Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-февралы № 53
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин актуалдуулук предметине инвентаризациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 19-августундагы № 409 "Кыргызстан Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 16-июнундагы "Кыргызстан Республикасынын юстиция органдарынын жана мекемелеринин ишин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указын ишке ашыруу тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 23-февралындагы № 78 "Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 19-августундагы № 409 токтому менен бекитилген Кыргызстан Республикасынын Сот жана юстиция мекемелерин өнүктүрүү фонду жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 8-ноябрындагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 7-майындагы № 193 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-августундагы № 558 "Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын жана мекемелеринин ишин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 16-июнундагы Указын жүзөгө ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 19-августундагы № 409 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо мекемелерин каржылоонун ыкмаларын өзгөртүү жөнүндө" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 213 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-январындагы № 26 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-январындагы № 26 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |