Редакцияот 29.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2020-жылдын 29-январы № 38

Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө

Жаңы өнөр жай объектисин куруу жана жаңы жумуш орундарын түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 2-августундагы № 234-б буйругун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № ЭА-05-678 корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагынын № 15 контурунда жайгашкан жана "КГ ТЕКСТИЛЬ" жоопкерчилиги чектелген коомунун жеке менчигиндеги 1,2537 га жер (анын ичинен 0,26 га - курулмалар жайгашкан жерлер, 0,9937 - башка жерлер) текстиль фабрикасын куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 14-февралындагы № 14(3086) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

М.Д. Абдылгазиев