Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-марты № 124
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацы "аныкталуучу тиешелүү басылмаларда" деген сөздөрдөн кийин "же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан аныкталуучу атайын көрүнүктүү жерлерде (такталарда, стенддерде)" деген сөздөр менен толукталсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүчү 3-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 20-мартындагы № 29(3101) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |