Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-январы № 33
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 800 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация төлөө маселелерин тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 800 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы жана 1-пункту "мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына" деген сөздөрдөн кийин "жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине" деген сөздөр менен толукталсын;
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация төлөө маселелерин тартипке салуу максатында, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";
- 2-пункту "мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө жободо:
- аталышы "мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына" деген сөздөрдөн кийин "жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына (мындан ары - аскер кызматчылары) жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине (мындан ары - кызматкерлер) аларды турак жай (жашоо аянты) менен камсыздоо мүмкүн болбогон жана аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде турак жай (жашоо аянты) жок болгон учурда убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны (мындан ары - компенсация) төлөө тартибин аныктайт.";
- 2-пункту "Аскер кызматчыларына" деген сөздөрдөн кийин "/кызматкерлерге" деген сөз менен толукталсын;
- 3-пунктундагы "аскер кызматчылары" деген сөздөр "аскер кызматчылары/кызматкерлер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунда:
биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын аймагынын чектеринде кызмат өтөгөн аскер кызматчылары," деген сөздөрдөн кийин "укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн кызматкерлер," деген сөздөр менен толукталсын;
1-пунктчасы "аскер кызматчысы" деген сөздөрдөн кийин "/кызматкер" деген сөз менен толукталсын;
2-пунктчасындагы "ошондой эле мурдагы аскердик кызмат өтөгөн жери" деген сөздөр "укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн жери, ошондой эле мурдагы аскердик кызмат өтөгөн, укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн жери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аскер кызматчысынын аскердик кызмат өтөгөн жери боюнча, кызматкердин укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн жери боюнча жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде турак жайдын (жашоо аянтынын) жок экендиги тууралуу маалымкаты;";
4 жана 5-пунктчалары "аскер кызматчысынын" деген сөздөрдөн кийин "/кызматкердин" деген сөз менен толукталсын;
- 5-пункту "аскер кызматчылары" деген сөздөрдөн кийин "/кызматкерлер" деген сөз менен толукталсын;
- 6-пункту "аскер кызматчысы" деген сөздөрдөн кийин "/кызматкер" деген сөз менен толукталсын;
- 7-пунктунда:
биринчи абзацы "Аскер кызматчыларына" деген сөздөрдөн кийин "/кызматкерлерге" деген сөз менен толукталсын;
экинчи абзацы "Мындай учурда аскер кызматчылары" деген сөздөрдөн кийин "/кызматкерлер" деген сөз менен толукталсын;
үчүнчү абзацы "окууда жүргөн аскер кызматчыларын" деген сөздөрдөн кийин "/кызматкерлерди" деген сөз менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 3-февралынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |