Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы № 39
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Ноокен айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ноокен айыл аймагынын жашоочуларына жеке турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 20-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 147 токтомун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Нокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 3-майындагы № 29 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Ноокен айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы 18 га жер жеке турак үй куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун, алардын ичинде:
- Кара-Коюн участогунун № 33 контурундагы 6,70 га кайрак айдоо;
- Ак-Жийде участогунун № 201 контурундагы 2,30 га кайрак айдоо;
- Кызыл-Жылдыз участогунун № 514 контурундагы 9,0 га кайрак айдоо.
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча гана колдонууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |