Сравнение редакций…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 токтомуна) |
|
Салыктарды белгиленген сумма түрүндө төлөө жөнүндө салык контрактын түзүү, кайра түзүү, токтото туруу жана бузуу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Салыктарды белгиленген сумма түрүндө төлөө жөнүндө салык контрактын түзүү, кайра түзүү, токтото туруу жана бузуу тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 56-главасына ылайык иштелип чыкты.
2. Ишкердик иш жүргүзүүчү уюмдар жана жеке ишкерлер (мындан ары - ишкердиктин субъекттери) салыктарды салык контрактынын (мындан ары - контракт) негизинде төлөөгө укуктуу.
3. Контрактта ишкердиктин субъекти менен салык кызматынын органынын ортосунда салык төлөөчүнүн төмөнкү салыктардын түрлөрүнүн белгиленген суммасынын өлчөмүндөгү салык милдеттенмесин макулдашуу аныкталат:
1) пайда салыгы;
2) сатуу салыгы;
3) салык салынуучу жеткирүүлөргө КНС.
4. Контракт түзгөн ишкердиктин субъекттери салыктык (эсептик) катталган жери боюнча салык органына бюджетке андан ары акча каражаттарын төлөө менен контрактта каралбаган салыктар боюнча отчет беришет.
2. Контракт боюнча салыктын белгиленген суммасын эсептөө
5. Ишкердиктин субъектисинен контракттын негизинде салыкты төлөөгө өтүү ниети жөнүндө арызды алгандан кийин салык органы акыркы 3 жыл ичинде төлөнгөн салыктардын суммасына жана отчеттук маалыматтарына, коомдук тамактануунун субъекттерин, курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелерди жана турак жай куруучуларды кошпогондо, талдоо жүргүзүүгө милдеттүү.
6. Биринчи жолу контракт түзгөн коомдук тамактануунун субъекттери жана курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелер боюнча салык органы акыркы 3 толук календардык айдын отчеттук маалыматтарына салык постунун натыйжаларын эске алуу менен талдоо жүргүзүүгө милдеттүү.
7. Коомдук тамактануунун объектисине талдоо жүргүзүүдө ушул объекттин жайгашкан жерин, кышкы жана/же жайкы имаратынын (аянтчасынын) аянтын, отургузуучу орундардын санын, банкет өткөрүүнүн наркын, сезондугун жана иштөө режимин, меню боюнча бааларды жана кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү ("LED-экран", фото, видео кызматтарды, флористтер жана башка коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдү) эске алуу зарыл.
8. Курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекеменин объектине талдоо жүргүзүүдө объекттин жайгашкан жерин, номерлеринин фондун, жата турган жерлеринин санын, жашоо үчүн канча төлөнө тургандыгын, иштин сезонун, банкет өткөрүүнүн наркын, конференц залдар, кошумча көрсөтүлө турган кызматтарды (дарылоо процедуралары, суу аттракциондору, скутер, катамаран, парашют ж.б.) жана кышкы кызматтарды көрсөтүүнү (көтөргүч, лыжа жабдыктарынын прокаты) эске алуу керек.
Мында ушул Тартиптин 13 жана 14-пункттарында чагылдырылган маалыматтар болсо, арызга STI-118 формасын тиркөө зарыл.
9. Коомдук тамактануу жана курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелери үчүн салык милдеттенмесинин суммасы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат, эгерде субъект:
а) КНС төлөөчүсү болбосо:
- сатуу салыгы = (Т * 3% сатуу салыгы) / 1,03;
- пайда салыгы = (Т - сатуу салыгы) * Р * 10% пайда салыгы;
б) КНС төлөөчүсү болсо:
- сатуу салыгы = (Т * 2% сатуу салыгы) / 1,14;
- КНС = (Т * 12% КНС) / 1,14 / 4;
- пайда салыгы = (Т - сатуу салыгы - КНС) * Р * 10% пайда салыгы.
мында:
Т - товар жүгүртүү;
Р - рентабелдүүлүк (операциялык иштен рентабелдүүлүк).
10. Ишкердиктин субъектисинин экономикалык ишин талдоонун жыйынтыгы менен салык органы контракт боюнча салык милдеттенмесинин суммасын аныктоо үчүн төлөнгөн салыктардын эң чоң суммасын тандап алуусу зарыл.
11. Эгерде салык постунун жыйынтыгы боюнча маалыматтар отчеттук маалыматтардын суммасынан аз болсо, анда салык контрактын түзүү үчүн ишкердиктин субъектиси менен макулдашуу аркылуу тийиштүү мезгил үчүн отчеттук маалыматтар боюнча эң жогорку көрсөткүч колдонулат.
12. Контракт колдонулуп жаткан мезгилде салык базасынын өзгөрүлгөндүгү тууралуу документ менен ырасталган фактылар болгон учурда, контракт боюнча салык милдеттенмесинин суммасын аныктоо үчүн төмөнкүлөр керек:
- коомдук тамактануунун субъекттерине жана курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелерине карата салык постун орнотуу;
- ишинин башка түрлөрүн текшерип көрүү.
Жогоруда аталган материалдар салык органы тарабынан контракт боюнча салык милдеттенмелеринин суммасын кайра карап чыгууга контракттарды кароо жана макулдашуу боюнча тийиштүү комиссияга киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органына берилет.
13. Коомдук тамактануунун субъекттерин, курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелерин жана турак жай куруучуларын кошпогондо, ишкердиктин субъекттеринин иши боюнча контракттагы салык милдеттенмелеринин суммасы мурунку 3 жылдын салык милдеттенмелеринин эң чоң суммасынан ашкан, контракт түзүлгөн биринчи жылдагы 25 пайыздан кем эмес өлчөмдө колдонулат.
14. Турак жай куруучулары үчүн салык милдеттенмесинин суммасы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 370-беренесинин талаптарына ылайык аныкталат.
15. Үлүштүк катышуу менен объект курулган учурда, контракт боюнча салыктарды төлөө милдети турак жай курулмасынын жалпы объекти боюнча турак жай куруучусуна жүктөлөт, мында салык милдеттенмесинин суммасы турак-жайлардын жалпы сатылуучу аянты боюнча аныкталат.
16. Турак жай курулуш объектисинин салык милдеттенмелерин аныктоодо 1 чарчы метр үчүн наркын, объекттин жайгашкан жерин жана сатылган батирлердин санын эске алуу зарыл.
Жогоруда аталган маалыматтар арыздын STI-141 формасына тиркелет.
3. Контракттын негизинде режимди колдонуу же колдонуудан баш тартуу мүмкүндүгү жөнүндө чечим
17. Ишкердиктин субъектиси контракттын негизиндеги режимди колдонуу мүмкүндүгү же аны колдонуудан жүйөлүү баш тартуу жөнүндө чечим салык органы тарабынан ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык STI-120 формасы боюнча арыз берилген күндөн кийинки күндөн тартып 15 күндүн ичинде чыгарылат.
18. Турак жай куруучусу менен контракттын негизинде режимди колдонуу мүмкүндүгүнөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
1) контракттын колдонуу мөөнөтү объектти пайдаланууга берүү күнүнөн ашса;
2) жалпы салык режиминде салык милдеттенмесинин суммасынын жана контракт боюнча белгиленген сумманын айырмасы төмөнкү эсептерге ылайык 50 пайыздан ашык болсо.
(Болжолдуу эсеп)
Контракт боюнча жана жалпы режимдеги салыктардын суммасынын салыштырма таблицасы
Турак жайлардын сатылган аянты (чарчы м) | Контракт б-ча сумма (гр. 1 х 1,2 х 900 сом) (миң сом) | Сатуу наркы 1 чарчы м (800$ x 700) | Жалпы режимдеги салык милдеттенмесинин суммасын эсептөө | Айырмасы | ||||
Түшкөн акча (гр. 1 х гр. 3) (миң сом) | Сатуу салыгы (гр. 4 / 1,02 x 2%) | Пайда салыгы (гр. 4 - гр. 5) / 1,2 х 20% х 10%, каякта (рент. 20%) | Бардыгы (миң сом) | (+; -) (гр. 2 - гр. 7) | % | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
7000 | 7560,0 | 56,0 | 392000,0 | 7686,3 | 6405,3 | 14091,5 | -6531,5 | 53,6 |
19. Ишкердик субъектиси салык органы менен контракттын негизиндеги режимди колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу боюнча ишкердик субъект менен контракт түзүлөт.
20. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан контрактты кароо жана макулдашуу боюнча комиссия түзүлөт.
21. Комиссиянын курамы жана иш регламенти ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен аныкталат.
22. Комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан салык органынын дарегине салык контрактын макулдашуу же макулдашуудан баш тартуу тууралуу тиешелүү кат жиберилет. Салык контрактынын бланктарында макулдашылган учурда ыйгарым укуктуу салык органынын төрагасынын тейлөөчү орун басары контрактка кол коюп, мөөр менен күбөлөндүрөт.
23. Турак эмес жайларга (ишкердиктин объекттерине) ижара келишими жоюлганда, бузулганда жана объекттин багыты кайра өзгөрүлгөн учурда ишкердиктин субъектиси тарабынан контрактты бузуу жөнүндө салык органына тийиштүү арыз берилет.
24. Салык органы тарабынан 3 жумушчу күндүн ичинде объект текшерилет, анда салыктык контролдоонун актысы жана/же текшерүү актысы түзүлүп, фото-видеого тартылат, ижара келишиминин көчүрмөсү алынат, жаңы ээси же ижарачысы аныкталат жана болгон материалдар контрактты бузуу мүмкүндүгү жөнүндө андан ары кароо үчүн ыйгарым укуктуу салык органына жөнөтүлөт.
25. Салыктык контролдоонун жүрүшүндө салык кызматынын органы контрактта каралган шарттарга ылайык келбеген салык салынуучу базанын өзгөрүүлөрүн аныктаган учурда (турак-жайдын аянты, жайкы аянтчалардын жана/же кышкы залдын аянты, орундуктардын саны, сезондугу жана иштөө режими өзгөргөн учурда, контрактка киргизилбеген кошумча кызматтар көрсөтүлсө, объекттин жайгашкан жери, орнотулган салык постунун жыйынтыгы боюнча натыйжалары өзгөргөндүгү) түзүлгөн контракт бузулууга тийиш.
4. Салык контрактын кайра түзүү
26. Турак-жай куруучуларды кошпогондо, кийинки салык мезгили үчүн контрактты кайра түзүүгө ниеттенген ишкердиктин субъекти салык контрактынын негизинде салык төлөөчү катары контрактты кайра түзүүгө чейинки жылдын 1-ноябрынан кийинки күнүнөн кечиктирбестен салык органына арыз берүүгө милдеттүү, мында салык милдеттенмесинин суммасы мурдагы календардык жылдын салык милдеттенмесинин суммасынын 10 пайызынан ашкан өлчөмдө кабыл алынат.
27. Салык салынуучу база өзгөргөн учурда коомдук тамактануунун субъекттери жана курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелери ошол эле мезгилге кайра контракт түзүү үчүн арыз берүү аркылуу салык органына кабарлоого милдеттүү, мында салык милдеттенмесинин суммасы салык постунун натыйжаларынын негизинде аныкталат.
28. Турак жай куруучулары үчүн контрактты кайра түзүү турак жайлардын аянты өзгөрүлгөн учурда жүргүзүлөт, анда контракттын колдонуу мөөнөтү баштапкы контракт түзүлгөн айдан кийин катар келген 36 айдан ашпоого тийиш. Ошол эле учурда салык милдеттенмесинин мурда көрсөтүлгөн суммасы контрактты кайра түзүү жөнүндө арыз берилген күнгө чейин өзгөрүүсүз калат.
29. Салык органы контрактты кайра түзүү жөнүндө арызды алгандан кийин объектти текшерүүгө жана/же тийиштүү салыктык контролдоого милдеттүү, андан кийин болгон материалдарды контрактты кайра түзүү мүмкүндүгүн андан ары кароо үчүн ыйгарым укуктуу салык органына жибериши керек.
30. Ыйгарым укуктуу салык органы салык органы тарабынан берилген документтердин негизинде тиешелүү материалдарды иликтеп чыгат жана салык контрактын кайра түзүүнү кароонун натыйжалары жөнүндө жазуу жүзүндө салык органына кабарлайт.
5. Салык контрактын токтото туруу
31. Ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан же ишкердиктин объектисин (соода же кызмат көрсөтүү түйүнүн) капиталдык оңдоого байланыштуу ишти токтоткон учурда, ишкердиктин субъектиси контракттын негизиндеги ишин белгилүү бир мезгилге токтото туруу жөнүндө салык органына тиешелүү арыз берүүгө укуктуу.
32. Салык органы арыз берилген учурдан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде объектини текшерет, салыктык контролдоо актысы жана/же текшерүү актысы түзүлөт, фото-видеого тартылат жана салык контрактын колдонууну белгилүү бир мезгилге токтото туруу мүмкүндүгүн андан ары кароо үчүн бардык материалдар ыйгарым укуктуу салык органына жиберилет.
33. Салык органы берген материалдарды ыйгарым укуктуу салык органы карап чыгат жана кароонун жыйынтыгы боюнча салык контрактын токтото турууга макулдугун же макул болуудан баш тартуунун себебин көрсөтүү менен тиешелүү жообун жиберет.
34. Ыйгарым укуктуу салык органы макул болгон учурда контрактты токтото туруу мөөнөтүн жана контракт боюнча салык милдеттенмесинин азайтылуучу суммасын көрсөтүү менен, контрактты колдонууну токтото туруу жөнүндө салык органына тапшырма жиберет.
35. Салык органы 3 жумушчу күндүн ичинде ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык STI-119 формасы боюнча салык контрактын токтото туруу жөнүндө чечимди чыгарууга милдеттүү.
Ишкердиктин субъекти тарабынан учурдагы айдын 15-инен кийин учурдагы ай үчүн салык контрактын колдонууну токтото туруу жөнүндө берилген арыздар салык органы тарабынан каралбайт жана контракт боюнча салык милдеттенмелери толугу менен төлөнүүгө тийиш.
6. Салык органынын милдеттери
36. Салык кызматынын органы ишкердиктин субъекттеринен контракттын шарттарында аныкталган өлчөмдө салыктардын белгиленген суммасы түрүндө салык жыйноону контролдоого милдеттүү.
37. Контрактты колдонуу мезгилинде, тосмо текшерүүнү кошпогондо, контракттын суммасына киргизилген салык боюнча көчмө салыктык текшерүү жүргүзүлбөйт. Салыктык контролдоонун калган формалары Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүргүзүлөт.
38. Салык кызматынын органы ишкердиктин субъекти менен макулдашуу боюнча контрактты түзүүгө, кайра түзүүгө, токтотууга жана бузууга укуктуу.
7. Салык төлөөчүнүн милдеттери
39. Ишкердиктин субъекти контракттын шарттарына ылайык салык милдеттенмелерин белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.
40. Ишкердиктин субъекти Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык отчеттук жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын жана башка эсептерди, маалыматтарды жана отчетторду берүүгө милдеттүү.
|
| Салыктарды белгиленген сумма түрүндө төлөө жөнүндө салык контрактын түзүү, кайра түзүү, токтото туруу жана бузуу тартибине 1-тиркеме |
FORM STI-118
Салык контрактын түзүүгө, кайра түзүүгө, токтото турууга жана бузууга салык төлөөчүнүн АРЫЗЫ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| Салыктарды белгиленген сумма түрүндө төлөө жөнүндө салык контрактын түзүү, кайра түзүү, токтото туруу жана бузуу тартибине 2-тиркеме |
FORM STI-141
Турак-жай куруучусу менен салык контрактын түзүүгө, кайра түзүүгө, токтото турууга жана бузууга салык төлөөчүнүн АРЫЗЫ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| Салыктарды белгиленген сумма түрүндө төлөө жөнүндө салык контрактын түзүү, кайра түзүү, токтото туруу жана бузуу тартибине 3-тиркеме |
DOC STI-120
Салык контрактынын негизиндеги режимди колдонуу же колдонуудан баш тартуу мүмкүндүгү жөнүндө ЧЕЧИМ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| Салыктарды белгиленген сумма түрүндө төлөө жөнүндө салык контрактын түзүү, кайра түзүү, токтото туруу жана бузуу тартибине 4-тиркеме |
DOC STI-119
Салык контрактын бузуу же токтото туруу жөнүндө ЧЕЧИМ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 токтомуна) |
|
Салыктарды белгиленген сумма түрүндө төлөө жөнүндө салык контрактын түзүү, кайра түзүү, токтото туруу жана бузуу тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Салыктарды белгиленген сумма түрүндө төлөө жөнүндө салык контрактын түзүү, кайра түзүү, токтото туруу жана бузуу тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 56-главасына ылайык иштелип чыкты.
2. Ишкердик иш жүргүзүүчү уюмдар жана жеке ишкерлер (мындан ары - ишкердиктин субъекттери) салыктарды салык контрактынын (мындан ары - контракт) негизинде төлөөгө укуктуу.
3. Контрактта ишкердиктин субъекти менен салык кызматынын органынын ортосунда салык төлөөчүнүн төмөнкү салыктардын түрлөрүнүн белгиленген суммасынын өлчөмүндөгү салык милдеттенмесин макулдашуу аныкталат:
1) пайда салыгы;
2) сатуу салыгы;
3) салык салынуучу жеткирүүлөргө КНС.
4. Контракт түзгөн ишкердиктин субъекттери салыктык (эсептик) катталган жери боюнча салык органына бюджетке андан ары акча каражаттарын төлөө менен контрактта каралбаган салыктар боюнча отчет беришет.
2. Контракт боюнча салыктын белгиленген суммасын эсептөө
5. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Биринчи жолу контракт түзгөн коомдук тамактануунун субъекттери жана курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелер боюнча салык органы акыркы 3 толук календардык айдын отчеттук маалыматтарына салык постунун натыйжаларын эске алуу менен талдоо жүргүзүүгө милдеттүү.
7. Коомдук тамактануунун объектисине талдоо жүргүзүүдө ушул объекттин жайгашкан жерин, кышкы жана/же жайкы имаратынын (аянтчасынын) аянтын, отургузуучу орундардын санын, банкет өткөрүүнүн наркын, сезондугун жана иштөө режимин, меню боюнча бааларды жана кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү ("LED-экран", фото, видео кызматтарды, флористтер жана башка коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдү) эске алуу зарыл.
8. Курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекеменин объектине талдоо жүргүзүүдө объекттин жайгашкан жерин, номерлеринин фондун, жата турган жерлеринин санын, жашоо үчүн канча төлөнө тургандыгын, иштин сезонун, банкет өткөрүүнүн наркын, конференц залдар, кошумча көрсөтүлө турган кызматтарды (дарылоо процедуралары, суу аттракциондору, скутер, катамаран, парашют ж.б.) жана кышкы кызматтарды көрсөтүүнү (көтөргүч, лыжа жабдыктарынын прокаты) эске алуу керек.
Мында ушул Тартиптин 14-пунктунда чагылдырылган маалыматтар болсо, арызга STI-118 формасын тиркөө зарыл.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Коомдук тамактануу жана курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелери үчүн салык милдеттенмесинин суммасы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат, эгерде субъект:
а) КНС төлөөчүсү болбосо:
- сатуу салыгы = (Т * 3% сатуу салыгы) / 1,03;
- пайда салыгы = (Т - сатуу салыгы) * Р * 10% пайда салыгы;
б) КНС төлөөчүсү болсо:
- сатуу салыгы = (Т * 2% сатуу салыгы) / 1,14;
- КНС = (Т * 12% КНС) / 1,14 / 4;
- пайда салыгы = (Т - сатуу салыгы - КНС) * Р * 10% пайда салыгы.
мында:
Т - товар жүгүртүү;
Р - рентабелдүүлүк (операциялык иштен рентабелдүүлүк).
10. Ишкердиктин субъектисинин экономикалык ишин талдоонун жыйынтыгы менен салык органы контракт боюнча салык милдеттенмесинин суммасын аныктоо үчүн төлөнгөн салыктардын эң чоң суммасын тандап алуусу зарыл.
11. Эгерде салык постунун жыйынтыгы боюнча маалыматтар отчеттук маалыматтардын суммасынан аз болсо, анда салык контрактын түзүү үчүн ишкердиктин субъектиси менен макулдашуу аркылуу тийиштүү мезгил үчүн отчеттук маалыматтар боюнча эң жогорку көрсөткүч колдонулат.
12. Контракт колдонулуп жаткан мезгилде салык базасынын өзгөрүлгөндүгү тууралуу документ менен ырасталган фактылар болгон учурда, контракт боюнча салык милдеттенмесинин суммасын аныктоо үчүн төмөнкүлөр керек:
- коомдук тамактануунун субъекттерине жана курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелерине карата салык постун орнотуу;
- ишинин башка түрлөрүн текшерип көрүү.
Жогоруда аталган материалдар салык органы тарабынан контракт боюнча салык милдеттенмелеринин суммасын кайра карап чыгууга контракттарды кароо жана макулдашуу боюнча тийиштүү комиссияга киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органына берилет.
13. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14. Турак жай куруучулары үчүн салык милдеттенмесинин суммасы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 370-беренесинин талаптарына ылайык аныкталат.
15. Үлүштүк катышуу менен объект курулган учурда, контракт боюнча салыктарды төлөө милдети турак жай курулмасынын жалпы объекти боюнча турак жай куруучусуна жүктөлөт, мында салык милдеттенмесинин суммасы турак-жайлардын жалпы сатылуучу аянты боюнча аныкталат.
16. Турак жай курулуш объектисинин салык милдеттенмелерин аныктоодо 1 чарчы метр үчүн наркын, объекттин жайгашкан жерин жана сатылган батирлердин санын эске алуу зарыл.
Жогоруда аталган маалыматтар арыздын STI-141 формасына тиркелет.
3. Контракттын негизинде режимди колдонуу же колдонуудан баш тартуу мүмкүндүгү жөнүндө чечим
17. Ишкердиктин субъектиси контракттын негизиндеги режимди колдонуу мүмкүндүгү же аны колдонуудан жүйөлүү баш тартуу жөнүндө чечим салык органы тарабынан ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык STI-120 формасы боюнча арыз берилген күндөн кийинки күндөн тартып 15 күндүн ичинде чыгарылат.
18. Турак жай куруучусу менен контракттын негизинде режимди колдонуу мүмкүндүгүнөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
1) контракттын колдонуу мөөнөтү объектти пайдаланууга берүү күнүнөн ашса;
2) жалпы салык режиминде салык милдеттенмесинин суммасынын жана контракт боюнча белгиленген сумманын айырмасы төмөнкү эсептерге ылайык 50 пайыздан ашык болсо.
(Болжолдуу эсеп)
Контракт боюнча жана жалпы режимдеги салыктардын суммасынын салыштырма таблицасы
Турак жайлардын сатылган аянты (чарчы м) | Контракт б-ча сумма (гр. 1 х 1,2 х 900 сом) (миң сом) | Сатуу наркы 1 чарчы м (800$ x 700) | Жалпы режимдеги салык милдеттенмесинин суммасын эсептөө | Айырмасы | ||||
Түшкөн акча (гр. 1 х гр. 3) (миң сом) | Сатуу салыгы (гр. 4 / 1,02 x 2%) | Пайда салыгы (гр. 4 - гр. 5) / 1,2 х 20% х 10%, каякта (рент. 20%) | Бардыгы (миң сом) | (+; -) (гр. 2 - гр. 7) | % | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
7000 | 7560,0 | 56,0 | 392000,0 | 7686,3 | 6405,3 | 14091,5 | -6531,5 | 53,6 |
19. Ишкердик субъектиси салык органы менен контракттын негизиндеги режимди колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу боюнча ишкердик субъект менен контракт түзүлөт.
20. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан контрактты кароо жана макулдашуу боюнча комиссия түзүлөт.
21. Комиссиянын курамы жана иш регламенти ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен аныкталат.
22. Комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан салык органынын дарегине салык контрактын макулдашуу же макулдашуудан баш тартуу тууралуу тиешелүү кат жиберилет. Салык контрактынын бланктарында макулдашылган учурда ыйгарым укуктуу салык органынын төрагасынын тейлөөчү орун басары контрактка кол коюп, мөөр менен күбөлөндүрөт.
23. Турак эмес жайларга (ишкердиктин объекттерине) ижара келишими жоюлганда, бузулганда жана объекттин багыты кайра өзгөрүлгөн учурда ишкердиктин субъектиси тарабынан контрактты бузуу жөнүндө салык органына тийиштүү арыз берилет.
24. Салык органы тарабынан 3 жумушчу күндүн ичинде объект текшерилет, анда салыктык контролдоонун актысы жана/же текшерүү актысы түзүлүп, фото-видеого тартылат, ижара келишиминин көчүрмөсү алынат, жаңы ээси же ижарачысы аныкталат жана болгон материалдар контрактты бузуу мүмкүндүгү жөнүндө андан ары кароо үчүн ыйгарым укуктуу салык органына жөнөтүлөт.
25. Салыктык контролдоонун жүрүшүндө салык кызматынын органы контрактта каралган шарттарга ылайык келбеген салык салынуучу базанын өзгөрүүлөрүн аныктаган учурда (турак-жайдын аянты, жайкы аянтчалардын жана/же кышкы залдын аянты, орундуктардын саны, сезондугу жана иштөө режими өзгөргөн учурда, контрактка киргизилбеген кошумча кызматтар көрсөтүлсө, объекттин жайгашкан жери, орнотулган салык постунун жыйынтыгы боюнча натыйжалары өзгөргөндүгү) түзүлгөн контракт бузулууга тийиш.
251. Субъекттин айдын 15инен кийинки күндөн кийин берилген контрактты бузуу жөнүндө арызы салык органы тарабынан каралбайт жана ушул айдагы контракт боюнча салык милдеттенмелери толугу менен төлөнүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Салык контрактын кайра түзүү
26. Турак-жай куруучуларды кошпогондо, кийинки салык мезгили үчүн контрактты кайра түзүүгө ниеттенген ишкердиктин субъекти салык контрактынын негизинде салык төлөөчү катары контрактты кайра түзүүгө чейинки жылдын 1-ноябрынан кийинки күнүнөн кечиктирбестен салык органына арыз берүүгө милдеттүү, мында салык милдеттенмесинин суммасы мурдагы календардык жылдын салык милдеттенмесинин суммасынын 10 пайызынан ашкан өлчөмдө кабыл алынат.
27. Салык салынуучу база өзгөргөн учурда коомдук тамактануунун субъекттери жана курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелери ошол эле мезгилге кайра контракт түзүү үчүн арыз берүү аркылуу салык органына кабарлоого милдеттүү, мында салык милдеттенмесинин суммасы салык постунун натыйжаларынын негизинде аныкталат.
28. Турак жай куруучулары үчүн контрактты кайра түзүү турак жайлардын аянты өзгөрүлгөн учурда жүргүзүлөт, анда контракттын колдонуу мөөнөтү баштапкы контракт түзүлгөн айдан кийин катар келген 36 айдан ашпоого тийиш. Ошол эле учурда салык милдеттенмесинин мурда көрсөтүлгөн суммасы контрактты кайра түзүү жөнүндө арыз берилген күнгө чейин өзгөрүүсүз калат.
29. Салык органы контрактты кайра түзүү жөнүндө арызды алгандан кийин объектти текшерүүгө жана/же тийиштүү салыктык контролдоого милдеттүү, андан кийин болгон материалдарды контрактты кайра түзүү мүмкүндүгүн андан ары кароо үчүн ыйгарым укуктуу салык органына жибериши керек.
30. Ыйгарым укуктуу салык органы салык органы тарабынан берилген документтердин негизинде тиешелүү материалдарды иликтеп чыгат жана салык контрактын кайра түзүүнү кароонун натыйжалары жөнүндө жазуу жүзүндө салык органына кабарлайт.
5. Салык контрактын токтото туруу
31. Ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан же ишкердиктин объектисин (соода же кызмат көрсөтүү түйүнүн) капиталдык оңдоого байланыштуу ишти токтоткон учурда, ишкердиктин субъектиси контрактты колдонууну белгилүү бир мезгилге токтото туруу жөнүндө салык органына тиешелүү арыз берүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Салык органы арыз берилген учурдан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде объектини текшерет, салыктык контролдоо актысы жана/же текшерүү актысы түзүлөт, фото-видеого тартылат жана контрактты колдонууну белгилүү бир мезгилге токтото туруу мүмкүндүгүн андан ары кароо үчүн бардык материалдар ыйгарым укуктуу салык органына жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Салык органы берген материалдарды ыйгарым укуктуу салык органы карап чыгат жана кароонун жыйынтыгы боюнча салык органына контрактты колдонууну токтото турууга макулдугу же макул болуудан баш тартуусу жөнүндө тиешелүү жообун жиберет (мында контрактты колдонууну токтото туруу мезгили жана контракт боюнча салык милдеттенмесинин азайтылуучу суммасы көрсөтүлөт).
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
34. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
35. Салык органы 3 жумуш күндүн ичинде ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык STI-119 формасы боюнча контрактты токтото туруу жөнүндө чечимди чыгарууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
351. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сыртка ташып чыгуу жана/же жеткирүү жолу менен иш жүргүзгөн субъект салыктык контрактты колдонууну токтото туруу мезгилинде товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн пайданын суммасын Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык эсептөөгө жана салык төлөөгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
352. Субъекттин айдын 15инен кийинки күндөн кийин (ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон мезгилден тышкары) берилген контрактты колдонууну токтото туруу жөнүндө арызы салык органы тарабынан каралбайт жана ушул айдагы контракт боюнча салык милдеттенмелери толугу менен төлөнүүгө тийиш.