Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы № 45
2016-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин региондор аралык кызматташтыгы жөнүндө конвенцияны бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин региондор аралык кызматташтыгы жөнүндө конвенция (мындан ары - Конвенция) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жогоруда аталган Конвенцияны ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Конвенциянын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө билдирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23(3095) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |