Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 197 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо тармагында чектөөчү/карантиндик чараларды киргизүүнүн жана ишке ашыруунун тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип инфекциялык (анын ичинде карантиндик жана өзгөчө кооптуу) оорулардын очокторун локализациялоого жана жоюуга, аларды жайылтпоого багытталган чарбалык же башка иштин өзгөчө шарттары жана режими каралган убактылуу уюштуруучулук, режимдик-чектөөчү, административдик, чарбалык, санитардык-эпидемиологиялык (эпидемияга каршы, профилактикалык, дарылоочу) иш-чараларды иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча аткаруучу бийлик органдарынын иш-аракеттерине болгон негизги талаптарды аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
обочолонтуу - өзгөчө кооптуу инфекцияларды жуктурбоо жана жайылтпоо максатында инфекциялык оорулары бар бейтаптардан оорусу жок адамдарды бөлүү;
обсервация - атайын жайларда обочолоп жайгаштырылган адамдарды (өзгөчө кооптуу оорусу бар бейтаптар менен байланышта болгон дени сак адамдар) медициналык байкоого алуу;
чектөөчү иш-чаралар (карантин) - инфекциялык ооруларды жайылтпоого, эпидемиялык очокту локализациялоо менен кийин анын жоюлушун камсыздоого багытталган жана чарбалык же башка иштин өзгөчө режимин, жүктөрдү, товарларды жана жандыктарды ташууну, калктын, транспорт каражаттарынын кыймылын чектөөнү караштырган убактылуу уюштуруучулук, режимдик-чектөөчү, административдик-чарбалык, санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын системасы;
өзүн-өзү обочолонтуу - ооруну жуктуруу тобокелин азайтуу үчүн адамдардын башка адамдар менен байланышпоосу. Өзүн-өзү обочолонтуу обочолонбогон адамдар менен кандай болбосун байланыштарды түзбөөнүн ар кандай кырдаалдарын камтыйт;
эпидемиялык өзгөчө кырдаал - аймактагы калктын түзүлүп калган жашоо калыбынын бузулуусуна, оорунун козгогучу ошол аймактан сыртка чыгуусуна, оорунун оор абалда өтүүсүнө жана жагымсыз натыйжалардын көбөйүүсүнө алып келүүчү эпидемиялык очоктордогу инфекциялуу бейтаптардын санынын прогрессивдүү өсүүсү.
2-глава. Коомдук саламаттык сактоо тармагында чектөөчү/карантиндик чараларды киргизүү тартиби
3. Чектөөчү иш-чаралар (карантин) өлкөнүн, облустун, райондун, калктуу конуштун аймагында (мындан ары - карантинге алынуучу аймактар) инфекциялык оорулардын келип чыгуу жана/же жайылуу коркунучу чыккан учурларда киргизилет.
Инфекциялык оору жуккан жана/же инфекциялык оорулуу болгон жана/же инфекциялык ооруну жугузуп алууга шектүү адам жүргөн аймак, чарбалык же башка иштин объекттери аталган оорунун очогу болуп эсептелет.
Чектөөчү иш-чаралар (карантин) оорунун аныкталган очогун жана инфекция булагын, ошондой эле ага байланышы бар адамдарды жана объекттерди эске алуу менен төмөнкүдөй киргизилиши мүмкүн:
- бир конкреттүү объектте;
- калктуу конушта;
- райондо, бир нече райондордо;
- облуста;
- республиканын жалпы аймагында.
4. Чектөөчү иш-чаралар (карантин) оорунун инкубациялык мезгилин жана ошол инфекцияны акыркы жолу жугузуу мүмкүндүгүн эске алуу менен белгилүү бир мөөнөткө киргизилет.
5. Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын сунушу боюнча чектөөчү иш-чараларды (карантинди) киргизүү жана алып салуу жөнүндө чечимди болжолдонуп жаткан же келип чыккан өзгөчө эпидемиялык кырдаалдын мүмкүн болуучу же чыныгы түзүлгөн жагдайына жана масштабына жараша төмөнкүлөр кабыл алат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары;
- менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери.
Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссиялар тиешелүү деңгээлдерде, тармактарда жана объекттерде туруктуу иштөөчү координациялык органдар болуп эсептелет.
Республикалык деңгээлде Республикалык эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссия (мындан ары - Республикалык комиссия) иштейт, анын курамы жана укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Тиешелүү деңгээлдердеги эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссиялар:
- эпидемиялык очоктун, оору болгон пункттун, карантинге алынуучу зонанын (зарылдыгына жараша коркунуч жараткан зонанын) чектерин так аныкташат, карантиндик посттордун, айланма жолдордун жана маалымдоо белгилерин жайгаштыруу жерлерин аныкташат;
- эпидемиялык очокту жоюу, оору болгон пункттарда жана оору коркунучу бар зоналарда аны жайылтпоо жана профилактика иш-чараларынын планын иштеп чыгышат. Бул планда карантиндик аймактын, чарбалык же башка иштин объектисинин, өзгөчө маанилүү объектинин эпидемиологиялык абалы чагылдырылат (инфекциянын жайылуу даражасы, бейтаптардын болушу), чарбалык жана башка зарыл иш-чараларды жүргүзүү масштабдары жана мөөнөттөрү каралат, оору очогун сакайтуу ыкмалары жана мөөнөттөрү аныкталат, өзүнчө иштерди аткарууга жана оорунун очогун жоюуга жооптуу адамдар дайындалат жана карантиндин башка эрежелери каралат;
- чектөөчү иш-чараларды (карантинди) киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн керектүү материалдарды даярдашат;
- чектөөчү иш-чаралардын/карантиндин режимин камсыздоочу күчтөрдү жана каражаттарды аныкташат.
8. Чектөөчү иш-чаралардын (карантин) режими шартында эпидемияга каршы жана профилактикалык иш-чаралар саламаттык сактоо уюмдары тарабынан аткарылат, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин контролдоосу менен бул ишке министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, ишканалардын, бирикмелердин жана уюмдардын (менчигинин түрүнө карабай) күчтөрү жана каражаттары тартылат.
9. Белгиленген чектөөчү иш-чаралардын (карантин) режими республикалык бюджеттин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Эпидемиологиялык фондунун эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен камсыздалат.
3-глава. Чектөөчү иш-чаралардын (карантин) маселелери
10. Чектөөчү иш-чараларды (карантинди) киргизүүдө төмөнкүлөр каралат:
- куралданган күзөт кызматкерлерин коюу (курчоо) менен эпидемиялык очокту, калктуу конуштарды жана жалпы карантиндик зонаны толугу менен обочолонтуу;
- карантин зонасынан калктын кирүүсүн жана чыгуусун, ошондой эле мүлктү алып чыгарууну катуу контролдоо;
- оору жуккан очок аркылуу автомобиль транспортунун өтүүсүнө жана өзүнчө бөлүнгөн жайлардан башка жерде транзиттик өтө турган темир жол транспортунун токтоосуна тыюу салуу;
- обсерваторлорду ачуу жана оору очогунда болгон адамдарды жана карантин зонасынан тышкары жакка чыккан адамдарды обсервацияга алуу иш-чараларын жүргүзүү;
- инфекциялык бейтаптарды эрте аныктоо, аларды обочолонтуу менен атайы бөлүнүп даярдалган саламаттык сактоо уюмдарына жаткыруу;
- калктын айрым топторунун ортосундагы баарлашууларды чектөө жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу тартибин сактоо;
- чектөөчү иш-чаралар (карантин) учурунда, түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга жараша калк үчүн шаардык транспорттун, соода түйүндөрүнүн жана коомдук тамактануу ишканаларынын, экономикалык жана өндүрүштүк иштин объекттеринин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздай турган иштөө режимин белгилөө;
- эпидемиялык очокто жайгашкан айыл чарба объекттеринин, саламаттык сактоо уюмдарынын эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы иш режимин белгилөө;
- сырткы чөйрөнүн объекттерин, чыгарылган өнөр жай продукциясын жугушсуздандыруу жана калкты санитардык тазалоо боюнча иш-чараларын өткөрүү;
- тамак-аш өнөр жайынын бардык объекттерин чыгарылуучу продукциянын зыянсыздыгын кепилдөөчү иштин атайын технологиялык режимине өткөрүү;
- чукул түрдөгү жана спецификалуу профилактиканы жүргүзүү;
- калк, ишканалар, министрликтер жана ведомстволор тарабынан карантиндин белгиленген эрежелерин так аткарылышын контролдоо;
- калк арасында санитардык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- жугузуу очогунун айланасында, адамдар жана транспорт каражаттары жүрүүчү негизги жолдордо күзөт постторун коюу жолу менен карантиндик аймакта күнү-түнү иштеген куралдуу күзөттү (курчоону) жана посттор аралык күзөттү күнү-түнү патрулдоо, карантин киргизилген айрым калктуу конуштардын ортосунда калктын жүрүшүн катуу контролдоо, чектөөчү белгилерди, көрсөткүчтөрдү орнотуу жана айыл жолдорунда, жалгыз аяк жолдордо постторду орнотуу ж.б.;
- карантиндик зонада саламаттык сактоо системасынын, тамак-аш өнөр жайынын ж.б. иштешин камсыздоочу транспорт каражаттарын жана адамдарды кошпогондо, карантинге алынган калктуу конуштардын ичинде жана арасында калктын, транспорттун жүрүүсүнө тыюу салуу;
- массалык иш-чаралардын (митингдердин, жыйналыштардын) өткөрүлүшүнө тыюу салуу, базарларды жабуу.
11. Санитардык-контролдук пункт калктын кирүүсү жана чыгышы боюнча эпидемияга каршы режимдин аткарылышын контролдойт. Контролдук-өткөрүү пунктунун курамында санитардык-контролдук пункт орнотулат.
Карантиндик зонадан жүктөрдү (жабдууларды, техниканы, сырьелорду, товарларды жана азык-түлүктөрдү) чыгарууга, алардын жугушсуздандырылгандыгы жана зыянсыздыгы тууралуу документтер болгондо уруксат берилет. Адамдардын карантиндик аймактан чыгып кетүүсүнө же чыгышына, оорунун жоктугу жана обсервациядан өткөндүгү тууралуу документи болгондо уруксат берилет.
Карантин зонасына жүктөрдү киргизүү (түшүрүүчү жерге чейин) жүктөрдү коштогон адамдардын карантиндин белгиленген эрежелерин дыкат аткарганда тоскоолсуз ишке ашырылат.
Карантин зонасына чектөөчү иш-чаралар (карантин) режиминин шарттарын камсыз кылууга тартылган кызматтарга, ошондой эле карантин зонасынын аймагында дайыма жашаган, бирок карантин коюлганга чейин андан чыгып кеткен адамдарга тоскоолсуз кирүүгө мүмкүндүк берилет.
Санитардык-контролдоо пунктуна төмөнкүлөр жүктөлөт:
- карантин зонасынан чыгып жаткан адамдардын обсервациядан өткөндүгү тууралуу күбөлүктөрүн текшерүү;
- карантин зонасына келген адамдарга шашылыш профилактикалык каражаттарды берүү;
- жүктөрдү коштоп жүргөн адамдарды, транспорттук бригадаларды, иштеген жерине санитардык-контролдоо пункту аркылуу өткөн калкты жана жумушчу сменаларды медициналык байкоо жүргүзүү;
- аэропорттордун, авто/темир жол вокзалдарынын санитардык абалын контролдоо;
- контролдук-өткөрүү пунктунда иштеген жеринде жеке курамды медициналык байкоого алуу;
- карантин зонасынан чыккан жана ага кирген адамдардын арасында инфекцияны алып жүргөн бейтаптарды аныктоо жана аларды обочолонтуу.
Карантин зонасынан жүктөрдү ташып чыгаруу үчүн дезинфекцияланган транспорт жана карантин зонасына жүктөрдү жеткирген транспорт, аны тийиштүү тазалоодон өткөргөндөн кийин колдонулат.
4-глава. Обсервация, обочолонтуу жана өзүн-өзү обочолоо
12. Обсерватор жергиликтүү администрация жана саламаттык сактоо уюмдары тарабынан мейманканалардын, жатаканалардын, эс алуу үйлөрүнүн ж.б. базасында күн мурун иштелип чыккан план боюнча жайгаштырылат. Обсерватор катары аэро-, авто-, темир жол вокзалдарынын имараттарын колдонууга болот. Обсерваторлордо медициналык байкоону ушул максат үчүн атайын бөлүнгөн медициналык кызматкерлер ишке ашырат.
13. Карантиндик зонада убактылуу калган адамдардын (эмгек өргүүдөгүлөр, иш сапардагылар) чыгуусуна обсервациядан кийин уруксат берилет. Бул максат үчүн атайын обсерваторлор түзүлөт, мында обсервациялангандар үчүн инфекциялык оорулардын инкубациялык мезгилине тең мөөнөттө медициналык байкоо ишке ашырылат. Холерада обсервациялануучулардын вибрион алып жүрүүчүлүгү текшерилет.
14. Карантиндик зонада убактылуу жашап, чыга турган адамдар жөнүндө маалымат ишканалардын, уюмдардын жетекчилери, турак жайдын менчик ээлери тарабынан жергиликтүү бийлик органдарына берилет.
15. Карантин киргизилгенге чейин оорунун очогунан чыккан жүргүнчүлөр менен тейлөө кызматкерлерин обсервациялоону аймактык мамлекеттик администрациялар жана саламаттык сактоо уюмдары менен биргеликте тиешелүү транспорт уюмдарынын жетекчилери уюштурат.
16. Обсервациялануучу адамдар мүмкүндүккө жараша майда топтордо жайгаштырылат, топтор арасында сүйлөшүүгө жол берилбейт. Обсерваторго жайгаштыруунун алдында обсервациялануучу адамдар медициналык кароодон өтөт. Обсерваторго оорунун белгилери жок, дени соо адамдар гана жайгаштырылат.
17. Обсервация бүткөндөн кийин обсервациялануучу адамдар обсервациядан өткөндүгү тууралуу оору баракчалары жана маалым каттар менен камсыздалат жана жашаган жерине жөнөтүү үчүн аэропорттор менен автовокзалдарга ыйгарым укуктуу органдар тарабынан уюштуруп жеткирилет.
18. Обсервациялануучу адамдардын арасында инфекциялык оорулар аныкталганда, алар госпиталдарга которулат, ал эми башка обсервациялануучулар үчүн алардын обсервация мөөнөтү инкубациялык мезгилдин аякташына чейин тиешелүү түрдө узартылат. Обсерватордо бейтапты ооруканага жаткыргандан кийин бейтап менен байланышта болгон обсервациялануучу адамдарды жана тейлөөчү персоналды толук санитардык иштеп чыгуу менен дезинфекциялоо жүргүзүлөт.
19. Жүктөрдү жеткирген адамдар бейтаптар менен байланышта болгондо же карантиндин белгиленген эрежелерин бузганда карантиндик зонада обсервацияланууга тийиш. Жүктөрдү коштогон адамдар карантиндик зонадан чыккандан кийин жолдо жүргөндө жана жашаган жери боюнча медициналык байкоого алынат.
20. Аныкталган бейтаптарды обочолотууну эпидемиялык очокто иштеген медициналык түзүмдөр (эвакуациялык бригада) уюштурат.
21. Карантиндик зонада инфекциялык бейтаптарды обочолотуу жана дарылоо үчүн инфекциялык стационарлар жайгаштырылат (инфекциялык көчмө госпиталдар, изоляторлор, провизордук жана обсервациялык госпиталдар).
22. Өзгөчө кооптуу инфекциялар менен ооругандар үчүн инфекциялык стационарларды жайгаштырууда төмөнкүлөр каралат: күчөтүлгөн режим зонасы (жугуштуу бөлүк), мында кабылдама-бөлүштүрүү, дарылоо-диагностикалык, дарылоо, лабораториялык бөлүмдөр жайгаштырылат; морг, медициналык кызматкерлер үчүн изолятор жана обсервациялык зона (таза бөлүк), мында кызматкерлер үчүн дарыкана, ашкана, жатакана/казарма, штаб жана чарба бөлүмдөрү жайгаштырылат. Бул зоналардын ортосунда санитардык өткөрмө жана тапшыруу пункттары жайгаштырылат.
23. Обочолотуу бүткөндөн кийин сакайган адамдар обочолонтуудан өткөндүгү тууралуу оорукана баракчалары жана маалым каттары менен камсыздалат жана жашаган жерине жөнөтүү үчүн ыйгарым укуктуу органдар тарабынан аэропортко же автовокзалдарга уюштурулуп жеткирилет.
24. Эгер обочолоодон өтүү учурунда обочолоого алынган адамда оорунун клиникалык белгилери жана оң лабораториялык изилдөөлөр табылса, анда алар мындан ары дарылануу үчүн госпиталга которулат.
25. Өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулар боюнча абал жакшы эмес пункттардан жана өлкөлөрдөн келгендер өз алдынча обочолонууга алынат, ошондой эле ал адамга коомдук саламаттык сактоо кызматтарына инфекциянын инкубациялык мезгилинде башка адамдар менен байланышта болбоо милдеттемеси берилет.
5-глава. Карантин аймагында колдонулган башка чаралар жана жоопкерчилик
26. Карантинде жаткан калк үчүн эң керектүү тамак-аш жана өнөр жай продуктулары карантиндик зонага Республикалык комиссия аныктаган жеткирүү пландарына ылайык киргизилет. Экономикалык жана өндүрүштүк иштин объекттерине арналган жүктөр (резервдик кампалар) белгиленген жерине объектке, ал эми калк үчүн - түшүрүү пункттарына жеткирилет.
27. Жүктөрдү коштоп жүргөн адамдарды жайгаштыруу үчүн түшүрүү пункттарында жайлар (изоляторлор); жүктөрдү коштоп жүргөн адамдарды карантиндик зонадан кетүү алдында толук санитардык тазалоодон өткөрүү үчүн санитардык өткөрмөлөр; транспортту зыянсыздандыруу үчүн аянтча жабдылат.
28. Карантиндик зонага кирип бараткан адамдардын вакцинация жасалгандыгы жөнүндө ырастоочу документи (зарыл болсо), шашылыш профилактика каражаттары, жеке коргонуу каражаттары болушу керек.
29. Карантин шартында ишин уланткан объекттерде эпидемияга каршы иштөө режими киргизилет, алар:
- жумушчулардын жана кызматчылардын арасында оору жугузуп алгандарды өз убагында табуу жана аларды дароо обочолотуу, ошондой эле алар менен байланышта болгон адамдарды байкоого алуу;
- өндүрүштүк (кызматтык) жайларда тышкы чөйрөнү зыянсыздандыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- жумушчулардын жана кызматчылардын арасында профилактикалык иш-чаралардын (шашылыш жана спецификалык профилактика жана башка иш-чаралар) өз убагында жүргүзүлүшүн камсыз кылуу;
- жумушчулар жана кызматчылар тарабынан белгиленген режимдик жана санитардык-гигиеналык эрежелерди аткаруусу;
- өзгөчө кырдаал шартында тамак-аш продуктуларын өндүргөн объекттерди продукциянын зыянсыздыгын камсыздоо менен продукцияны чыгаруунун жаңы технологиялык режимине которуу.
30. Өзгөчө кырдаалдын санитардык-эпидемиологиялык кесепеттерин жоюу менен алектенген дарылоо-профилактикалык жана эпидемияга каршы түзүмдөр иштин эпидемияга каршы күчөтүлгөн режимине которулат, ал төмөнкүлөрдү камтыйт: обсервациялоону, түзүмдүн өздүк курамын казармалык жайгаштырууну, жеке коргонуу каражаттарын пайдаланууну, шашылыш профилактика каражаттарын колдонууну, уюмдарда (поликлиникаларда, изоляторлордо, стационарларда ж.б.) учурдагы дезинфекциялоону өткөрүүнү.
31. Транспорт каражаттарын жугушсуздандыруу атайын уюшулган аянтчада жана жуучу станцияларда, кийимдер, бут кийимдер жана жумшак эмеректер - дезинфекциялык-душ түрүндөгү көчмө орнотмолорду колдонуу менен ишке ашырылат.
32. Өзгөчө кооптуу инфекция менен ооругандыгы тууралуу диагноз аныкталганга чейин байланышта болгон адамдар таасири күчтүү антибиотиктер менен жалпы шашылыш профилактикадан өткөрүлөт.
33. Карантиндик зонадан сырткары спецификалуу профилактика (вакциналык профилактика) эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт.
34. Инфекциялык оорулууларды же ооруга шектүүлөрдү активдүү аныктоо үймө-үй кыдыруу же эпидемиялык очоктогу жабыркаган калкты сурамжылоо жана температурасын текшерүү, медициналык кароодон өткөрүү жолу менен камсыздалат. Бул иштерди саламаттык сактоо уюмдарынын адистери жүргүзөт.
35. Бөлүмдөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен борбордук камсыздоо үчүн дезинфекциялоочу эритмелерди даярдай турган пункттар уюштурулат.
36. Режим катуу сакталган зонада стационардын өздүк курамы диагноз такталганга чейин жеке коргонуучу каражаттар (I типтеги чумага каршы кийимдер, "Кварц" ж.б.) менен иштейт жана иш аяктагандан кийин толук түрдө санитардык тазалануудан өтөт.
37. Инфекциялык оорулуулар менен иштөөдө кызматкерлердин эпидемияга каршы режимдин талаптарын кылдат аткаруусу үчүн жоопкерчилик госпиталдардын жетекчилерине жүктөлөт.
38. Карантиндик зонадагы калк жамаатта же үй-бүлөсүндөгү адамдын ооруп калгандыгы жөнүндө өз убагында кабарлоо жана алар менен сүйлөшүүдөгү сактык чараларын көрүү, карантиндик зонада уюшулбаган кыймылдарды токтотуу, карантиндик зонага кирип-чыгуу жана буюм-тайымдарын чыгаруу боюнча белгиленген тартипти сактоо жана жеке гигиеналык талаптарды кылдат аткаруу сыяктуу иш-чараларды камтыган карантиндин белгиленген эрежелерин кылдат аткарууга милдеттүү.
39. Ушул Тартиптин ченемдерин мамлекеттик бийлик органдары, жеке жана юридикалык жактар, башка субъекттер бузганда, алар Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси белгилеген жоопкерчиликке тартылат.