Загрузка документа…
|
|
Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестрин түзүү, актуалдаштыруу жана пайдалануу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестрин түзүү, актуалдаштыруу жана пайдалануу тартиби (мындан ары - Тартип) "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул тартипте пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар:
базалык ресурстар - эталондук маалыматтар камтылган мамлекеттик маалыматтык ресурстар, алар маалыматтык ресурстарды жүргүзүүдө түзүлөт жана башка маалыматтык ресурстарды жүргүзүүнүн жүрүшүндө түзүлүүчү маалыматтардын көчүрмөсү болуп саналбайт;
Базалык ресурстарга "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларына ылайык буларга киргизилген, Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү, актуалдаштыруу жана пайдалануу тартибине карата талаптарга ылайык келген маалыматтык ресурстар жана реестрлер кирет;
мамлекеттик маалыматтык ресурстар - маалыматтык базалар, аларды түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик уюмдардын же мекемелердин компетенциясына кирет;
маалыматтар базасы - маалыматтардын жыйындысын берүүнүн жана уюштуруунун объективдүү формасы, ал ушул маалыматтар электрондук-эсептегич машиналардын жардамы менен табылгандай жана иштелип чыккандай системалаштырылат;
базалык ресурстун ээси - техникалык каражаттарды сатып алуу, маалыматтык технологияларды сатып алуу же иштеп чыгуу аркылуу базалык ресурсту түзүүнү жана пайдаланууну, маалыматтык базаны түзүүнү жана жүргүзүүнү уюштурган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы.
Базалык ресурстун ээси базалык ресурсту өз алдынча пайдаланат, же болбосо бул функцияны базалык ресурстун операторуна жүктөйт;
базалык ресурстардын реестри - маалыматтык ресурстардын менчик ээлерин (ээлерин), пайдалануу шарттарын жана аларда камтылган маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүн көрсөтүү менен, катталган маалыматтык ресурстардын курамы жана багыты жөнүндө маалыматты камтыган, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын базалык маалыматтык ресурстарынын системалаштырылган тизмеги (мындан ары - Реестр);
ыйгарым укуктуу орган - электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
Реестрдин оператору - Реестрдин ээси аныктаган жак;
эталондук маалыматтар - субъект (жеке же юридикалык жак) жөнүндө же болбосо мамлекеттик маалыматтык ресурстардан мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (мамлекеттик же муниципалдык функцияларды аткаруу) үчүн электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын пайдалануусу үчүн багытталган маалыматтарды алууга мүмкүндүк берген объект (эсепке алуу объектиси) жөнүндө уникалдуу, бир жактуу идентификациялануучу маалыматтар (маалымат, идентификаторлор).
Башка терминдер жана аныктамалар "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн мааниде пайдаланылат.
3. Базалык ресурстардын реестри Кыргыз Республикасынын колдонуудагы базалык ресурстары, аларга жетүү ыкмалары жана шарттары жөнүндө актуалдуу маалыматтарды эсепке алууга, иштеп чыгууга, системалаштырууга, топтоого жана берүүгө багытталган.
4. Базалык ресурстарга менчик укугу, ага ээлик кылуу, пайдалануу, аларды тескөө укугу мамлекетке таандык. Кыргыз Республикасынын атынан базалык ресурстарга ээлик кылуу, аларды пайдалануу, тескөө укугун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык базалык ресурстун ээси болуп саналган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же уюм ишке ашырат.
2-глава. Базалык ресурстун реестрин түзүү жана актуалдаштыруу
5. Мамлекеттик сырды камтыган мамлекеттик маалыматтык ресурстардан сырткаркы базалык ресурстар Базалык ресурстардын реестринде катталууга тийиш.
6. Базалык ресурстардын реестри өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүү жана мамлекеттик функцияларды аткарууда жана (же) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө пайдаланууга багытталган бардык катталган базалык ресурстар жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
7. Базалык ресурстардын реестринде реестрдик жазууну түзгөн маалыматтардын түрлөрү жөнүндө төмөнкүдөй маалымат түзүлөт:
1) реестрдик жазуунун номери;
2) тиешелүү түрдөгү эталондук маалыматтар түзүлгөн базалык ресурстун аталышы;
3) базалык ресурстун баяндамасы;
4) базалык ресурстун ээси;
5) базалык ресурсту иштеп чыгуучу;
6) тиешелүү базалык ресурсту түзүүнү, өзгөртүүнү жана жүргүзүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын реквизиттери.
Реестрди түзүү жана жүргүзүү ага базалык ресурс жөнүндө тиешелүү маалыматтарды киргизүү жана алып салуу жолу менен ишке ашырылат.
8. Базалык ресурстардын реестринин оператору Базалык ресурстардын реестринде базалык ресурстарды каттайт жана Реестрди жүргүзөт.
9. Базалык ресурстун ээси Базалык ресурстардын реестринин операторуна төмөнкүдөй маалыматтар камтылган өтүнмөнү жиберет:
1) базалык ресурстун ээсинин аталышы, дареги, базалык ресурсту түзүү жөнүндө чечимдин реквизиттери;
2) Базалык ресурстарды түзүүгө, пайдаланууга жана актуалдаштырууга карата талаптарга ылайык базалык ресурсту түзүү үчүн негиздер;
3) базалык ресурстун курамына кирген маалыматтардын тизмеги, анын ичинде купуялуулугуна же башка жактардын тиешелүү интеллектуалдык менчик объекттерине өзгөчө укуктардын таандыктыгына байланыштуу мындай маалыматтарды пайдаланууга коюлган чектөөлөргө көрсөтмөлөр;
4) мамлекеттик маалыматтык системага көрсөтмө, аны пайдалануу менен базалык ресурсту (болсо) жүргүзүү ишке ашырылат;
5) базалык ресурсту пайдалануучулардын негизги категорияларына көрсөтмө (мамлекеттик органдын - базалык ресурстун ээсинин кызматкерлери, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка мамлекеттик органдар, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар);
6) тиешелүү базалык ресурсту түзүүнү, өзгөртүүнү жана жүргүзүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга көрсөтмө.
12. Өтүнмө кагаз жүзүндө жана/же электрондук түрдө "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүү талаптарына ылайык белгиленген эрежелер жана жол-жоболор боюнча берилет.
13. Реестрдин оператору өтүнмө алган күндөн тартып 3 (үч) иш күндүн ичинде аны карайт жана базалык ресурс жөнүндө маалыматты Реестрге киргизет же арыз ээсине каттоодон баш тартуу жөнүндө кабарлоо жиберет.
14. Базалык ресурсту каттоодон баш тартууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет, эгер:
1) өтүнмөдө толук эмес же анык эмес маалыматтар камтылса;
2) базалык ресурс базалык мамлекеттик ресурстарды түзүү, актуалдаштыруу жана пайдалануу тартибинин талаптарына ылайык келбесе;
3) катталган жана иштеп жаткан окшош базалык ресурстар болсо.
Каттоодон баш тартууга себеп болгон жагдайлар четтетилгенден кийин өтүнмөнү кайра тапшырууга болот.
15. Өзүнүн базалык ресурстарынын ээси болгон Реестрдин оператору каттоого өтүнмөнү тариздебестен ушул Тартипте белгиленген мөөнөттө алар жөнүндө маалыматты Реестрге киргизет.
16. Катталган базалык ресурсту пайдалануу токтотулган учурда анын ээси мындай пайдалануу токтотулган датадан тартып 30 күндөн кечиктирбестен туруктуу пайдаланууну токтотуунун себебин жана датасын көрсөтүү менен Реестрдин операторуна жазуу жүзүндө билдирет. Реестрдин оператору алган билдирүүнүн негизинде билдирүүдө көрсөтүлгөн датадан тартып пайдалануудан чыгарылган маалыматтык ресурс жөнүндө маалыматты Реестрге киргизет.
17. Реестрди актуалдаштыруу базалык ресурстун ээсинин базалык ресурс тууралуу маалыматтардын (аталышы, мазмуну) өзгөргөндүгү жөнүндө, ресурсту башка ээлик кылуучуга же архивге өткөрүү жөнүндө жазуу жүзүндө жана/же электрондук түрдө "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу берилген өтүнмөсүнүн негизинде жаңыланган маалыматтарды Реестрге киргизүү жолу менен ишке ашырылат.
18. Базалык ресурс жөнүндө катталган маалыматтар (аталышы, мазмуну) өзгөртүлгөн, базалык ресурс башка ээлик кылуучуга өткөрүп берилген учурда өтүнмө жогоруда аталган жагдайлар келип чыккандан кийин 30 (отуз) күндөн кечиктирилбестен берилет. Базалык ресурс башка ээлик кылуучуга өткөрүп берилген учурда катталган маалыматтарды өзгөртүүгө өтүнмөнү базалык ресурстун жаңы ээси берет.
19. Базалык ресурсту же ага байланышкан маалыматтык системаны толуктап иштеп чыгуу (модификациялоо) учурунда Реестр актуалдаштырылбайт.
3-глава. Реестрди пайдалануу тартиби
20. Реестрге киргизилген маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болуп саналат. Реестрдеги маалыматтарга жетүү базалык ресурстун операторунун сайтында "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын Чечимдердин каталогунда камсыз кылынат.
21. Базалык ресурстар бириктирилген же бөлүнгөн учурда, Реестрге ишин токтоткон же мындай бириктирүүнүн же бөлүүнүн натыйжасында түзүлгөн базалык ресурстар жөнүндө маалыматтар киргизилет.