Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 111
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 7-бөлүгүнө жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча тендердик комиссия жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги бир айлык мөөнөттө:
- ишке ашырылып жаткан жана потенциалдуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча ачык маалыматтар базасын түзсүн жана аны жүргүзүүнүн эрежелерин бекитсин;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттун формасын бекитсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Долбоорлору мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ишке ашырылуучу жана потенциалдуу долбоорлорунун маалыматтар базасына кирген мамлекеттик өнөктөштөр, квартал сайын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик ишканасына мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу тийиштүү формада отчет берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин натыйжалуу жайылтуу жана институттук базасын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:".
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун реестрин жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 823 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөргө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-мартындагы № 28(3100) жарыяланды
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 111
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча конкурстук комиссия жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомуна ылайык күчүн жоготту)