137-139-пункттар менен толукталсын:

"10-бап. Жарандарды мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизүү

137. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиш жана мөөнөтүн кийинкиге калтырууга же чакыруудан бошотууга укугу жок, ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуу 22 жаштан 25 жашка чейинки жарандар мобилизациялык резервдин жыйындарында өз каалоосу боюнча кызмат өтөөгө укуктуу.

Мурда (ар кандай негиздер боюнча) альтернативдик кызмат өтөгөн кайра медициналык күбөлөндүрүү боюнча комиссиядан өткөндөн кийин аскердик кызматка жарактуу деп таанылган 22 жаштан 25 жашка чейинки жарандар мобилизациялык резервдин жыйындарында өз каалоосу боюнча кызмат өтөөгө укуктуу.

Мобилизациялык резервдин жыйындарындагы кызмат аймактык жана аймактык эмес принцип боюнча уюштурулат, чакырылуучулардын республикалык бюджеттин кирешесине акчалай төгүмдөрү каралган жана аскер жыйындары өткөндөн кийин аяктайт.

138. Мобилизациялык резервдин жыйындарында кызмат өтөөгө каалоосун билдирген жаран райондук (шаардык) аскер комиссарынын атына арыз берет, анда ал белгиленген акчаны төгүүгө жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын окуу борборлорунда аскер жыйындарынан өтүүгө милдеттенет.

Арыз райондук (шаардык) чакыруу комиссиясынын жыйынына чейин үч күндөн кечиктирбей берилет жана каттоо китебине катталат.

139. Мобилизациялык резервдин жыйындарында кызмат өтөөгө чакыруу медициналык күбөлөндүрүүдөн кийин жарандардын райондук (шаардык) аскер комиссарынын атына жазылган арызынын негизинде райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан жүзөгө ашырылат.".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жободо:

-1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын линиясы боюнча жогорку аскердик окуу жайларына тапшырып жаткан адамдарды тандоо тартиби жана жогорку аскердик окуу жайларында окуган убакта аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.";

- 8-пунктунун 2-пунктчасындагы ", анын ичинде аскердик окуу жайын бүткөндөн кийин аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткан же анын демилгеси менен контракт бузулган учурда, анын аскердик жана атайын даярдыгына кеткен чыгымдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда төлөө милдеттерин" деген сөздөр алып салынсын;

- 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 110-пунктунун 4-пунктчасындагы медициналык же аскердик-каттоо адистигине жакын башка атайын даярдыгы бар" деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинде:

8, 15 жана 19-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинде:

8, 15 жана 19-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 186 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:

"Улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчылары улуттук коопсуздук органдарынын ишин регламенттөөчү атайын мыйзамдар менен белгиленген өзгөчөлүктөрдү жана аларга ылайык улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин чыгарган актыларын эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык кызмат өтөшөт.

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын линиясы боюнча жогорку аскердик окуу жайларына тапшырып жаткан адамдарды тандоо тартиби жана жогорку аскердик окуу жайларында окуган убакта аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.";

- 7-пунктунун 2-пунктчасындагы ", анын ичинде аскер окуу жайын бүткөндөн кийин аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткан же анын демилгеси менен контракт бузулган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда анын аскердик жана атайын даярдоосуна кеткен чыгымдарды төлөө милдеттерин" деген сөздөр алып салынсын;

- 8-пунктунун биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларын кошпогондо, жогорку аскердик окуу жайына кабыл алынган дата курсанттын аскер кызматын өтөө мөөнөтүнүн башталышы болуп эсептелет.";

- 35-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "медициналык же аскердик-каттоо адистигине жакын адистиги бар" деген сөздөр алып салынсын;

- 37-пунктунда:

- төртүнчү абзацындагы "жана билим алууга кеткен бардык чыгымдардын ордун толтуруу боюнча жоопкерчилик" деген сөздөр алып салынсын;

бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Он сегиз жашка толгон жана аскердик кызматка чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга же чакыруудан бошотууга укугу жок билим алып жаткан аскер кызматчысы контрактка кол коюудан баш тарткан учурда ал мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөө үчүн кошуундарга жана бөлүктөргө жиберилет.";

- 49-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 631-пункт менен толукталсын:

"631. Карамагында болгон аскер кызматчылары (аскердик окуу жайына билим алууга же чет өлкөгө кызматтык командировкаларга жиберилген, ошондой эле бала кароо боюнча өргүүдө жүргөн аскер кызматчыларынан тышкары) өздүк курамынын тизмесине кирген аскердик бөлүккө (мекемеге) күн тартибине же кызмат убактысынын регламентине ылайык күн сайын келүүгө милдеттүү. Аталган аскер кызматчыларын кызмат мезгилинде бөлүктүн (мекеменин) карамагынан бошотуу (чыгууга уруксат) аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин начальнигинин) чечими менен берилет.";

- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинде:

8, 15 жана 19-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинде:

үчүнчү абзацындагы "жана окууга контрактка кол койгонго чейин окууга Ведомство тарабынан сарпталган бардык чыгымдарды төлөп берүү бөлүгүнө жоопкерчиликти алууга милдеттеме алам" деген сөздөр алып салынсын;

төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 566 "Кыргыз Республикасынын жарандарын мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн тартибинде:

- 1-пунктундагы "жыйырма беш" деген сөздөр "жыйырма эки" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пунктунун экинчи абзацындагы "жыйырма беш" деген сөздөр "жыйырма эки" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пунктунун сегизинчи абзацындагы "жыйырма беш" деген сөздөр "жыйырма эки" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-13-пунктунда:

биринчи абзацындагы "жыйырма беш" деген сөздөр "жыйырма эки" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мурда ар кандай себептер боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн жана кайра медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы боюнча аскердик кызматка жарактуу деп таанылгандар;";

- 30-пунктунда:

экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "жыйырма беш" деген сөздөр "жыйырма эки" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- ар кандай себептер боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн жана медициналык кайра күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы боюнча аскердик кызматка жарактуу деп таанылган жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки курактагы жарандар.";

- 31-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- мурда алгачкы аскердик жыйындардан өткөндөр;";

- 32-пунктундагы "Жарандарды" деген сөз "Аскерге милдеттүүлөрдү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"34. Жарандын жыйындардан өтүүгө төлөгөн акчалай төгүмдөрү ага төмөнкү учурларда кайтарылып берилет:

- жыйындар башталганга чейин андан өтүүдөн баш тартылганда (жакын туугандары каза болгондо, үй-бүлөлүк абалы өзгөргөндө);

- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо каралган оорулар менен ооруп калганда же майып болгон учурда.

Жаран жыйындардан өтүүгө чейин каза болсо (сот тарабынан дайынсыз жоголду деп таанылса) аскердик каттоодон чыгарылат, жыйындардан өтүүгө төлөнгөн акчалай төгүмү жакын туугандарына кайтарылып берилет.".

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 31-январындагы № 10 (3082) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

М.Д. Абдылгазиев