Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-февралы № 60
"Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы Гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2006-жылдын 22-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 15-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Гидрометеорология иши чөйрөсүндө болгон бузууларга жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактар төмөнкүдөй учурларда жоопкерчиликке тартылышат:
а) гидрометеорологиялык станцияларды, постторду, приборлорду же ушул объекттердеги жабдууларды бүлүндүрсө, бузса, уурдаса же иштен чыгарса;
б) бардык түрдөгү гидрометеорологиялык станциялардын же посттордун коргоо аймактарында иштерди аткаруу тартибин бузса;
в) жаратылыш чөйрөсүнүн абалына байкоо жүргүзүүчү гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун сакталышын бузса;
г) болжолдоолорду таркатуу тартибин бузса же бурмаласа, маалымат булагын көрсөтпөсө, маалыматтык гидрометеорологиялык продукцияны финансылык пайда табуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу үчүнчү жактарга берсе.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ