Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 22
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 32-пунктунда "1339", "147", "20" жана "1172" деген цифралар тиешелүү түрдө "1189", "202", "21" жана "966" деген цифралар менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесиндеги:
- эскертүүсүнүн 5-пунктунда:
биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда," деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацы "фонддордо," деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |