Загрузка документа…
| 1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 330 токтомуна) |
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо
жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү
программасы
1. Кириш сөз
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүүнүн бул программасы (мындан ары - Программа) Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүү (ТӨМ 6) үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдардагы мезгилге “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда климаттын өзгөрүшүнө ыӊгайлашуу боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткаруу үчүн иштелип чыккан.
Программа айлана-чөйрөгө табигый кырсыктар, техногендик катастрофалар жана климаттын өзгөрүүсү түрүндөгү болгон жана потенциалдуу кооптуулуктарга эскертүүчү чара көрүүчү таасирди минималдаштыруу боюнча чараларды, ошондой эле мониторинг жүргүзүү жана баалоо жана керек учурда түзөтүүчү чараларды көрүү үчүн зарыл болгон чараларды эске алып, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын туруктуу өнүктүрүү боюнча негизги багыттарды жана иш-чараларды аныктайт.
Ушул Программа суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга, негизги көйгөйлөрдү чечүүгө, кызыкдар министрликтердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын перспективдүү багыттарын, милдеттерин жана функцияларын аныктоого багытталган. Калкты суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтары менен камсыз кылуу, ошондой эле социалдык-экономикалык саясаттын маанилүү багыты болуп саналат, ал бакубаттыктын, жашоо сапатынын, калктын саламаттыгынын, экономикалык жана социалдык теңсиздикти кыскартуунун негиздерин алдын-ала аныктайт жана ушундай жол менен туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүүгө шарт түзөт. Ичүүчү суу менен камсыздоо системасын жана аны пайдалануу мүмкүндүгүнө ээ болууну жакшыртуу үй чарбасында, өзгөчө жакыр үй чарбаларында үйгө суу ташуу милдетин өздөрүнө алган аялдардын жана балдардын түйшүгүн азайтууга, калктын саламаттыгын жана бакубаттыгын жакшыртууга жана аялуу топтордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө түздөн-түз таасир этет.
Ушул Программада төмөнкү негизги түшүнүктөр жана кыскартуулар колдонулат:
суу менен камсыздоо – калкты жана башка керектөөчүлөрдү коопсуз ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз, зарыл болгон өлчөмдө, коопсуздук боюнча санитардык талаптарга ылайык камсыздоо боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
саркынды сууларды чыгаруу – үй чарбаларынын жана өнөр жай ишканаларынын аймагынан калктуу конуштар үчүн коопсуз ыкма менен агынды суулардын агып чыгуусун камсыз кылуучу жана анын айлана-чөйрөгө кайра агып келүүсүндө суунун сапатынын стандарттарына жооп берүүчү иш-чаралардын жана техникалык объекттердин жыйындысы.
ИСКССЧӨД – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти.
ИСКАКБ – Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси.
2. Учурдагы абалды жалпы баалоо жана учурдагы көйгөйлөр
2.1. Ичүүчү суу менен камсыздоо булактары
Кыргыз Республикасынын шаарларында жана айылдарында ичүүчү суу менен камсыздоо булактары болуп жер үстүндөгү, жер алдындагы жана пласт аралык суулар түрүндөгү таза суулардын табигый ресурстары эсептелет, алар тоо аймактарында топтолот. Бул суу ресурстарына дарыялар, суу сактагычтар, терең артезиандык скважиналар, каналдар жана башка объекттер кирет. Шаарлардагы сууну берүүнү жана саркынды сууларды чыгарууну муниципалдык жана жеке ишканалар, ал эми айылдарда - ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (мындан ары - ИСКАКБ) . камсыз кылат.
Республикада сапаттуу таза ичүүчү суунун запасынын көптүгүнө карабастан, калктуу конуштардын инфраструктурасынын жагымсыз таасиринин, өнөр жай ишканаларын, айыл чарба, өнөр жай жана катуу тиричилик таштандылары төгүлгөн жайларды, автотранспорт жуучу жайларды жайгаштыруунун, саркынды сууну чыгаруунун коммуналдык системаларынын жоктугунун натыйжасында көпчүлүк өздөштүрүлгөн суу чыккан жерлер нитраттар, хром, мунай заттары жана башка булгоочу заттар менен булганган.
Сууну өлчөөчү эсептегичтерди орнотпостон заманбап ичүүчү суу менен камсыздоо тармактарына кошулган үй чарбаларынын санынын өсүшү, ичүүчү сууну сарамжалсыз пайдалануу, саркынды сууларды чыгаруу системаларынын жоктугу жана натыйжасыз пайдалануу суу булактарына жүктөмдүн жогорулашына жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизүүгө алып келет.
Айылдагы суу менен камсыздоо булактарын санитардык коргоо аймактарындагы режимди сактабоо дагы көйгөй болуп саналат.
2.2. Калктуу конуштардагы ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын болушу жана абалы
Суу менен камсыздоо
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча, 2018-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 1905 айыл (шаарлардын административдик карамагындагы айылдарды эске алганда) жана 31 шаар бар. Кыргыз Республикасы боюнча суу түтүктөрү тармагынын саны 973 бирдикти, мында шаарларда – 84, айыл жерлеринде – 889 бирдикти түзөт.
2017-жылы калктын суу түтүктөрү тармагы менен камсыз болуусу 2013-жылга салыштырмалуу 0,8 %га, канализация - 1,9 %га көбөйгөн, бирок дагы эле жетишсиз бойдон калууда.
Айылдын калкы ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызматтарга өзгөчө муктаж. Колхоздор жана совхоздор жоюлгандан кийин айылдык ичүүчү суу менен камсыздоо системалары 10 жылдан ашык кароосуз калган, бул кийин алардын техникалык абалынын тез начарлашына жана республиканын көпчүлүк айылдарында ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын толугу менен токтоп калышына алып келген, аларды кийинки жылдарда калыбына келтирүүгө туура келген. Мында иштеп жаткан системалардын көпчүлүгүнүн иштөө мөөнөтү 30 жылдан ашат: 262 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо системасы 1970-жылга чейин, 567 айылда – 1990-жылга чейин курулган.
2017-жылдын жыйынтыктары боюнча суу түтүктөрү боюнча өткөрүлгөн суунун көлөмү 320,75 млн куб. метрге жеткен, анын ичинде 187,74 млн куб. метрден ашыгы шаардын калкы үчүн жана 133,01 млн куб. метри – айыл калкы үчүн сарпталган. Муну менен сууну чарбалык-ичүү керектөөлөрүнө колдонуу 157,0 млн куб. метрди түзгөн. Суунун агып калышы жана эске алынбаган чыгымдарына байланышкан жоготуулар 67,3 млн куб. метрге жеткен.
Суу менен камсыздоо булактарын пайдалануу мүмкүндүгүнө ээ болуу көрсөткүчтөрү
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары – УСК) маалыматтары боюнча коопсуз ичүүчү суу булактарын калктын 8,9 % пайдалануу мүмкүндүгүнө ээ эмес, алар ден соолук үчүн коркунуч келтирген ачык суу көлмөлөрүнөн пайдаланышат. Калктын 9 %га жакыны ичүүчү суу булагы катары арыктарды жана булактарды пайдаланышат (ушул Программанын 1-тиркемесиндеги 2.1-таблица).
УСК маалыматтарына ылайык үй чарбаларынын калкынын 29,1 %ы сууну борборлоштурулган суу түтүктөрү тармактарынан алат, 55,4 %ы суу түтүктөрүнүн колонкаларынан, 6,6 %ы кудуктардан, 2,3 %ы булактардан жана 6,6 %ы арыктардан алышат. Ичүүчү сууну (60 % үй-бүлө) аялдар, 14 %га жакын үй-бүлөдө балдар ташыйт. Мында үй чарбаларынан 100 метрге жетпеген аралыкта жайгашкан сууну 44,7 %, үй чарбаларынан 100 метрден алыс аралыкта жайгашкан сууну 55,3 % колдонот (ушул Программанын 2-тиркемесиндеги 2.2-таблица). Жалпысынан, республика боюнча турак жай фондунун жалпы аянты боюнча суу түтүктөрү менен камсыз болуу 36,9 % түзөт.
Саркынды сууларды чыгаруу
2018-жылдын 1-январына карата УСКнын маалыматтары боюнча борборлоштурулган канализациялык (саркынды сууларды чыгаруучу) тармактардын саны 96 бирдикти, анын ичинде шаарларда – 53 жана айылдарда – 43 бирдикти түзгөн.
Алыскы шаарларда жана райондук борборлордо учурдагы инфраструктуранын деградация болуусунан саркынды сууларды чыгаруу системаларын пайдалануу мүмкүндүгүнө ээ болуу жыл сайын кыскарууда. 2013-жылы канализациялык тармактардын саны 117 бирдикти түзгөн, 2017-жылдын жыйынтыктары боюнча ал 21 бирдикке кыскарган.
Борборлоштурулган саркынды сууларды чыгаруу системаларынын жана объекттеринин абалы чечилбеген көйгөй бойдон калууда, статистикага ылайык өлкөнүн калкынын 29,1 %ы гана камсыз болгон. Шаарлар үчүн бул көрсөткүч 64,1 %ды түзөт, ал эми аймактарда 10 %дан ашпайт. Айрым калктуу конуштарда саркынды сууларды чыгаруу системалары бар, бирок алар пайдалануу мөөнөтүнөн ашып кеткендигинен жана капиталдык салымдардын жетишсиздигинен улам алар реабилитациялоону же жаңыдан курууну талап кылат.
Канализациялык тармактардын узундугу 0,9 миң км түзөт. 2017-жылдын жыйынтыктары боюнча 129,7 млн куб. метр агын суу өткөрүлгөн, мында тазалоочу курулмалар аркылуу 138,5 млн куб. метр суу өткөрүлгөн.
Айыл жергесинде канализация менен камсыз болуу шаарларга караганда 9 эсеге аз. Мында айыл жергесинде турак жай жана коомдук имараттардын 3 %ы гана саркынды сууларды чыгаруу системасына туташтырылган – бул мектептер жана медициналык борборлор жана турак жай фондунун 7 %га жакыны гана борборлоштурулган канализация системасы менен жабдылган. 2017-жылдын жыйынтыктары боюнча турак жай фондун канализация менен жабдуу турак жай фондунун жалпы аянтына карата 27,1 %ды түздү, ал эми канализацияны туруктуу пайдалануу мүмкүндүгүнө ээ болгон калктын үлүшү калктын жалпы санынын 31,3 %ын түздү.
Айылдардын көпчүлүгүндө борборлоштурулган канализация системасы жок. Өзгөчө бул социалдык инфраструктура объекттерине таандык. Мектептерде, бала бакчаларда жана айрым ооруканаларда казылган чуңкурлуу коомдук дааратканалар бар. Көпчүлүк учурларда мектептердеги дааратканалардын абалы жетиштүү көңүл бурулбагандыктан жана каржылоонун жетишсиздигинен санитардык ченемдердин жана эрежелердин талаптарына жооп бербейт. Көпчүлүк мектептердеги чуңкурлуу үстү жабылган коомдук дааратканалар донордук уюмдардын колдоосу менен оңдолгон же кайрадан курулган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин (мындан ары – ИСКССЧӨД), ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын алкагындагы Бишкек жана Ош шаарларындагы сурамжылоодогу маалыматтар боюнча шаар калкынын 23 %ы саркынды сууларды чыгарууну пайдалануу мүмүкүндүгүнө ээ эмес, ал эми 5 шаарда саркынды сууларды чыгаруу тармагы такыр жок (ушул Программанын 3-тиркемесиндеги 2.3-таблица).
2.3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары, суунун сапаты, гигиена эрежелерин сактоо жана калктын саламаттыгы
Суунун сапатынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын стандарттарын жарандардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү талаптагыдай коргоону камсыз кылуунун өзгөчө маанилүү аспектиси катары кароо зарыл.
Талаптагыдай мезгилдүүлүк менен ичүүчү суунун коопсуздук параметрлерине мониторинг жүргүзүү лабораториялык жабдуулардын болушун жана адистерди даярдоону талап кылат, азыркы учурда көпчүлүк шаардык муниципалдык жана айылдык суу менен камсыздоо системаларынын сууларынын сапатына өндүрүштүк контроль жок. Бул маселелер, анын ичинде өндүрүштүк лабораторияларды түзүү кечиктирбестен чечүүнү талап кылат.
Жер үстүндөгү булактардан азыктануучу көптөгөн ичүүчү суу менен камсыздоо системалары керектөөчүлөргө булактардын микробиологиялык көрсөткүчтөрү боюнча талаптагыдай эмес сапаттагы сууну беришет (изилденген пробалардын 20 %дан ашыгы). Бул көпчүлүк учурда суу тазалоочу курулмалардын иштебей жаткандыгы менен байланыштуу, сууну зыянсыздандыруу үчүн жөнөкөй хлор кошулат.
Ичүү үчүн пайдаланылган суунун төмөнкү сапатына байланыштуу республикада бир топ жылдардан бери Майлуу-Суу шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун калкынын арасында ич келте жана паратиф оорусу жапырт чыккан учурлар бар. Мында ич келте катталган бардык учурлардын 70тен 86 %га чейинкиси ушул калктуу конуштарга туура келет, бул негизинен ичүүчү таза сууну пайдалануу мүмкүндүгүнүн жетишсиздигинен болууда.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтарына ылайык, мектепке чейинки курактагы балдардын арасында дегильментизация жана социалдык мобилизациялоо жүргүзүүгө байланыштуу республикада ичеги мителеринин инвазивдүүлүгү азаюуда. Бирок, айрым айылдык калктуу конуштарда балдардын энтеробиоз, аскаридоз, лямблиоз жана гименолепидоз сыяктуу гельминттер менен 20-50 % ооруган учурлар байкалууда. Ошондой эле бир эле убакта гельминттердин экиден ашык түрүн жуктурган учурлар кездешет. Бул балдардын гигиена эрежелерин жетишсиз сактоосу, анын ичинде дааратканаларда суу түтүк чорголорунун жана кол жуугучтардын жетишсиздиги менен байланышкан.
Ичүү жана сууга түшүү үчүн керектелүүчү суу аркылуу жугуучу ооруларга каршы күрөшүү өлкөдө жыл сайын 4,8 млрд сомдон ашык сумманы түзөт, мында жыл сайын 30000ден ашык катуу кармаган ичеги-карын инфекциялары катталат, ал эми мите ооруларынын үлүшү 24 - 27 %га туура келет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында жана “Айылды суу менен камсыздоо жана санитария” долбоорун ишке ашыруунун алкагында гигиеналык билим берүү боюнча иштер жүргүзүлгөн жана ички долбоорлор жүзөгө ашырылган айылдарда лямблиоз менен ооруган учурлардын саны 76 % га азайганын белгилеген.
2.4. Калктын сууну керектөөсүнүн көлөмүн өлчөө жана талаптагыдай эсепке алуу
Сууну өлчөгөн эсептегичтерди орнотуунун пайдасы жана тарифтер жогорулаган мезгилде каражаттарды үнөмдөө мүмкүндүгү жөнүндө көп учурда абоненттердин түшүнүктөрү жок. 2017-жылга карата 7 %га жакын үй чарбасында гана эсептегичтер болгон.
Үй чарбаларынын көбүндө эсептегичтер коюлбагандыктан суунун сарпталышынын деӊгээлин так өлчөөгө мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу суунун тарифтеринин өлчөмүн факт жүзүндө сарпталышы менен салыштырып көрүү мүмкүн эмес. Эсептегичтердин жоктугу системанын талап кылынган кубаттуулугун так аныктоону кыйындатат, ошондой эле киреше деңгээли төмөн үй чарбалары үчүн борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо кызматынын баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн “социалдык тарифтерди”, сууну аз сарптоо үчүн арзан тарифтерди колдонуу мүмкүндүгүн жок кылууда.
Эсептегичтердин жоктугу төлөмдөрдү чогултууга жана операторлордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына таасир этет. Тоолуу айылдарда башкалардан бийик жайгашкан үй чарбалары төмөнүрөөк жайгашкан үй чарбаларына салыштырмалуу сууну азыраак пайдалануу мүмкүндүгүнө ээ (же таптакыр ээ болбойт), бул жердин рельефине байланыштуу. Мунун баары өз кезегинде чогултууга, абоненттердин кызматтарды төлөөлөрүнө жана андан ары суу менен камсыздоо операторлорунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн туруктуулугуна таасир этет. Ичүүчү сууну пайдалануу мүмкүндүгүнө калыстык менен ээ болуу, бардык абоненттердин натыйжалуу төлөөсү, ошондой эле операторлордун сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрү үчүн суу өлчөгүчтөрдү биринчи кезекте үй чарбалары горизонттун ар кайсы деңгээлинде жайгашкан айылдарга орнотуу керек.
2.5. Тарифтер жана секторду каржылоо
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу сектору эксплуатациялоо, тейлөө жана ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу үчүн финансылык каражаттардын жетишсиздигине дуушар болууда. Бул биринчи кезекте суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү боюнча чыгымдарды жабуучу тарифтердин жоктугунан, жергиликтүү жамааттардын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн акы төлөө зарылдыгы жөнүндө талаптагыдай маалымдалбагандыгынан болууда. Мындан тышкары суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча уюмдардын жана ишканалардын амортизациялык чегерүүлөрү эреже катары, системаны капиталдык модернизациялоо жана реабилитациялоо үчүн жетишсиз.
Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан белгиленген тарифтер ар кайсы айылдарда айырмаланып турат жана адатта кызмат көрсөтүүнүн реалдуу толук баасынан бир топ төмөн.
Тарифтерди жогорулатуу аткарууга кыйын милдет болуп калды жана бул процесс көбүнчө саясатташып кеткен, мында жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү бааларды көтөрүүгө каршы. Бирок көпчүлүк учурларда сапаттуу кызмат көрсөтүү шартында калк суу үчүн факт жүзүндөгү тарифтик чендерден жогору төлөөгө даяр.
Муну менен катар, көпчүлүк ИСКАКБлардын жана башка ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн суу менен камсыздоо кызматы үчүн иштелип чыккан жана талаптагыдай түрдө бекитилген тарифтери жок. Керектелген суу үчүн эсептелген акча каражаттары республика боюнча орточо алганда төлөөгө эсептелген сумманын 67,8 %ын түзөт.
Өлкөнүн бюджетинен жергиликтүү инфраструктурага инвестициялоо негизинен Бишкек жана Ош шаарларынын айланасындагы жаңы конуштарда жүргүзүлөт. 2015-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын ичүүчү суу менен камсыздоо системасынын объекттерин курууга республикалык бюджеттен “Капиталдык салым” беренеси боюнча 100дөн 500 млн сомго чейин бөлүнөт.
Өлкөдөгү суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун жергиликтүү инфраструктурасынын көпчүлүк объекттери эл аралык донорлордун каражаттарынан, тышкы булактардан каржыланат. Шаарды жана айылды суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария секторундагы инвестициялык программалардын негизги бөлүгү Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ), ошондой эле Швейцария Конфедерациясынын Экономикалык мамилелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SЕСО) жана башка эл аралык донорлордун фонддорунун эсебинен (зайым жана грант) ишке ашырылган жана ашырылат.
2.6. Артыкчылыктарды так аныктоо жана сектордогу капиталдык салымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу милдети
Өткөн жылдарда долбоорлорду ишке ашыруу процессинде суу менен камсыздоо системасынын объекттерин долбоорлоо жана куруу көбүнчө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, керектөөчүлөрдүн жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн пикирлерин эске албастан ишке ашырылган. Айылдарды тандап алууда жамааттардын суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоого, ошондой эле суу менен камсыздоо кызматтарына акы төлөөгө даярдыгы жана каалоолору каралган эмес.
Долбоордук чечимдер тиешелүү техникалык изилдөөлөрсүз жана негиздемелерсиз кабыл алынган учурлар да болгон, бул дагы терс натыйжаларга алып келген
Инвестициялоо жана сатып алууларды жүргүзүү үчүн айкындыктын жана ачыктыктын деңгээлин жогорулатуу башкы артыкчылык болуп саналат. Бул багыттагы талаптагыдай күч-аракеттер элге тармакты өнүктүрүү багыттары, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин жана системасын куруу жана реконструкциялоо жөнүндө маалымдоого жардам берет.
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарынын сапатын жогорулатуу максатында бюджеттик каражаттардын, ошондой эле донорлор тарабынан берилүүчү каражаттардын максаттуу пайдаланылышын катуу контролдоо, туура эсепке алууну жана жооптуу адамдардын каражаттардын сарпталышы тууралуу так отчетун камсыз кылуу зарыл.
2.7. Калк үчүн суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруунун баасынын жеткиликтүүлүк көйгөйү
УСКнын алдын-ала маалыматтарына ылайык, республика боюнча суу менен камсыздоого жана санитарияга чыгымдар кыйла муктаж жана бардар үй чарбалардын арасында тиешелүү түрдө алардын жалпы чыгымдарынын 0,4 % жана 0,5 %ын түзгөн. Үй чарбалары боюнча жүргүзүлгөн акыркы изилдөөнүн маалыматтары кыйла муктаж үй чарбалары өздөрүнүн жалпы чыгымдарынын 0,45 %ын гана сууга жумшаарын көрсөттү. Ал эми эл аралык практикада үй чарбаларынын суу менен камсыздоого жана саркынды сууларды чыгарууга кеткен чыгымдары алардын болжолдуу кирешесинин (же жалпы чыгымдардын) 2,5 %ына чейин толук алгылыктуу деп эсептелет, ал эми мындай кызматтар - баасы боюнча жеткиликтүү.
Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин (DFID) долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында долбоордун шарттары боюнча ИСКАКБлар 5 % өлчөмүндө кредитти кайра төлөөгө тийиш эле. Бирок көпчүлүк ИСКАКБлар Дүйнөлүк банктын жана Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорунун алкагында берилген кредиттин 5 %ын кайтаруу боюнча олуттуу көйгөйлөргө туш болуп жатышат, бул аларга туруктуу финансылык абалга жетишүүгө мүмкүнчүлүк бербей, ИСКАКБлардын ишин кыйындатып жатат. ИСКАКБлардын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жалпы карызы түзүлгөн келишимдер боюнча 20,9 млн сомду түзөт.
2.8. Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасынын операторлорунун туруктуулугунун жана системалардын эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн жогорулатуу маселелери
Азыркы учурда тышкы финансылык донорлордун каражаттарынын эсебинен курулган жана эксплуатациялоого кабыл алынган ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын сактап калуу курч көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. ИСКАКБлардын туруксуздугунан жана кудуретсиздигинен улам алардын саны жылдан жылга азаюуда. Талдоо көрсөткөндөй 742 ИСКАКБнын ичинен болгону 68 % өзүн керектүү финансы каражаты менен камсыздап иштеп жатат, ал эми калгандары өтө оор финансылык абалда калган.
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу боюнча бир катар муниципалдык ишканалардын жана уюмдардын мурдагы мамлекеттик суу менен камсыздоо ишканаларынан калган карыздары бар. Ошол себептен айрым муниципалдык ишканалар техникалык талаптарга ылайык иш жүргүзө албай жатышат.
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу уюмдарында жана ишканаларында бухгалтердик эсепти жүргүзүү деңгээли суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканаларынын ишинин реалдуу натыйжаларын чагылдыруучу туура финансылык отчетту түзүүгө мүмкүндүк бербейт.
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу ишканаларында бухгалтердик эсеп системасын жөнгө салуу туура финансылык отчетторду түзүүгө, анын ичинде суу менен камсыздоо боюнча спецификалык отчеттук маалыматтарды алууга жана өзүнүн абоненттери үчүн чыгымдар тууралуу маалыматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн көрсөтүү аркылуу кирешени көбөйтүү жолундагы тоскоолдуктарды жоюуга мүмкүнчүлүк берет. Бул ошондой эле кирешелер жана чыгымдар жөнүндө так маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет, ал тарифтердин шайкештиги маселесин изилдөөдө жана дотациянын, ишканаларга бөлүнүүчү мамлекеттик колдоо каражаттарынын өлчөмүн аныктоодо жардам берет.
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу системасын түзүү, реконструкциялоо жана кызматтарды көрсөтүү олуттуу түрдө негизги каражаттарды пайдалануудан көз каранды болгон чыгашалуу иш-чара болуп саналат. Негизги каражаттарды талаптагыдай техникалык тейлөөнүн жоктугу системанын көптөгөн объекттеринин каралбай калуусуна алып келиши мүмкүн, жумшалган каражаттар текке кетип, ал эми керектөөчүлөр тиешелүү пайда албай калат.
Негизги каражаттар иштөө мөөнөтүндө эскирерин, ал эми суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системалары пайдалануу мөөнөттөрү ар башка болгон бөлүктөрдөн кураларын эске алуу менен, ичүүчү сууну үзгүлтүксүз берүүнү жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында курамдык бөлүктөрдүн жана жалпы системалардын эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн каржылоону камсыздоочу ыкма керек.
Мында калкка сапаттуу кызматтарды туруктуу көрсөтүү тармактын адистеринин белгилүү кесиптик көндүмдөрүнүн, ошондой эле зарыл жабдуулардын, техникалык каражаттардын жана суу менен камсыздоо системаларын талаптагыдай техникалык тейлөө, күнүмдүк жана капиталдык оңдоо үчүн туруктуу каржылоонун болушун талап кылат. Бирок көпчүлүк калктуу конуштарда квалификациялуу инженердик-техникалык жана башкаруучу кадрлардын, ошондой эле слесарлардын, сантехниктердин жана ширетүүчүлөрдүн жетишсиздиги байкалууда. Бул фактор ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасынын тармактарын жана курулмаларын техникалык тейлөөнүн, пайдалануунун ишенимдүүлүгүн төмөндөтүүгө алып келди.
Жаңы технологияларды жана инновациялык методдорду колдонуу күнүмдүк көйгөйлөрдүн айрымдарын чечиши мүмкүн, бирок ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча иштеген квалификациялуу кызматкерлерди алмаштыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан, тармактагы адистердин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо системасын бекемдөө зарыл.
2.9. Институттук өнүктүрүү жана секторду жөнгө салуу
Чечилбеген институттук маселелер сектордун улуттук жана жергиликтүү деңгээлде өнүгүүсүн токтотуп турат. Кызыкдар тараптардын ортосунда ролдорду түшүнүксүз бөлүштүрүү сакталууда, координациялоодо жана отчеттуулукта боштуктар бар. Кемчиликтер жетишсиз башкаруучу потенциал менен, атаандаштыкка жөндөмсүз айлык маяна жана сектордогу эксперттик билими бар кесипкөй адистердин жетишсиздиги, жоопкерчилик жана активдерге ээлик кылуу чөйрөсүндөгү боштуктар ж.б. байланыштуу.
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунун ченемдик укуктук базасы көп жагынан эскирди жана анын тиешелүү эл аралык, анын ичинде адам укугун коргоо жана гендердик теңчилик боюнча укугун коргоого тиешелүү ченемдер боюнча өнүгүүсүн токтотуп турат. Жоопкерчиликтин, компетенциялардын чектерин, долбоорлоонун жана куруунун ченемдерин жана стандарттарын аныктоо, курулуштун наркын аныктоо, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча мыйзамды, уруксат берүүчү жол-жоболорду бузганы үчүн жоопкерчиликке тартуу маселелерине катыштуу ченемдик-укуктук актыларда карама - каршылыктар бар.
Ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын көпчүлүгү калыбына келтирилгенден жана жаңыдан курулгандан кийин ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин менчигине өткөрүлүп берилген. Бул мыйзамдардагы укуктук коллизияны пайда кылган, анын натыйжасында менчик укугу жана коммуналдык суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу объекттери үчүн жоопкерчилик дагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилген.
Ичүүчү суу берүүчүлөрдүн баалоосу боюнча айыл жана шаар жеринде сууну керектөөнүн орточо көлөмү суткасына бир адамга 60дан 125 литрге чейинкини түзөт. Бирок суу менен камсыздоо системаларын долбоорлоодо жана курууда колдонулган суу түтүктөрү курулмаларынын эсептик кубаттуулуктары сууну иш жүзүндөгү керектөө көлөмүнөн бир топ жогору.
Эскирген курулуш ченемдери жана тейлөө стандарттары секторго болгон капиталдык салымдардын натыйжалуулугун төмөндөтөт, анткени жогорку мүнөздөмөлөрү менен кымбат инфраструктураны түзүүнү талап кылат (системалардын кубаттуулугу жана түтүктөрдүн диаметри, резервуарларды кайталоо ж.б.). Натыйжада, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча долбоорлордун баасынын жеткиликтүүлүгү жана ишке ашыруучулугу үчүн терс кесепеттер келип чыгат.
Жашоочуларынын саны 3000ге чейин болгон чакан калктуу конуштарда тышкы суу менен камсыздоо системасын долбоорлоонун жана куруунун бирдиктүү тартибин белгилөө максатында 2018-жылдын декабрында жаңы курулуш ченемдери (КЧ) кабыл алынды, анда үй-бүлөнүн бардык чарбалык ишин эске алуу менен (бир адамга суткасына орточо алганда 80 литр) сууну өткөрүү шартынан алынган эсептөөлөр камтылган. Жаңы курулуш ченемдерин киргизүү жаңы суу түтүк тармактарын курууда жана мурда иштеп жаткандарды реконструкциялоодо финансылык каражаттарды олуттуу үнөмдөйт.
Ири калктуу конуштарда ичүүчү суу менен камсыздоо системалары үчүн, ошондой эле борбордук, жеке саркынды сууларды чыгаруу системалары үчүн жаңы курулуш ченемдерин иштеп чыгуу талап кылынат.
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын курууда, эксплуатациялоодо жана техникалык тейлөөдө инновациялык ыкмаларды киргизүү зарыл. Өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу үчүн долбоорчулар, подрядчылар жана керектөөчүлөр убакытты үнөмдөөдөн, ошондой эле эксплуатациянын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуудан байкаларлык пайдага ээ болууга тийиш.
ИСКССЧӨДдү аталган багытта андан ары илгерилетүү үчүн ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда капиталдык жана күнүмдүк чыгымдардын баасын төмөндөтүү максатында жаӊы курулуш ченемдерин, технологияларды жана инновациялык методдорду колдонуу боюнча жумушчу топту түзүү зарыл, аны менен колдо болгон чектелген каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга, ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда этика маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүлөт.
Суу аркылуу берилүүчү инфекциялык оорулардан, адамдын жашоо тиричилик процессинде пайда болуучу жана ичүүчү суу менен камсыздоо булактарын булгоочу химиялык заттардын зыяндуу таасиринен калкты коргоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды белгилөө, ошондой эле ден соолукка коопсуз ысык суу менен калкты камсыз кылууга сууларды тазалоо жана даярдоо үчүн материалдарга, реагенттерге, жабдууларга талаптарды сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 68 токтому менен төмөнкүлөр бекитилген: Чарбалык-ичүү багытындагы суу менен камсыздоо булактарын жана суу өткөргүчтөрдү санитардык коргоо зоналарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар, Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо жана ичүү багытындагы суу өткөргүч системаларына санитардык-эпидемиологиялык талаптар жана Калкты борборлоштурулбаган ичүүчү суу менен камсыздоо булактарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар.
3. Мамлекеттик саясат жана секторду өнүктүрүүнүн негизги багыттары
Мамлекеттик саясат ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунун туруктуулугун чыңдоого, керектөөчүлөргө сапаттуу кызматтарды көрсөтүүгө, сектордун кирешелерин жогорулатууга жана финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү жана шайкеш келтирүү, аны эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү, анын ичинде:
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун тарифтик жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун техникалык жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин ченемдерин ишке ашыруу максатында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- ИСКССЧӨД жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү функцияларын кеңейтүү;
2) төмөнкүлөрдүн алкагында секторду өнүктүрүү саясатын натыйжалуу ишке ашыруу милдетин чечүүгө арналган институттук кайра түзүү, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын башкарууда жергиликтүү коомчулуктардын потенциалын жогорулатуу:
- бирдиктүү комплекстүү саясат жүргүзүү жана суу чарба системаларын өнүктүрүү багытында мамлекеттик жана жергиликтүү уюмдардын макулдашылган иш-аракеттерин жогорулатуу үчүн ичүүчү жана ирригациялык суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу бөлүгүндө суу саясатынын функцияларын консолидациялоо;
- секторду башкаруунун маалыматтык базасын чыңдоо, анын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканаларында жана уюмдарында эсепке алууну, белгиленген формалар боюнча мындай ишканалар менен уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын статистикалык отчеттуулугун, мындай отчетторго талдоо жүргүзүүнү жана сектордун иши жөнүндө консолидацияланган отчетторду үзгүлтүксүз жарыялоону жакшыртуу;
- өбөлгөлөө жана техникалык жардам көрсөтүү механизмдери аркылуу ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү жергиликтүү операторлорду ыктыярдуу негизде ири ишканаларга жана уюмдарга (агрегация) бириктирүү үчүн шарт түзүүгө атаандаш чөйрөнү өнүктүрүү, мында ИСКАКБ жана башка операторлор райондук деңгээлде, муниципал аралык, же муниципалдык деңгээлде бириге алышат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөткөн жергиликтүү уюмдарга туруктуу консультативдик жана финансылык колдоо көрсөтүү;
3) төмөнкүлөр аркылуу ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунун финансылык-экономикалык туруктуулугун жогорулатуу:
- тарифтик саясатты борбордон ажыратуу жана эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды толук жабуу үчүн жетиштүү болгон деңгээлге чейин тарифтерди көбөйтүүнү акырындык менен өбөлгөлөө, мында керектөөчүлөрдүн мындай тарифтерди төлөө мүмкүндүгүн эске алуу керек;
- туруктуу бизнес моделдерин киргизүү менен мүмкүн жана максаттуу болгон жерде мамлекеттик-жеке өнөктөштүн моделин киргизүү аркылуу жеке капиталды тартуу;
- төлөмдөрдү жыйноону көбөйтүү үчүн экономикалык өбөлгөлөр менен санкциялардын айкалышын камтыган саясатты ишке ашыруу;
- өбөлгөлөө, ага ылайык капиталдык чыгымдарды (кошо-) каржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр үчүн жеткиликтүү болот, алар натыйжалуу иштешет жана сапаттуу кызматтарды көрсөтүшөт;
- “масштабдан үнөмдөө” - өз ресурстарын бириктирүү жолу менен өбөлгөлөө, камтуу зонасын кеңейтүү жолу менен операторлор салыштырма башкаруучу жана эксплуатациялык чыгымдарды төмөндөтө алышат;
- финансылык ресурстарды кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн инвестициялык саясатты өркүндөтүү;
4) сектордун потенциалын өстүрүү, анын ичинде:
- кадрларды үзгүлтүксүз окутууну камсыз кылуу жана кеңейтүү жана жергиликтүү операторлор менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда алдыңкы тажрыйбаларды алмашууну уюштуруу үчүн консультацияларды берүүдө ИСКССЧӨДдүн көмөктөшүүчү ролун жогорулатуу;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда коомдук уюмдардын ролун жана катышуусун жогорулатуу;
5) техникалык ченемдерди жана эрежелерди өркүндөтүү, анын ичинде:
- ар кандай сандагы калк жашаган калктуу конуштар үчүн ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын объекттерин долбоорлоо жана куруу боюнча натыйжалуу курулуш ченемдерин жана эрежелерин кабыл алуу, анын ичинде иш жүзүндө түзүлгөн керектөөнүн негизинде жана эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен;
- курулуштун эл аралык алдыңкы технологияларын киргизүү жана системаларды узак мөөнөткө эксплуатациялоону камсыз кылуу жана сапатын жакшыртуу үчүн жаңы материалдарды колдонуу;
6) төмөнкүлөрдүн алкагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу:
- кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын оптималдуу стандарттарын аныктоо;
- сууну керектөөчүлөрдүн катышуусу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана сектордун ишинин башка көрсөткүчтөрүнө жана отчеттуулукка мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуу системасын түзүү (жергиликтүү коомчулуктарды жана алардын өкүлдөрүнө маалымдоо, маалымат алмашуу);
- адамдын ден соолугуна жана жашоосунун узактыгына түздөн-түз таасирин тийгизүүчү ичүүчү суунун ченемдик сапатын тиешелүү түрдө контролдоо жана камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү;
7) гигиена жана ден соолукту коргоо маселелеринде маалымдуулукту жогорулатуу, анын ичинде:
- маалыматтык-агартуу ишин уюштуруу;
- жарандардын, өзгөчө балдардын санитария жана гигиена маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, билим берүү процессине мектеп программасына да, мектепке чейинки программага да санитария жана гигиена маселелерин киргизүү.
4. Максаттары жана милдеттери
Ушул Программа Кыргызстандын калкынын ченемдик сапаттагы ичүүчү суу менен камсыздалышын жогорулатууга, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу системаларын куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо жолу менен республиканын калкынын ден соолугун жана жашоо сапатын жакшыртууга, айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирди азайтууга багытталган.
Аталган максаттарга жетүү үчүн Программанын төмөнкүдөй артыкчылыктуу маселелерин комплекстүү, системалуу жана максаттуу чечүү зарыл:
1) коопсуз жана сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария чөйрөсүндө:
- техникалык регламенттердин, стандарттардын жана колдонуудагы ченемдик актылардын бирдиктүү талаптарынын негизинде ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулган системаларын өнүктүрүү аркылуу калктын ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүсүн жогорулатуу;
- калкты ченемдик сапаттагы коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо;
- сууну керектөөчүлөр үчүн жаралуучу коркунучтан коргоону жана коопсуздукту камсыз кылуу;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын тиешелүү түрдө эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү жакшыртуу;
2) ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун башкаруу жана мамлекеттик жөнгө салуу системасын өнүктүрүү чөйрөсүндө:
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун институттук өнүктүрүү;
- секторду башкаруунун маалыматтык негиздерин жакшыртуу, анын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча улуттук маалыматтар базасын түзүү жолу менен;
- суу ресурстарын жана ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын туура жана натыйжалуу пайдалануу;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын долбоорлоо жана куруу боюнча жаңы ченемдерди жана эрежелерди кабыл алуу;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө кадрдык потенциалды чыңдоо;
3) ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн финансылык-экономикалык туруктуулугу чөйрөсүндө:
- тарифтик саясатты жакшыртуу жана ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн финансылык туруктуулугун камсыз кылуу;
- инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын эксплуатациялоонун жана каржылоонун башка туруктуу бизнес-моделдерин киргизүү;
4) ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда ачык-айкындуулукту, ишенимди жана отчеттуулукту күчөтүү чөйрөсүндө:
- Программаны аткаруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү жана жыйынтыктарын баалоо;
- сектордун иши жана Программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө дайыма жарыялоо;
5) ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн экологиялык туруктуулугу жана энергонатыйжалуулугу чөйрөсүндө:
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын изилдөө жана энергоаудит жүргүзүү;
- энергиянын жаңылануучу булактарын жана энергонатыйжалуу жабдууларды пайдалануу (башкаруу системалары, насостор, бактерициддик түзүлүштөр ж.б.).
5. Ишке ашыруунун негизги принциптери жана этаптары
Мамлекеттик тармактык саясатты жана ушул Программаны ишке ашыруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- техникалык стандарттардын жана ченемдик актылардын бирдиктүү талаптарынын негизинде ичүүчү суу менен камсыздоонун борборлоштурулган системаларын артыкчылыктуу өнүктүрүү, долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо жолу менен ичүүчү сууга болгон керектөөнү канааттандыруу;
- саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулган жана жеке системаларын, анын ичинен заводдо даярдалган блок системаларын оптималдуу айкалыштыруу жолу менен саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы функцияларын так бөлүштүрүү бөлүгүндө өркүндөтүү:
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканаларынын жана уюмдарынын финансылык-экономикалык жана институттук туруктуулугун камсыз кылуу, системаны климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо жолу менен суунун коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу;
- мамлекеттик көзөмөл жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын компетенцияларынын чегинде ичүүчү суунун коопсуздугун жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын тиешелүү түрдө иштешин, бул системаларды эксплуатациялоочу ишканалардын жана уюмдардын ишин контролдоо.
Ушул Программаны жана анын кийинки компоненттерин этап менен ишке ашыруу:
1-компонент - ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун туруктуу өнүктүрүүнү чыңдоого багытталган мамлекеттик саясатты жана системалуу институттук кайра түзүүнү ишке ашыруу;
2-компонент – ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун жакшыртууга багытталган, эл аралык донордук уюмдар тарабынан каржылануучу долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруу;
3-компонент - ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун каржылоону өстүрүү жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу.
6. Күтүлүүчү натыйжа
Ушул Программанын максаттарына жетүү, республиканын калкынын ыңгайлуу жашоосун жана инфраструктураны камсыздоо үчүн 2026-жылга карата төмөнкү көрсөткүчтөр аныкталган:
- республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарлардын кеминде 95 % ченемдик сапаттын талаптарына жооп берген борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо;
- айыл жергесинде жашаган 2000,0 миңден ашык адамды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо;
- айыл статусуна ээ райондук борборлордо жашаган калктын кеминде 70 % саркынды сууларды чыгаруу ситемалары менен камсыздоо;
- ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун туруктуу жана ишенимдүү механизмин түзүү;
- сектордун адам ресурстарынын потенциалын жогорулатуу, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда иштеген кызматкерлердин 80 %дан ашыгынын квалификациясын жогорулатуу системасы менен камтуу;
- керектөөчүлөргө берилген суунун сапатын жогорулатуу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу;
- сууну өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосунда так укуктук мамилелерди орнотуу;
- айлана-чөйрөгө тийген терс таасирлердин жол берилген чектерин аныктоо жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун башкаруу механизмин түзүү;
- мектептик жана мектепке чейинки мекемелерде санитариянын жана гигиенанын талаптарын камсыздоо;
- ичүүчү суу менен камсыздоо булактарын санитардык коргоо зоналарында техникалык регламенттердин жана башка ченемдик актылардын талаптарын камсыздоо.
7. Каржылоого муктаждык жана финансылык камсыздоо
Азыркы учурда республикалык бюджетте бул секторго талап кылынган капиталдык салымдарды жумшоо үчүн жетиштүү каражат жок, ошондуктан келечекте эл аралык донорлордун жана инвесторлордун колдоосу зарыл. 2018-жылы республикалык бюджетте “Капиталдык салым” беренеси боюнча өтмө объекттерди кошкондо, ичүүчү суу менен камсыздоонун 89 объектин курууга жана калыбына келтирүүгө 250,0 млн сом бөлүнгөн. Алардын ичинен 40 айыл долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу үчүн тизмеге киргизилген. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан “Капиталдык салым” беренеси боюнча 500 млн сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражатка 73 өтмө объектте курулуш жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.
2019-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын 14 объектинде ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу жана калыбына келтирүү иштери бүткөрүлдү, мында ичүүчү суу менен 48921 адам камсыз болду.
Көз карандысыз эл аралык жана улуттук эксперттердин баалоосу боюнча айыл калкынын ичүүчү суу менен камсыздоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүсүн жакшыртуу үчүн зарыл болгон каражаттардын болжолдуу көлөмү жалпысынын 47 млрд 262 млн сомдон ашуунду түзөт. 2026-жылга чейинки мезгилде ушул Программага ылайык республиканын 1184 айылында суу менен камсыздоо системаларын куруу жана реабилитациялоо боюнча иштерди аткаруу каралууда (ушул Программанын 4-тиркемесине 7.1-таблица).
Айылдарда ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу саркынды сууларды чыгаруу проблемасын курчутту жана саркынды суулардын көбөйүшүнө алып келди, ал эми суу булактарынын андан ары булганышын болтурбоо үчүн тазалоо жана зыянсыздандыруу техникалык чечимди талап кылат. Жогоруда айтылгандардын негизинде жана учурдагы абалды эске алуу менен 26 райондук борбордо саркынды сууларды чыгаруу системаларын курууну жана реабилитациялоону караштыруу зарыл. Алдын ала эсептөөлөрү боюнча бул максаттарга 4 млрд 048 млн сом керек.
Шаарлардын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканаларынын алдын ала эсептөөлөрүнө ылайык республиканын шаарларынын ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо үчүн зарыл болгон инвестициялардын көлөмү 20 162 млн сомдон ашат.
Узак мөөнөттүү келечекте тармактык адистердин баалоо эсептеринин маалыматы боюнча калктын коопсуз жана баасы боюнча жеткиликтүү ичүүчү сапаттагы сууга жана тийиштүү түрдөгү саркынды сууларды чыгаруу системаларына жалпы жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу инфраструктурасына зарыл болгон инвестициялардын жалпы көлөмү 68 млрд 215 млн сомдун тегерегин түзөт (шаарлар, айылдар жана поселоктор, райондук борборлор үчүн). Бул финансылык каражаттар инфраструктураны каржылоону, институттук өнүктүрүүнү, калкка операторлор тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууну жана потенциалын көтөрүүнү камтыйт. Ушул Программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттары республиканын калкынын санына жана бир адамга инвестициялардын салыштырма суммасына жараша эсептелген.
Азыркы учурда республикалык бюджетте бул секторго талап кылынган капиталдык салымдар үчүн жетиштүү каражат жок, андыктан орто мөөнөттүү келечекте эл аралык донорлордун колдоосу зарыл болот.
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү уюмдардын жана ишканалардын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо жана ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын болушунча толук эске алуу үчүн Программаны ишке ашыруу процессинде учурдагы абалды эске алуу менен каржылоонун бардык булактарынын мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу толук пайдалануу пландаштырылууда.
Программаны аткаруу, атап айтканда донорлордун финансы каражаттарын тартууну, каржылоого даяр долбоорлорду даярдоонун жана сунуш кылуунун потенциалын жогорулатууну, ИСКССЧӨДдүн кызматкерлеринин потенциалын жана статусун жогорулатууну талап кылат.
Иш-чаралар планына ылайык Программаны каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Европа инвестициялык банкынын, Швейцария Конфедерациясынын Экономикалык мамиле боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SЕСО), Ислам өнүктүрүү банкынын, КЭР Өкмөтүнүн, Сауд өнүктүрүү фондунун, ПРООНдун, ЮНИСЕФтин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен каржыланат.
Кредиттик каражаттарды кайтаруу төмөнкүдөй шарттарда ишке ашырылат:
Дүйнөлүк банк - кредит 6 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо 38 жылга, 0,75% пайыздык ставка менен берилет. Ар бир жылдын 15-марты жана 15-сентябры төлөө мөөнөттөрү катары аныкталды. Долбоорду ишке ашыруу мезгили – 2017-2025-жылдар.
Азия өнүктүрүү банкы - кредит 8 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо 32 жылга берилет, пайыздык ставкасы мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу мезгилинде жылына 1 %, кийинки ар бир жылы 1,5%. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 5-жыл.
Ислам өнүктүрүү банкы - кредит 10 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо 30 жылга берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кредиттин административдик чыгымдарын жабуу үчүн кредиттин суммасынан жылдык 0,75 %дан ашык эмесин тейлөө үчүн бир жолку комиссияны төлөйт. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 4,5 жыл.
Сауд өнүктүрүү фонду - кредит 5 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо 25 жылдын аралыгында төлөнөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мезгил-мезгили менен алынып жана төлөнүүгө тийиш болгон кредиттин негизги суммасы боюнча жылына бир пайыз (1%) өлчөмүндө кредит үчүн акы төлөйт.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы - кредит 3 жылдык жеңилдетилген мезгил менен 15 жылга жана Euribor + 1,0 % пайыздык ставка менен берилет (өзгөрүлмө ставканы эске алуу менен). Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 3 жыл.
Долбоорлор менен зайымдык каражаттарды кайтарып алууну эске алып, кызмат көрсөтүүлөргө болгон тарифтерди кайра карап чыгуунун эсебинен кредиттик каражаттардын зайымчы (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) тарабынан өз алдынча кайтарылышы боюнча механизм каралган. Кайтарып алуунун ушундай механизми ЕРӨБдүн каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлор ишке ашырылып жаткан республиканын 16 шаарында практикаланууда.
Мындан тышкары Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана Сауд өнүктүрүү фондунун линиялары аркылуу айылды суу менен камсыздоо долбоорлору боюнча кредиттик каражаттардын кайтарылышын өнүктүрүү салыктардын жана жыйымдардын эсебинен жумшалуучу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
Программанын иш-чараларын иш жүзүндө каржылоо ар бир жылга мамлекеттик бюджетте бекитилген каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
Мында республикалык бюджеттен кошо каржылоо каражаты эреже катары кезектеги финансылык жылга каржылоонун жалпы көлөмүнүн 20-25 %ын түзөт.
8. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Республиканын калкын коопсуз ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат, аны финансылык камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул жүз жылдыктын башында Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк менен 69,5 млн АКШ доллары өлчөмүндө, ал эми 2009-жылы ушул эле донорлор менен - 41,5 млн АКШ доллары суммасында финансылык каражат бөлүп берүү жөнүндө макулдашууларды түзгөн. Бөлүнгөн каражаттарга 2000-2014-жылдары өлкөнүн 545 айылында суу менен камсыздоо системалары курулган жана реабилитацияланган, анын натыйжасында 1,2 млндан ашык адам борборлоштурулган коопсуз ичүүчү суу менен жетиштүү камсыз болгон.
Мындан тышкары акыркы жылдары республикада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шаарлар жана айылдар үчүн ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторуна гранттарды жана кредиттик инвестицияларды тартуу боюнча ишти активдештиришти.
Климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүнү күчөтүү жана “климаттык” каржылоону көбөйтүү ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын энергонатыйжалуулугун жана экологиялык туруктуулугун жогорулатуу үчүн ресурстарды тартуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат.
Ошондой эле өлкөнүн калкын коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо маселесинин өзгөчө маанилүүлүгүн таануу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси 2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасына киргизилген.
Программаны ишке ашыруу маселеси боюнча негизги жооптуу мамлекеттик органдар болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги, эл аралык уюмдардын жана финансылык донорлордун колдоосу менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (макулдашуу боюнча) эсептелет.
Өкмөттүк эмес уюмдар коомдук консультацияларды уюштуруу, калктын маалымдуулугун жогорулатуу, калкты социалдык жактан мобилизациялоо жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат көрсөтүүчүлөр жана ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторундагы башка кызыкдар тараптар менен өз ара байланышта иштешет, ошондой эле ден соолук детерминанттарына коомдук мониторинг, коомдук экологиялык экспертиза жана коомдук контроль жүргүзүшөт.
Кыргыз Республикасы олуттуу даражада табигый кырсыктарга кабылып турат. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча 20 негизги табигый кырсыктар жана процесстер, анын ичинде жер титирөө, сел жана көчкү, суу каптоо жана кургакчылыктар өтө чоң коркунуч алып келет. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга болгон туруктуулукту жогорулатуу жана ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасынын аялуулугун төмөндөтүү секторду өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү болуп саналат.
Ушул Программаны ишке ашырууда тобокелдиктерди башкаруу аны ишке ашырууга катышкан бардык субъекттердин ишин координациялоо жолу менен жүргүзүлөт: мамлекеттик бийликтин аткаруучу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык ишканалар, өкмөттүк эмес уюмдар.
Программаны ишке ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер 8.1-таблицада келтирилген (ушул Программанын 5-тиркемесине 8.1-таблица).
9. Мониторинг жана баалоо
Мониторинг мамлекеттик саясаттын милдеттүү компоненти катары маалыматты системалуу түрдө жыйноонун, талдоонун жана программалык-пландык иш-чаралардын аткарылышын баалоонун, ошондой эле оңдоолорду киргизүүнүн инструменти болуп саналат.
Ушул Программаны ишке ашыруунун алкагында индикаторлордун иштелип чыккан топтому пайдаланылат.
Ушул Программанын иш-чараларынын натыйжалуулугунун индикаторлору болуп төмөнкүлөр саналат:
- шаар жериндеги калктын 95 %ын борборлоштурулган коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо;
- айыл жеринде 2000,0 миңден ашык адамды борборлоштурулган коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо;
- айыл статусуна ээ болгон райондук борборлордо жашаган калктын 70 %ын саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыздоо;
- мектептик жана мектепке чейинки мекемелерде санитария жана гигиена талаптарын камсыздоо;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторундагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.
Программанын ар бир этабынын аякташы менен калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын эксплуатациялоо боюнча зарыл болгон түзөтүүчү чараларды жакшыртуу жана бул багыттагы андан аркы иштер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында жетишилген натыйжаларга баа берилет.
| 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасына 1-тиркеме |
2017-жылы жашаган жерине жараша
үй чарбаларын суу менен камсыздоо булагы (пайыз менен)
2.1-таблица
Жердин аталышы | Борборлоштурулган суу түтүгү | Суу алуучу колонка | Кудук | Булак | Арык |
Бардыгы | 29,1 | 55,4 | 6,6 | 2,3 | 6,6 |
Шаар жери | 64,1 | 32,5
| 2,6 | 0,1 | 0,6 |
Айыл жери | 10,0 | 67,9 | 8,7 | 3,5 | 9,9 |
Булак: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
| 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасына 2-тиркеме |
Суу менен камсыздоо булактары жана ага чейинки аралык, ар кандай
үй-бүлөлөр боюнча балдардын саны (2017-жыл)
2.2-таблица
Суу менен камсыздоо булактары |
| Баары | Үй чарбасындагы балдардын саны | |||||
| 0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 жана андан көп бала | ||
Суу менен камсыздоонун борборлоштурулган системасы |
| 35,6 % | 51 % | 36,3 % | 31,5 % | 22,8 % | 21,4 % | 11 % |
Өздүк колонка |
| 24,8 % | 19,8 % | 24 % | 24,9 % | 31,8 % | 29,5 % | 28 % |
Коомдук колонка |
| 25,7 % | 18,2 % | 26,3 % | 27,8 % | 32,9 % | 30,2 % | 31,6 % |
Суунун ачык булагы |
| 8,2 % | 7,2 % | 7,4 % | 9,6 % | 6,4 % | 8,8 % | 22,1 % |
Башка булактар (өзү агып туруучу скважина, ташылып келүүчү суу) |
| 5,7 % | 3,8 % | 5,9 % | 6,2 % | 6,1 % | 10,1 % | 7,2 % |
Бардыгы |
| 100 % | 100 % | 100 % | 100 % | 100 % | 100 % | 100 % |
Суу булагына чейинки аралык: |
|
|
|
|
|
| ||
100 метрден азыраак |
| 44,7 % | 47,5 % | 43,2 % | 40,7 % | 47,8 % | 49,7 % | 36,5 % |
100 метрден ашык |
| 55,3 % | 52,5 % | 56,8 % | 59,3 % | 52,2 % | 50,3 % | 63,5 % |
| 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасына 3-тиркеме |
Шаардык канализация системасы
2.3-таблица
№ | Шаардын аталышы | Канализациялык система (бар, жок) | Системанын сапаты (канааттандырарлык эмес, канааттандырарлык (%) |
1 | Бишкек | Бар | 90 %га канааттандырарлык |
2 | Ош | Бар | 80 %га канааттандырарлык |
3 | Жалал-Абад | Бар | 85 %га канааттандырарлык |
4 | Кара-Балта | Бар | 50 %га канааттандырарлык |
5 | Кант | Бар | 40 %га канааттандырарлык |
6 | Талас | Бар | 42 %га канааттандырарлык |
7 | Токмок | Бар | 50 %га канааттандырарлык |
8 | Нарын | Бар | 25 %га канааттандырарлык |
9 | Баткен |
| Жок |
10 | Кара-Суу | Бар | 10 %га канааттандырарлык |
11 | Чолпон-Ата | Бар | 45 %га канааттандырарлык |
12 | Кызыл-Кыя | Бар | 50 %га канааттандырарлык |
13 | Өзгөн |
| Жок |
14 | Токтогул | Бар | 25 %га канааттандырарлык |
15 | Балыкчы | Бар | 37 %га канааттандырарлык |
16 | Майлуу-Суу | Бар | 80 %га канааттандырарлык |
17 | Каракол | Бар | 30 %га канааттандырарлык |
18 | Кербен |
| Жок |
19 | Исфана |
| Жок |
20 | Ноокат |
| Жок |
21 | Сүлүктү | Бар | 50 %га канааттандырарлык |
22 | Кемин | Бар | 45 %га канааттандырарлык |
23 | Көк-Жаңгак | Бар | 20 %га канааттандырарлык |
24 | Кадамжай | Бар | 70 %га канааттандырарлык |
25 | Кара-Көл | Бар | 80 %га канааттандырарлык |
26 | Таш-Көмүр | Бар | 30 %га канааттандырарлык |
27 | Кочкор-Ата | Бар | 20 %га канааттандырарлык |
28 | Айдаркен | Бар | 100 %га канааттандырарлык |
29 | Орловка | Бар | 55 %га канааттандырарлык |
30 | Кайыңды | Бар | 70 %га канааттандырарлык |
31 | Шопоков | Бар | 25 %га канааттандырарлык |
| 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасына 4-тиркеме |
Суу менен камсыздоонун айылдык системаларын курууга жана реабилитациялоого
талап кылынуучу инвестициялардын жалпы болжолдуу көлөмү
7.1-таблица
Иш-чаралар | Айылдардын саны (бирдик) | Айыл-дардын жалпы санынан % | Бир айылга карата эсептик наркы (млн сом) | Талап кылынган инвестициялардын жалпы суммасы (млрд сом) |
Реабилитациялык иштер жүргүзүлгөн айылдар | 656 | 36,1 | ||
Жаңы системаларды куруу талап кылынган айылдар | 715 | 39,3 | 49,1 | 35126,0 |
Системаларды реабилитациялоо талап кылынган айылдар | 448 | 24,6 | 27,1 | 12136,0 |
Бардыгы: | 1819 | 100 | 47262,0 |
| 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасына 5-тиркеме |
Программаны ишке ашыруунун кооптуулуктары
8.1-таблица
№ | Терс фактордун (кооптуулуктун) аталышы | Кооптуулуктарды азайтуунун ыкмалары |
1 | Социалдык-саясий | Эл арасында уюштуруу-түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүү |
2 | Форс-мажордук | Кооптуулуктун бул тобун азайтуу үчүн ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунун өзгөчө кырдаалдарга жана форс-мажордук кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларга даярдыгын жогорулатуу маселелери боюнча персоналдарды окутуу пландалууда |
3 | Экономикалык | Бул кооптуулуктарды азайтуу мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүүнү, анын ичинде инвестициялык ыңгайлуулукту жогорулатуу жана экономикалык өбөлгөлөө боюнча чараларды караштырат. Программанын иш-чараларын каржылоонун булактары жана көлөмдөрү жыл сайын такталып турат |
4 | Уюштуруу-укуктук | Кооптуулуктун бул тобунун таасирин азайтуу үчүн төмөнкүлөр пландалат: - ченемдик укуктук документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу этабында аларды макулдашууга катышуучу негизги кызыкдар тараптарды документтерди талкуулоого тартуу; - ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун башкарууну реформалоо |
5 | Маалыматтык | Веб-сайт түзүү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынан чыгып сүйлөө |
6 | Кадрдык | Кооптуулукту азайтуу үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана бар адистерди кайра даярдоо (квалификациясын жогорулатуу) боюнча окуу борборлорунун ишин күчөтүү болжолдонот |