Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-январы № 28
"Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасында ыктыярдуу декларациялоо объекттери болгон кайрылмандар тарабынан 2019-жылдын 1-январына чейин алынган кирешелердин эсебинен түзүлгөн жана/же алынган мүлктү ыктыярдуу декларациялоо менен байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын максатында ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар декларанттар болуп саналышат.
3. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кирешелери жана мүлкү жөнүндө декларацияны күбөлөндүргөн адам декларанттардын бул категориясы үчүн ушул Мыйзамда каралган ыктыярдуу декларациялоо мезгилинде алынган кирешелердин эсебинен түзүлгөн жана/же сатып алынган мүлккө карата ушул Мыйзамга ылайык декларант болууга укуктуу.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын максаты мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу, декларациялануучу мүлктүн жана кирешелердин кол тийбестигине кепилдиктерди, мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессинде катышуучу адамдардын кол тийбестигине кепилдиктерди белгилөө жана мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессин сыр катары сактоо болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамдын максаты декларанттарга 2019-жылдын 1-январына чейин алынган, анын ичинде алардын эсебинен ыктыярдуу декларациялоо объекттери сатып алынган кирешелерге карата милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди төлөбөстөн аткаруу мүмкүндүгүн берүү аркылуу ишке ашырылат. Аталган милдеттүү төлөмдөргө төмөнкүлөр кирет:
1) салыктар;
2) кирешелерди алуу, анын ичинде алардын эсебинен ыктыярдуу декларациялоо объекттери сатып алынган кирешелер, ошондой эле ыктыярдуу декларациялоо объекттери менен байланышкан айыптар, пайыздар, туумдар.
3. Ушул Мыйзам төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
1) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларация күбөлөндүрүлгөн датага чейин бузуулар жөнүндө өндүрүш жана/же жазык иштери жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган жана/же экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн соттук өндүрүш башталган адамдарга;
2) алар боюнча ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү башталган датадан мурда отчет берилген же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча эсептелген, бирок алар боюнча милдеттенме аткарылбаган бюджетке милдеттүү төлөмдөргө;
3) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларация күбөлөндүрүлгөн датага чейин Кыргыз Республикасынын банкында же чет элдик банкта жайгаштырылбаган акча каражаттарына;
4) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларация күбөлөндүрүлгөн датага карата менчик укугу соттук тартипте талашылып жаткан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларантка катталбаган ыктыярдуу декларациялоо объекттерине;
5) кылмыш жолу менен алынган кирешелерге.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларация (мындан ары - декларация) - жекече катар номери бар, бир нускада толтурулуучу документ, ал ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөндөн кийин ушул Мыйзамда каралган тартипте мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди аткарылды деп таануу фактысын ырастайт;
2) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо (мындан ары - декларациялоо) - ушул Мыйзамда каралган тартипте ыктыярдуу декларациялоо объекттерине болгон укуктарды декларациялоо менен байланышкан иш-аракеттер;
3) декларациялык босого - чет элдик банкта жайгаштырылган акча каражатынан тышкары, 70000000 (жетимиш миллион) сом өлчөмүндөгү мүлктүн жана кирешелердин наркынын декларациялануучу жыйынды суммасы;
4) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык аныкталуучу мүлк;
5) ыктыярдуу декларациялоо объекти - ыктыярдуу декларациялоо мезгилинде алынган кирешелердин эсебинен түзүлгөн жана/же сатып алынган, Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле анын чегинен тышкары турган кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк:
а) Кыргыз Республикасынын банкында же чет элдик банкта декларанттын эсебинде, анын ичинде башка адамдын эсебинде жайгаштырылган акча каражаты, мында мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларация күбөлөндүрүлгөн датага карата акча каражаттары декларанттын эсебинде жайгаштырылышы керек;
б) менчик укугу мурда мыйзамда белгиленген тартипте декларантка катталбаган жана/же менчик укугу башка адамга катталган, ошондой эле мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларация күбөлөндүрүлгөн датага карата декларантка менчик укугу каттоодон өткөн мүлктөр;
в) менчик укугу мыйзамда белгиленген тартипте декларантка катталган, сатып алынган датага же ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү башталган датага карата аны сатып алууга каражаттардын келип чыгуу булактары жана/же наркы документтик түрдө ырасталбаган мүлктөр;
б) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациялардын реестри - ыйгарым укуктуу кызмат адамы түзүүчү жана жүргүзүүчү реестр;
7) ыйгарым укуктуу кызмат адамы - ушул Мыйзамда каралган тартипте декларацияны күбөлөндүрүүчү мамлекеттик нотариус.
2. Декларациянын формасы, аны толтуруу жана күбөлөндүрүү тартиби, мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациялардын реестринин формасы, ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин классификатору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4-берене. Ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү жана мезгили
1. Ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү болуп 2020-жылдын 1-апрелинен 2020-жылдын 31-декабрын кошкондогу мезгил эсептелет, анын ичинде декларант ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу кызмат адамына мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо үчүн кайрыла алат.
2. Ыктыярдуу декларациялоо мезгили болуп алардын эсебинен ушул Мыйзамга ылайык ыктыярдуу декларацияланууга тийиш мүлк түзүлгөн жана/же сатып алынган кирешелер алынган мезгил эсептелет:
1) 2019-жылдын 1-январына чейин - "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кирешелери жана мүлкү жөнүндө декларацияны күбөлөндүрбөгөн декларант үчүн;
2) 2013-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 1-январына чейин - "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кирешелери жана мүлкү жөнүндө декларацияны күбөлөндүргөн декларант үчүн.
5-берене. Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо үчүн төлөмдөр
1. Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо үчүн төлөмдөр төмөнкүлөрдөн турат:
1) декларациянын бланкынын наркын төлөөдөн, ал аны даярдоого кеткен чыгымдардын наркынан ашпоого тийиш;
2) нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн мамлекеттик алымдан;
3) бир жолку декларациялык төлөмдөн, ал декларант тарабынан төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:
а) 3-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунун "а", "в", "г" пунктчаларында көрсөтүлгөн ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин наркынын суммасы декларациялык босогодон ашып кетсе, ашкан суммага карабастан 700000 (жети жүз миң) сом;
б) чет элдик банктагы декларанттын эсебинде жайгаштырылган декларациялануучу акча каражатынын суммасынан 5 пайыз.
2. Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо үчүн төлөмдөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында төлөм төлөнүүчү датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - КРУБ) курсу боюнча төлөнөт.
3. Бирдиктүү казыналык эсепке чегерилүүгө тийиш мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо үчүн төлөмдөрдү которуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктар тарабынан жүргүзүлөт.
4. Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо үчүн төлөнгөн төлөмдөр кайтарылбайт.
5. Декларант тарабынан такталган декларацияны күбөлөндүрүү үчүн берилген учурда, төмөнкүлөр төлөнүүгө тийиш:
1) декларациянын бланкынын наркы;
2) нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн мамлекеттик алым;
3) төмөнкүдөй өлчөмдөгү бир жолу төлөнүүчү декларациялык төлөм:
а) 700000 (жети жүз миң) сом, эгерде бул төлөм баштапкы декларацияны күбөлөндүрүүдө төлөнүүгө тийиш болбосо, ал эми такталган декларациядагы декларациялануучу мүлктүн наркынын суммасы декларациялык босогодон ашып кетсе;
б) такталган декларацияда көрсөтүлгөн чет элдик банктагы эсебинде жайгаштырылган акча каражатынын суммасы менен баштапкы күбөлөндүрүлгөн декларацияда көрсөтүлгөн чет элдик банктагы эсебине жайгаштырылган акча каражатынын суммасынын ортосундагы оң айырмадан 5 пайыз.
6-берене. Декларациялануучу мүлктүн наркын жана кирешелерди баалоо тартиби
1. Декларациялануучу мүлктүн наркын баалоо декларант тарабынан укукту күбөлөндүрүүчү документтердин маалыматтарына ылайык жүргүзүлөт, сатып алынган датага же ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү башталган датага карата аны сатып алууга каражаттардын келип чыгуу булактары жана/же наркы документтик түрдө ырасталбаган учурда, декларант ушул Мыйзамда каралган тартипте декларация толтурулган датага карата өз алдынча баалайт.
2. Чет элдик валютадагы декларациялануучу акча каражаттарын баалоо декларация толтурулган датага карата КРУБдун курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.
3. Акциялардын, уставдык капиталдагы үлүштүн, пайдын наркы декларацияда акциялары, үлүшү, пайы декларациялануучу субъекттин бухгалтердик эсебинде чагылдырылган эсептик наркы боюнча көрсөтүлөт.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, баалуу кагаздардын наркы декларацияда рыноктук наркы боюнча көрсөтүлөт.
7-берене. Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо тартиби
1. Декларациянын бланкын алуу үчүн декларант ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылат.
2. Толтурулган декларация ыйгарым укуктуу кызмат адамына декларант же анын ишеним каттын негизинде иштөөчү өкүлү же мыйзамдуу өкүлү (мындан ары - өкүл) тарабынан, төмөнкүлөрдү тиркөө менен берилет:
1) декларанттын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти;
2) өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти;
3) декларанттын өкүлүнүн укугун ырастоочу документти;
4) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо үчүн тиешелүү төлөмдөрдүн төлөгөндүгүн ырастоочу төлөм документтерин;
5) мүлктүн жана кирешелердин декларациялануучу объекттерине декларанттын менчик укугун ырастоочу документтерди;
6) декларация толтурулган датага чейин ошол банктагы декларанттын эсебинде жайгаштырылган акча каражатынын суммасын ырастоочу банктын маалым катын.
3. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы декларациялоо субъектинин же анын өкүлүнүн катышуусунда декларациядагы декларациялоо субъекти жөнүндө маалыматтардын анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерге жана ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык декларацияга тиркелүүчү документтерге шайкештигин гана текшерет, ошондой эле декларацияда коюлган колдун анык экендигин күбөлөндүрөт жана кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын реестрине кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын жеке катар номерин, декларацияланган датаны жана ошол декларацияны тапшырган адамдын жеке маалыматтарын киргизет.
Ыйгарым укуктуу кызмат адамы Кыргыз Республикасынын нотариат жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык декларант тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн сакталышын камсыздайт.
4. Декларациянын мазмунуна тиешелүү башка маалыматтар мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациялардын реестрине киргизилбейт жана эч жерде белгиленбейт.
5. Күбөлөндүрүлгөн декларация декларантта сакталат.
6. Декларант ыйгарым укуктуу кызмат адамына ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгилдин ичинде такталган декларацияны күбөлөндүрүү үчүн берүүгө укуктуу.
7. Декларант тарабынан такталган декларация берилген учурда алгачкы күбөлөндүрүлгөн декларация жараксыз деп таанылат.
8. Ушул беренеде каралган жол-жоболорду аткаруунун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн декларация декларация тапшырылган күнү декларантка берилет.
8-берене. Документтер
1. Декларация так отчеттук документ болуп саналат. Мөөр, декларациянын бланктарын сактоо жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипке ылайык ишке ашырылат.
2. Декларанттын же анын ишеним каттын негизинде иштеген өкүлүнүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ катары төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын жараны үчүн - ID-карта;
2) кайрылмандын күбөлүгү.
3. Декларанттын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишеним каты нотариалдык күбөлөндүрүлөт. Чет мамлекеттин нотариусу тарабынан берилген ишеним кат (мамлекеттик же расмий тилден айырмаланган тилде) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык апостилдештирүүгө/консулдук ыктыярдуу декларациялоого тийиш.
4. Декларанттын мыйзамдуу өкүлүнүн укугун ырастоочу документтер төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
1) 16 жашка чыга элек декларанттын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
2) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн буйругу;
3) камкорчулук/көзөмөлчүлүк жөнүндө соттун чечими;
4) кызматкери декларанттын өкүлү болуп саналган мекемеден ишеним кат.
5. Тиешелүү декларациялык төлөмдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
1) банктын штампы менен күбөлөндүрүлгөн акча каражатынын которулганы жөнүндө төлөм тапшырмасы;
2) банктын эсебине накталай төгүм жөнүндө квитанция.
6. Ыктыярдуу декларациялоо объектин декларантка кайра тариздөө декларациялануучу мүлктү менчикке бекер өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин негизинде ишке ашырылат, анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоого тийиш ыктыярдуу декларациялоо объектине менчик укугун ырастоочу документ болуп төмөнкүлөр саналат:
1) транспорт каражатынын паспорту;
2) кыймылсыз мүлккө менчик укуктарынын мамлекеттик реестринен көчүрмө;
3) акционердик коомдун акционерлеринин реестринен көчүрмө;
4) акционердик коомдордон тышкары, юридикалык жактын уюштуруу документтери.
8. Акциялардын, уставдык капиталдагы үлүштүн, пайдын наркы акциялары, үлүшү, пайы декларациялануучу субъекттин бухгалтердик эсебинде чагылдырылган, субъекттин жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин колу коюлган жана субъекттин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн акциялардын, үлүштүн. пайдын эсептик наркы жөнүндө субъекттин маалым каты менен ырасталат.
9-берене. Бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди аткаруу тартиби
1. Ушул Мыйзамда каралган тартипте ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өтүүнүн жыйынтыгында декларанттын салыктык милдеттенмелер боюнча милдеттенмелери аткарылды, ошондой эле төмөнкүлөрдөн келип чыккан ошол милдеттенмелер боюнча айып пулдар, пайыздар жана туумдар төлөндү деп таанылат:
1) алардын эсебинен ыктыярдуу декларациялоо объекти сатылып алынган ыктыярдуу декларациялоо мезгилинин ичинде кирешелерди алуудан;
2) декларант тарабынан декларацияда көрсөтүлгөн ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин эсебине өткөрүп берүү (кайра тариздөө), жайгаштыруу боюнча ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтүндө жасалган операцияларга карата.
Бул милдеттенмелерге карата декларация күбөлөндүрүлгөн датадан тартып ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосу аяктаган датага чейинки мезгилде жазык иштери жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери демилгеленбейт, бузуулар жана башка териштирүүлөр жөнүндө иштердин өндүрүшү ачылбайт.
2. Ушул берене ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү башталган датадан мурда отчет берилген же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча эсептелген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча эсептелген, бирок алар боюнча милдеттенмелер аткарылбаган бюджетке милдеттүү төлөмдөргө карата колдонулбайт.
10-берене. Ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосун аяктоо
Ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосу декларант же анын өкүлү ушул Мыйзамдын жоболорун сактоо менен ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн декларацияны алган учурдан тартып аткарылды деп эсептелет жана декларациялануучу мүлктүн жана кирешелердин наркын, ошондой эле ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөн 1, 2, 3, 4-топтордогу мүлк объекттерин жана жер участокторун ыктыярдуу декларация жүргүзүлгөн жылдын жыйынтыгы боюнча декларанттын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүү менен аяктайт.
Ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн декларацияны алган декларант ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөн декларант деп таанылат.
11-берене. Мамлекеттик кепилдиктер
1. Аларга карата ыктыярдуу декларациялоо жол-жоболору толук аяктаган, алардын эсебинен ыктыярдуу декларациялоо объекттери түзүлгөн жана/же сатып алынган кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү аяктагандан кийин:
1) бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруу боюнча талаптар коюлбайт;
2) ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөн декларант бюджетке төмөнкү милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине же/жана бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылбайт:
а) кирешелерди алуу же/жана мүлктү сатып алуу мезгилинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү отчетто көрсөтүлбөгөн;
б) ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтүндө мүлктү кайра тариздөө боюнча жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгында мыйзамдарга ылайык эсептелүүгө тийиш.
Ушул беренеде каралган мамлекеттик кепилдиктер декларация күбөлөндүрүлгөн жылдын жыйынтыгы боюнча декларант бирдиктүү салык декларациясын берген дата менен декларацияны күбөлөндүргөн датанын ортосундагы мезгилдин ичинде, бирок Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөтү аяктаган датадан кечиктирбей ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөн декларантка карата жайылтылат.
2. Ушул Мыйзамга ылайык декларанттын ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өтүүсү террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактылары аныкталган учурлардан тышкары, декларантты жана мүлктү кайра тариздөөгө катышуучу адамды жазык жоопкерчилигинен бошотууга негиз болуп саналат.
3. Ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөн декларантка карата жазык иштери жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери, бузуулар жана тартиптик укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачуу үчүн негиз катары төмөнкүлөр колдонулбайт:
1) декларациялануучу мүлккө менчик укугун декларантка өткөрүп берүүнү тариздөө менен байланышкан документтер:
2) декларацияны жана ага тиркелген документтерди берүү фактысы;
3) декларацияда жана ага тиркелген документтерде камтылган маалыматтар.
4. Декларацияда жана ага тиркелген документтерде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммерциялык жана салыктык сыр болуп таанылат.
Мындай маалыматтар менен документтерди сактоо режимин жана аларды алуу мүмкүндүгүн ыйгарым укуктуу кызмат адамы жана ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөн декларант камсыз кылат. Башка мамлекеттик же мамлекеттик эмес органдар жана уюмдар террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактыларын изилдөө учурларынан тышкары, мындай документтер менен маалыматтарды алууга укуксуз.
5. Мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) декларациянын көчүрмөсүн алууга;
2) такталган декларацияны берүүдө алгачкы декларациядан тышкары, декларацияны же анын көчүрмөсүн берүүнү талап кылууга.
6. Ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөн декларант декларациянын жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди аткарылды деп таануунун далили катары төмөнкү материалдарга кошууга укуктуу:
1) бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча текшерүүнүн;
2) бузуулар жана тартиптик укук бузуулар жөнүндө иштин;
3) жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн ачылган иштеринин.
Бул документтерди далил катары кошуудан баш тартууга жол берилбейт.
7. 2019-жылдын 1-январына чейин алынган жана/же сатып алынган декларациялануучу мүлккө жана кирешелерге карата бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарылды деп таануу фактысынан тышкары, декларация укукту белгилөөчү же укукту күбөлөндүрүүчү документ болуп саналбайт.
8. Мамлекет ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөн декларантка төмөнкүлөргө кепилдик берет:
1) төмөнкүдөй алынган кирешелерге жана/же сатып алынган мүлккө карата милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотууга:
а) кирешелерди алган жана/же мүлктү сатып алган мезгилдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү отчетто көрсөтүлбөгөн;
б) ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтүндө мүлктү кайра тариздөө боюнча операцияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгында мыйзамдарга ылайык эсептелүүгө тийиш;
2) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык декларациялануучу мүлктүн жана кирешелердин келип чыгуу булактары жөнүндө маалымат берүү милдетинен бошотууга;
3) ыктыярдуу декларациялоо объекттерине карата купуялуулукту камсыз кылууга;
4) декларацияда көрсөтүлгөн ыктыярдуу декларациялоо объекттери боюнча бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди аткарууда декларантка карата кийин жоопкерчилик чараларын колдонбоо.
9. Мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу адамы ушул берененин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
10. Ушул Мыйзамды колдонууда пайда болуучу бардык карама-каршылыктар декларанттын пайдасына чечмеленет.
12-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) өз чечимдерин ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин;
2) ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык чечимдерди даярдасын жана кабыл алсын;
3) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгаша бөлүгүндө жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө маалыматтык кампанияны жүргүзүүгө каражат карасын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ