Сравнение редакций…
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 токтомуна) |
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча тендердик комиссия жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча тендердик комиссияны (мындан ары - тендердик комиссия) түзүү тартибин, иштешин жана ыйгарым укуктарын аныктайт, ошондой эле анын мүчөлөрүнө карата квалификациялык талаптарды белгилейт.
2. Тендердик комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, тендердик документтерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Ушул Жободо пайдаланылуучу терминдер "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган маанилеринде колдонулат.
2-глава. Тендердик комиссияны түзүү тартиби жана анын мүчөлөрүнө коюлуучу квалификациялык талаптар
4. Тендердик комиссия ар бир мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) долбоору боюнча түзүлөт.
5. Тендердик комиссия тендердик документтер бекитилген күндөн тартып эки жуманын ичинде мамлекеттик өнөктөштүн чечими менен түзүлөт жана бекитилет.
6. Тендердик комиссия төраганы, төраганын орун басарын жана тендердик комиссиянын катчысын кошкондо бештен кем эмес, бирок он бир адамдан ашык эмес курамда түзүлөт. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так болууга тийиш.
7. Тендердик комиссиянын курамына мамлекеттик өнөктөштүн өкүлдөрү, МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, тийиштүү инфраструктуралык объект боюнча тажрыйбага жана билимге ээ болгон адис, экономика жана (же) финансы жаатындагы адис, юриспруденция жаатындагы адис, МЖӨ долбоору түздөн-түз таасир тийгизүүчү жергиликтүү жамааттын өкүлү кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Тендердик комиссиянын мүчөсү анын ишине катышууну уланта албаган учурда (анын ичинде оорусуна, кеткенине/командировкага байланыштуу), тендердик комиссиянын мүчөсү мамлекеттик өнөктөшкө жана тендердик комиссияга анын тендердик комиссиянын мүчөсү катары ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө өтүнүчү менен жазуу жүзүндө үч күндүк мөөнөттө кабарлоого милдеттүү. Тендердик комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жана аны андан ары алмаштыруу, анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү өтүнүчү келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен мамлекеттик өнөктөштүн чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
9. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
1) тиешелүү инфраструктуралык объект боюнча тажрыйбасы жана билими бар адистин каралып жаткан МЖӨ долбоору боюнча документ түрүндө ырасталган кесиптик тажрыйбасынын жана атайын билиминин болушу (билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документинин, эмгек китепчесинде жазуулардын, сертификаттардын, дипломдордун, сунуштоо каттардын болушу);
2) мамлекеттик өнөктөштүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн, экономика жана (же) финансы жаатындагы адистин, ошондой эле юриспруденция жаатындагы адистин жогорку кесиптик билиминин болушу.
10. Тендердик комиссиянын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) тендердик комиссиянын жыйындарына жеке өзү катышууга;
2) тендердик комиссиянын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалыматка ээ болууга;
3) тендердик комиссиянын катчысына күн мурунтан (пландалган жыйынга чейин 24 саат мурда) өзүнүн келе албай тургандыгы тууралуу жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө;
4) квалификациялык билдирүүлөрдү кароо жол-жобосу келип жеткенге чейин потенциалдуу же учурдагы ар кандай кызыкчылыктардын кагылышуулары жөнүндө жана өзүнүн баш тартуусу тууралуу билдирүүгө;
5) ушул Жобого, тендердик документтерге, "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын МЖӨ чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аракеттенүүгө.
11. Төмөнкүдөй адамдар тендердик комиссияга мүчө боло алышпайт:
1) тендерге катышууга өтүнмө бергендер же тендерге катышуучунун штатында тургандар;
2) тендердин катышуучусунун уюштуруучулары/бирге уюштуруучулары болгондор;
3) каралып жаткан МЖӨ долбооруна карата мүлктүк укугу жана (же) башка кызыкчылыгы барлар;
4) менчик ээси (акыркы пайда алуучу (бенефициар), тендердин катышуучусу болгон жакын туугандары барлар.
12. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүндө каралып жаткан МЖӨ долбооруна карата кызыкчылыктардын кагылышы болбошу керек, ал жөнүндө алар тендердик комиссияны түзгөн мамлекеттик өнөктөшкө жазуу жүзүндө ырастоо киргизишет. Тендердик комиссиянын курамында андай адамдар бар экени аныкталса, мамлекеттик өнөктөш аларды тендердик комиссиянын курамынан чыгарат жана тендердик комиссиянын кезектеги жыйыны өткөрүлгөнгө чейинки мөөнөткө башка адамдарды киргизет.
13. Тендердик комиссиянын мүчөлөрү кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча тендерге тиешеси бар бардык документтердин жана маалыматтардын купуялуулугунун сакталышы жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге кол коюшат.
3-глава. Тендердик комиссиянын функциялары жана ыйгарым укуктары
14. Тендердик комиссиянын функциялары: "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, квалификациялык тандоону жана тендердин жеңүүчүсүн тандоону камтыган тендер өткөрүү.
15. Тендердик комиссиянын милдеттери:
1) тендерге катышуу үчүн квалификациялык суроо-талапта белгиленген баалоо талаптарына жана критерийлерине ылайык МЖӨ долбоору боюнча квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү баалоо;
2) тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында белгиленген талаптарга ылайык тендердик сунуштарды (техникалык жана финансылык сунуштар) баалоо;
3) квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү четке кагуу;
4) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда тендердин жеңүүчүсүн дисквалификациялоо жана тендердин башка жеңүүчүсүн дайындоо;
5) тендердин жеңүүчүсүн тандоо;
6) тендерди болгон жок деп таануу;
7) экинчи жолку тендерди жарыялоо.
16. Тендердик комиссия тендердик комиссиянын курамы мамлекеттик өнөк тарабынан бекитилген датадан тартып ишке киришет. Тендердик комиссиянын иши МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүлгөн күндөн тартып же кайрадан тендер жарыялабастан тендер болбой калды деп таануу тууралуу тендердик комиссиянын чечими кабыл алынган күндөн тартып токтотулат.
17. Квалификациялык тандоо жүргүзүү үчүн квалификациялык тандоого катышууга бир өтүнмө берүү жетиштүү. Эгерде ири долбоор боюнча квалификациялуу тандоо жүргүзүүдө бир өтүнмө гана берилсе, анда мындай тендер өткөн жок деп таанылат жана тендердик комиссия тендер өткөн жок деп жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде кайталап тендер өткөрүүнү жарыялоого милдеттүү. Ири долбоор боюнча кайталап тендер өткөрүүдө квалификациялык тандоо үчүн квалификациялык тандоого катышууга бир өтүнмө берүү жетиштүү.
18. Финансылык жана техникалык сунуштары МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун мыкты шарттарын камтыган жана тендерде катышуу үчүн сунуштардын суроо-талаптарынын тиешелүү талаптарына жооп берген тендердин катышуучусу тендердик комиссия тарабынан тендердин жеңүүчүсү деп жарыяланат. Тендердик комиссия тарабынан тендердин бардык катышуучуларынын техникалык жана/же финансылык сунуштары тендерге катышуу үчүн сунуштарга суроо-талаптардын талаптарына шайкеш келбейт деп таанылган учурда тендердик комиссия тендерди өткөн жок деп тааныйт жана кайталап тендер жарыялоого укуктуу.
19. Тендердик комиссия өз компетенциясынын чегинде төмөнкү укуктарга ээ:
1) тендердин катышуучуларынан тендерди өткөрүүгө тиешелүү документтерди жана маалыматтарды сурап алууга, аларды өзүнүн жыйынына берилген документтер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн чакырууга. Тендердин катышуучуларынын тендердик комиссияга берүүчү документтери жана маалыматтары купуя болуп саналат;
2) мамлекеттик өнөктөштөн тендер өткөрүүдө жана атайын билимди талап кылган айрым маселелер боюнча консультация берүүдө көмөк көрсөтүү үчүн көз карандысыз консультанттарды (тендердик комиссиянын мүчөсү же мамлекеттик өнөктүн кызматкери болбогон) тартууну мамлекеттик өнөктөштөн суроого;
20. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө алынган документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды үчүнчү жактарга, анын ичинде тендердин башка катышуучуларына берүүгө, же ушул документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды тендер өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган өтүнмөлөрдү жана сунуштарды баалоодон башка максаттарга пайдаланууга тыюу салынат. Документтерди жана маалыматтарды үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик, жарандык-процесстик мыйзамдарында, ошондой эле административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда гана берүүгө мүмкүн болот.
4-глава. Тендердик комиссиянын ишин уюштуруу
21. Тендердик комиссиянын иши коомдук негизде жүргүзүлөт.
22. Тендердик комиссия өзүнүн ишин жыйын өткөрүү жолу менен жүргүзөт. Тендердик комиссиянын жыйындары катышуу тартибинде өткөрүлөт. Тендердик комиссиянын ар бир мүчөсү жыйын өтүүчү датага чейин 3 (үч) календардык күндөн кечиктирбестен тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө алдын ала кабарлаган шартта тендердик комиссиянын жыйынын чакырууга укуктуу.
23. Тендердик комиссиянын жыйыны ага тендердик комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда жарактуу болот. Тендердик комиссиянын мүчөлөрү тендердик комиссиянын жыйындарына жеке өздөрү катышат жана өз добушун башка жактарга, анын ичинде тендердик комиссиянын башка мүчөлөрүнө берүүгө укугу жок.
24. Тендердик комиссиянын жыйынын анын төрагасы, ал жок болсо - тендердик комиссиянын төрагасынын орун басары өткөрөт. Төрага жана төраганын орун басары жок болгон учурда, катышып жаткан тендердик комиссиянын мүчөлөрү кворум болгон учурда көпчүлүк добуш менен тендердик комиссиянын жыйынына төрагалык кылуучуну шайлайт, бул тендердик комиссиянын жыйынынын протоколуна жазылат.
25. Тендердик комиссиянын чечими тендердик комиссиянын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүү процесси ачык жүргүзүлөт. Добуштар бирдей болуп калган учурда төраганын, ал жок учурда - төраганын орун басарынын, ал дагы жок учурда - тендердик комиссиянын жыйынына төрагалык кылуучу болуп шайланган тендердик комиссиянын мүчөсүнүн добушу чечүүчү болот.
26. Тендердик комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет, ага тендердик комиссиянын жыйынына катышкан бардык мүчөлөрү кол коёт. Тендердик комиссиянын мүчөсү тендердик комиссиянын чечими боюнча өзүнүн өзгөчө пикирин баяндоого укуктуу, ал протоколго тиркелет.
27. Тендердик комиссия коллегиалдуу орган болуп саналат, ал тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн жыйындарын өткөрүү жана добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат. Тендердик комиссиянын төрагасын кошкондо анын айрым мүчөлөрү, тендердик комиссиянын атынан чечим кабыл алууга жана/же коллегиалдуу орган катары тендердик комиссиянын ыйгарым укугун ар кандай ыкма менен алмаштырууга укугу жок. Тендердик комиссиянын төрагасын кошкондо анын айрым мүчөлөрүнүн иш-аракети тендердик комиссиянын иш-аракети катары каралууга тийиш эмес.
28. Тендердик комиссиянын жыйындарынын протоколдорун жүргүзүү жана сактоо, ошондой эле тендердик комиссиянын дарегине келип түшкөн ар кандай документтерди сактоо үчүн жоопкерчилик тендердик комиссиянын катчысына жүктөлөт. Тендердик комиссиянын иши токтотулгандан кийин 10 (он) календардык күндүн ичинде тендердик комиссиянын катчысы өзүнүн сактоосунда турган бардык протоколдорду жана документтерди мамлекеттик өнөктүн архивине кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүп берүүгө тийиш.
29. Тендердик комиссиянын протоколдору тендердик комиссия тарабынан тиешелүү жыйын өткөн күндөн кийин 3 (үч) календарлык күндөн кеч эмес таризделет жана кол коюлат. Конверттерди ачуунун жыйынтыктары ошол эле күнү протокол менен таризделүүгө тийиш.
30. Тендердик комиссиянын протоколдору жыйын өткөрүлгөн күндү жана убакытты, жыйын өткөрүлгөн даректи (ордун), жыйындын күн тартибин, тендердик комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн аты-жөнүн, катышкан көз карандысыз консультанттардын аты-жөнүн, сүйлөнгөн сөздөрдүн кыскача мазмунун, добуш берүүгө коюлган маселелерди, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана кабыл алынган чечимдерди камтууга тийиш.
31. Тендердик комиссиянын төрагасы (же төрага жок учурда же өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда - төраганын орун басары, ал дагы жок учурда - тендердик комиссиянын жыйынына төрагалык кылуучу болуп шайланган тендердик комиссиянын мүчөсү):
1) тендердик комиссиянын жыйынына төрагалык кылат, анын ишин жетектейт жана тендердик комиссиянын ишин уюштурат;
2) тендердик комиссияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) тендердик комиссиянын жыйынын өткөрүүчү күндү, ордун, убактысын жана күн тартибин аныктайт;
4) берилген жана пайдаланылуучу маалыматтардын купуялуулугуна, коммерциялык сырдын сакталышына кепилдик берет;
5) квалификациялык тандоого катышууга арыздарды баалоонун жыйынтыктарын жана кулактандыруу жарыяланган күнгө чейин тендердин жыйынтыгы тууралуу тендердик сунуштарды ачыкка чыгарбоону камсыздайт;
6) тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштарын жана чечимдердин долбоорлорун добушка коёт;
7) добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат жана кабыл алынган чечимдерди жарыялайт.
32. Тендердик комиссиянын катчысы:
1) жыйындын күн тартиби боюнча керектүү документтерди (материалдарды) даярдайт жана тендерге берилүүчү документтерди каттоо журналына киргизет;
2) тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө жыйындын датасы, орду, убактысы жана күн тартиби жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт;
3) тендердик комиссиянын жыйындарынын протоколдорун жүргүзүүнү уюштурат;
4) тендердик комиссиянын документтерин эсепке алууну жана сактоону камсыз кылат.
33. Тендердик комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу тендердик комиссияны түзгөн мамлекеттик өнөктөш тарабынан ишке ашырылат.
34. Тендерди өткөрүү процессинде тендердин катышуучулары менен тендердик комиссиянын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар, ошондой эле МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушту четке кагуу маселелери административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте чечилет.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 токтомуна) |
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча конкурстук комиссия жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146, 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча конкурстук комиссияны (мындан ары - конкурстук комиссия) түзүү тартибин, иштешин жана ыйгарым укуктарын аныктайт, ошондой эле анын мүчөлөрүнө карата квалификациялык талаптарды белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Конкурстук комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, конкурстук документтерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Жободо пайдаланылуучу терминдер "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган маанилеринде колдонулат.
2-глава. Конкурстук комиссияны түзүү тартиби жана анын мүчөлөрүнө коюлуучу квалификациялык талаптар
4. Конкурстук комиссия, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) долбоорун түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен ыйгаруудан тышкары, ар бир МЖӨ долбоору боюнча түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Конкурстук комиссия конкурстук документтер бекитилген күндөн тартып эки жуманын ичинде конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими менен түзүлөт жана бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Конкурстук комиссия төраганы, төраганын орун басарын жана конкурстук комиссиянын катчысын кошкондо бештен кем эмес, бирок он бир адамдан ашык эмес курамда түзүлөт. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Конкурстук комиссиянын курамына конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү кирет, МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун координациялоочу органдын өкүлү кирүүгө укуктуу, тиешелүү инфраструктура объектисинде тажрыйбасы жана билими бар адис, экономика жана (же) финансы чөйрөсүндөгү адис, юриспруденция чөйрөсүндөгү адис, МЖӨ долбоору түздөн-түз таасир эте турган жергиликтүү коомчулуктун өкүлү кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Конкурстук комиссиянын мүчөсү анын ишине катышууну уланта албаган учурда (анын ичинде оорусуна, кеткенине/командировкага байланыштуу), конкурстук комиссиянын мүчөсү конкурс уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органга жана конкурстук комиссияга анын конкурстук комиссиянын мүчөсү катары ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө өтүнүчү менен жазуу жүзүндө үч күндүк мөөнөттө кабарлоого милдеттүү. Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жана аны андан ары алмаштыруу, анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү өтүнүчү келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен конкурс уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
1) тиешелүү инфраструктуралык объект боюнча тажрыйбасы жана билими бар адистин каралып жаткан МЖӨ долбоору боюнча документ түрүндө ырасталган кесиптик тажрыйбасынын жана атайын билиминин болушу (билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документинин, эмгек китепчесинде жазуулардын, сертификаттардын, дипломдордун, сунуштоо каттардын болушу);
2) мамлекеттик өнөктөштүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн, экономика жана (же) финансы жаатындагы адистин, ошондой эле юриспруденция жаатындагы адистин жогорку кесиптик билиминин болушу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Конкурстук комиссиянын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) конкурстук комиссиянын жыйындарына жеке өзү катышууга;
2) конкурстук комиссиянын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалыматка ээ болууга;
3) конкурстук комиссиянын катчысына күн мурунтан (пландалган жыйынга чейин 24 саат мурда) өзүнүн келе албай тургандыгы тууралуу жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө;
4) квалификациялык билдирүүлөрдү кароо жол-жобосу келип жеткенге чейин потенциалдуу же учурдагы ар кандай кызыкчылыктардын кагылышуулары жөнүндө жана өзүнүн баш тартуусу тууралуу билдирүүгө;
5) ушул Жобого, конкурстук документтерге, "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын МЖӨ чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аракеттенүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Төмөнкүдөй адамдар конкурстук комиссияга мүчө боло алышпайт:
1) конкурска катышууга өтүнмө бергендер же конкурска катышуучунун штатында тургандар;
2) конкурстун катышуучусунун уюштуруучулары/бирге уюштуруучулары болгондор;
3) каралып жаткан МЖӨ долбооруна карата мүлктүк укугу жана (же) башка кызыкчылыгы барлар;
4) менчик ээси (акыркы пайда алуучу (бенефициар), конкурстун катышуучусу болгон жакын туугандары барлар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүндө каралып жаткан МЖӨ долбооруна карата кызыкчылыктардын кагылышы болбошу керек, бул тууралуу алар конкурстук комиссияны түзгөн конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө ырастоо берет. Конкурстук комиссиянын курамында мындай адамдар аныкталган учурда, конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган аларды конкурстук комиссиянын мүчөлүгүнөн чыгарат жана конкурстук комиссиянын кезектеги жыйыны өткөрүлгөнгө чейинки мөөнөткө башка адамдарды киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу жана конкурска тиешеси бар бардык документтердин жана маалыматтардын купуялуулугунун сакталышы жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге кол коюшат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Конкурстук комиссиянын функциялары жана ыйгарым укуктары
14. Конкурстук комиссиянын функциялары: "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, квалификациялык тандоону жана конкурстун жеңүүчүсүн тандоону камтыган конкурс өткөрүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Конкурстук комиссиянын милдеттери:
1) конкурска катышуу үчүн квалификациялык суроо-талапта белгиленген баалоо талаптарына жана критерийлерине ылайык МЖӨ долбоору боюнча квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү жыйноо жана баалоо;
2) конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында белгиленген талаптарга ылайык конкурстук сунуштарды (техникалык жана финансылык сунуштар) жыйноо жана баалоо;
3) квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү четке кагуу;
4) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда конкурстун жеңүүчүсүн дисквалификациялоо жана конкурстун башка жеңүүчүсүн дайындоо;
5) конкурстун жеңүүчүсүн тандоо;
6) конкурсту болгон жок деп таануу;
7) экинчи жолку конкурсту жарыялоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Конкурстук комиссия конкурстук комиссиянын курамы конкурс уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген датадан тартып ишке киришет. Конкурстук комиссиянын иши МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүлгөн күндөн тартып же кайрадан конкурс жарыялабастан конкурс болбой калды деп таануу тууралуу конкурстук комиссиянын чечими кабыл алынган күндөн тартып токтотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Квалификациялык тандоо жүргүзүү үчүн квалификациялык тандоого катышууга бир өтүнмө берүү жетиштүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Финансылык жана техникалык сунуштары МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун мыкты шарттарын камтыган жана конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талаптарынын тиешелүү талаптарына жооп берген конкурстун катышуучусу конкурстук комиссия тарабынан конкурстун жеңүүчүсү деп жарыяланат. Конкурстук комиссия тарабынан конкурстун бардык катышуучуларынын техникалык жана/же финансылык сунуштары конкурска катышуу үчүн сунуштарга суроо-талаптардын талаптарына шайкеш келбейт деп таанылган учурда конкурстук комиссия конкурсту өткөн жок деп тааныйт жана кайталап конкурс жарыялоого укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
19. конкурстук комиссия өз компетенциясынын чегинде төмөнкү укуктарга ээ:
1) конкурстун катышуучуларынан конкурсту өткөрүүгө тиешелүү документтерди жана маалыматтарды сурап алууга, аларды өзүнүн жыйынына берилген документтер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн чакырууга. Конкурстун катышуучуларынын конкурстук комиссияга берүүчү документтери жана маалыматтары купуя болуп саналат;
2) конкурс уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдан конкурс өткөрүүдө жана атайын билимди талап кылган айрым маселелер боюнча консультация берүүдө көмөк көрсөтүү үчүн көз карандысыз консультанттарды (конкурстук комиссиянын мүчөсү же конкурс уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери болбогон) тартууну мамлекеттик өнөктөштөн суроого;
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө алынган документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды үчүнчү жактарга, анын ичинде конкурстун башка катышуучуларына берүүгө, же ушул документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды конкурс өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган өтүнмөлөрдү жана сунуштарды баалоодон башка максаттарга пайдаланууга тыюу салынат. Документтерди жана маалыматтарды үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик, жарандык-процесстик мыйзамдарында, ошондой эле административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда гана берүүгө мүмкүн болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Конкурстук комиссиянын ишин уюштуруу
21. Конкурстук комиссиянын иши коомдук негизде жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Конкурстук комиссия өзүнүн ишин жыйын өткөрүү жолу менен жүргүзөт. Конкурстук комиссиянын жыйындары катышуу тартибинде өткөрүлөт. Конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү жыйын өтүүчү датага чейин 3 (үч) календардык күндөн кечиктирбестен конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө алдын ала кабарлаган шартта конкурстук комиссиянын жыйынын чакырууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Конкурстук комиссиянын жыйыны ага конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда жарактуу болот. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү конкурстук комиссиянын жыйындарына жеке өздөрү катышат жана өз добушун башка жактарга, анын ичинде конкурстук комиссиянын башка мүчөлөрүнө берүүгө укугу жок.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Конкурстук комиссиянын жыйынын анын төрагасы, ал жок болсо - конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары өткөрөт. Төрага жана төраганын орун басары жок болгон учурда, катышып жаткан конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кворум болгон учурда көпчүлүк добуш менен конкурстук комиссиянын жыйынына төрагалык кылуучуну шайлайт, бул конкурстук комиссиянын жыйынынын протоколуна жазылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Конкурстук комиссиянын чечими конкурстук комиссиянын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүү процесси ачык жүргүзүлөт. Добуштар бирдей болуп калган учурда төраганын, ал жок учурда - төраганын орун басарынын, ал дагы жок учурда - конкурстук комиссиянын жыйынына төрагалык кылуучу болуп шайланган конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн добушу чечүүчү болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Конкурстук комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет, ага конкурстук комиссиянын жыйынына катышкан бардык мүчөлөрү кол коёт. Конкурстук комиссиянын мүчөсү конкурстук комиссиянын чечими боюнча өзүнүн өзгөчө пикирин баяндоого укуктуу, ал протоколго тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Конкурстук комиссия коллегиалдуу орган болуп саналат, ал конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жыйындарын өткөрүү жана добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат. Конкурстук комиссиянын төрагасын кошкондо анын айрым мүчөлөрү, конкурстук комиссиянын атынан чечим кабыл алууга жана/же коллегиалдуу орган катары конкурстук комиссиянын ыйгарым укугун ар кандай ыкма менен алмаштырууга укугу жок. Конкурстук комиссиянын төрагасын кошкондо анын айрым мүчөлөрүнүн иш-аракети конкурстук комиссиянын иш-аракети катары каралууга тийиш эмес.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Конкурстук комиссиянын жыйындарынын протоколдорун жүргүзүү жана сактоо, ошондой эле конкурстук комиссиянын дарегине келип түшкөн ар кандай документтерди сактоо үчүн жоопкерчилик конкурстук комиссиянын катчысына жүктөлөт. Конкурстук комиссиянын иши токтотулгандан кийин 10 (он) календардык күндүн ичинде конкурстук комиссиянын катчысы өзүнүн сактоосунда турган бардык протоколдорду жана документтерди конкурс уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын архивине кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүп берүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Тендердик комиссиянын протоколдору тендердик комиссия тарабынан тиешелүү жыйын өткөн күндөн кийин 3 (үч) календарлык күндөн кеч эмес таризделет жана кол коюлат. Конверттерди ачуунун жыйынтыктары ошол эле күнү протокол менен таризделүүгө тийиш.
30. Конкурстук комиссиянын протоколдору жыйын өткөрүлгөн күндү жана убакытты, жыйын өткөрүлгөн даректи (ордун), жыйындын күн тартибин, конкурстук комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн аты-жөнүн, катышкан көз карандысыз консультанттардын аты-жөнүн, сүйлөнгөн сөздөрдүн кыскача мазмунун, добуш берүүгө коюлган маселелерди, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана кабыл алынган чечимдерди камтууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Конкурстук комиссиянын төрагасы (же төрага жок учурда же өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда - төраганын орун басары, ал дагы жок учурда - конкурстук комиссиянын жыйынына төрагалык кылуучу болуп шайланган конкурстук комиссиянын мүчөсү):
1) конкурстук комиссиянын жыйынына төрагалык кылат, анын ишин жетектейт жана конкурстук комиссиянын ишин уюштурат;
2) конкурстук комиссияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) конкурстук комиссиянын жыйынын өткөрүүчү күндү, ордун, убактысын жана күн тартибин аныктайт;
4) берилген жана пайдаланылуучу маалыматтардын купуялуулугуна, коммерциялык сырдын сакталышына кепилдик берет;
5) квалификациялык тандоого катышууга арыздарды баалоонун жыйынтыктарын жана кулактандыруу жарыяланган күнгө чейин конкурстун жыйынтыгы тууралуу конкурстук сунуштарды ачыкка чыгарбоону камсыздайт;
6) конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштарын жана чечимдердин долбоорлорун добушка коёт;
7) добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат жана кабыл алынган чечимдерди жарыялайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Конкурстук комиссиянын катчысы:
1) жыйындын күн тартиби боюнча керектүү документтерди (материалдарды) даярдайт жана тендерге берилүүчү документтерди каттоо журналына киргизет;
2) конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө жыйындын датасы, орду, убактысы жана күн тартиби жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт;
3) конкурстук комиссиянын жыйындарынын протоколдорун жүргүзүүнү уюштурат;
4) конкурстук комиссиянын документтерин эсепке алууну жана сактоону камсыз кылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Конкурстук комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу конкурстук комиссияны түзгөн конкурс уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Конкурсту өткөрүү процессинде конкурстун катышуучулары менен конкурстук комиссиянын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте чечилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)